Күрүч

(Вьетнам жомогу)

Илгери-илгери байыркы өткөн заманда күрүч жок экен, андыктан адам баласы кыйналып жашаптыр. Адамдар кара терге түшүп канча иштесе деле тапканы жук болбоптур. Адам баласы ушунча кыйналып аткандан кийин жан-жаныбарлар, курт-кумурска сыяктуу байкуштар жөнүндө эмне дейсиң?

Ошондо Жараткан Теңир жердин бетине көз салып адамдар да, жан-жаныбарлар да кыйналып атканын көрүп аларга боору ооруган экен. Кантип буларга жардам берсем деп кечке ойлонуптур. Ойлонуп-ойлонуп акыры жер бетине күрүч жаратып берейин деген чечимге келиптир. Бирок жан-жаныбарлардын баары жей алгыдай кылып жасаш үчүн чоң кылыш керекпи, кичине кылыш керекпи, ошону билбептир. Анан Теңир жерде жашаган тирүү жандардын баарын чакырып алып өздөрүнөн сурап көрөйүн деген экен.

Теңир дарбазасын ачканда пил менен ажыдаар баштаган чоңдорунан баштап кумурскадай кыбырагандарына чейин биринен сала бири кирип келет. Баары чогулганда Жараткан Теңир кеңеш сураптыр. Адегенде пил айтат:

– Күрүч дегенди мендей чоң кылып жасаш керек.

Анда арстан менен жолборс туруп айтат:

– Жок, ал чоң болуп калат, биздей кылып жасаш керек.

Аюу айтат:

– Аныңар туура дечи, бирок мендей болсо болот эле.

Жараткан Теңир кимисин угаарын билбей турганда кумурска айтат:

– Күрүчтүн чоңдугун мендей эле кылып жасаса туура болот го дейм. Пил байкедей чоң болсо мендей кичинекейлер аны жей албай калат да. Анын үстүнө күрүч өтө чоң болсо жан-жаныбарлар, адамдар ага бат эле тоюп, иштегиси келбей, баары жалкоо болуп калышат. Теңирим бизди жалкоо кылыш үчүн күрүч жасаганы жаткан жок да. Ошон үчүн күрүчтү мендей кичинекей кылып жасаш керек, ошондо  баарыбыз эмгектенип, бири-бирибизге жардам беребиз. Көп иштесең – көп аласың, аз иштесең – аз аласың.

Теңирге кумурсканын сөзү жагып калат.

– Мындан ары баарыңар иштеп, бири-бириңерге жардам бересиңер. Адамдар мындан ары күрүч менен иштеп, өз күрүчүн өздөрү табышат, жалкоолору ачка калышат, – дейт ал.

Ошондон тартып адамдар күрүч өстүрүп иштеп калышыптыр.

Кыргызчалаган Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

One thought on “Күрүч

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.