Сөз дайра. 3.08.2011

(Уландысы. Башы)

“Акыркы кездери “Азаттык” радиосу “даража” деген сөздү аба ырайын өлчөй турган түшүнүккө айлантып алды” деп доомат койгон угармандарыбыз да жок эмес.

Чын эле, “даража” деген сөз “Азаттыктын” уктурууларында туура эмес колдонулуп келгендиги анык. Бул катачылык редакцияга жаңы жетекчиликтин келиши менен оңдолгондугун билдире кетмекчибиз. Анда “Сөз дайраны” да дал ушул “даража” деген сөздүн маанисинен баштайлы.

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө “даража” сөзүнүн 1-мааниси – атак, кадыр-барк, мартаба дегенди билдирет.

Мисалы: “Жамыйла” повести менен Чыңгыз Айтматовдун даражасы дагы көтөрүлдү” же “Анын эл алдындагы даражасы чоң”.

2-мааниси, илим жаатында. М: “Анын “тарых илимдеринин доктору” деген илимий даражасы бар”.

3-мааниси: даража – деңгээл, чек, категория, нерсенин деңгээлин туюндура турган чен, өлчөм, баскыч.

Мисалы: “Сулайманов 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды” же “Аны адам кылып окутуп, кызмат берип, ушул даражага жеткирген совет өкмөтү болгон”.

Дагы бир мааниси, даража математикада колдонулат.

Ал эми “градус” деген сөз “Кыргыз тилинин сөздүгүндө, 1-мааниси – “тегеректин 1 бүтүн миңден 360 бөлүгүнө барабар болгон тең бурчтарды өлчөө бирдиги” деп жазылып турса,

2-мааниси- “абанын, суунун жа адамдын денесинин температурасын өлчөө бирдиги” деп жазылып турат.

Мисалы: “Күндүн ысыгы 50 градустан ашып кетти”.

Демек эне тилибизге башка тилдерден кирип, тил мыйзамына ылайык өздөштүрүлүп же өздөштүрүлбөй туруп деле төл сөзүбүзгө айланып, калкка сиңип кеткен сөздөрдү обужок “жаңылай” берүүнүн эч кандай зарылдыгы да, пайдасы да жок деп айтсак болот. Ошондуктан “градус” дегенди “градус” деп эле колдонуу ылайык..

Аким – арабча хаким. Адегендеги мааниси ойчул, философ дегенди түшүндүрсө, кийин ак сөөктөрдүн диний иш башкаруучусу (атайын дайындалган же шайланган) дегенди түшүндүрүп калган.

Кыргыздарга аким деген түшүнүк Кокон хандыгынын тушунда, административдик аймактын башында турган адамдын кызмат абалын түшүндүрүү менен кошо кирген. “Аким” деген сөздү кыргыздарга ислам дини киргенге чейин эле айтылып келген “Манаска” да кийинки манасчылар кошуп жиберген.

Аят – жердин аты. Манасчы Сагымбай Орозбаковдо:

Азаптын журту чөлдө бар,
Аяттын журту көлдө бар,
-деген саптар бар.

Аяттын Кара-Суусу деп койот, жээгине жекен, камыш өскөн суулуу жерди ушинтип атаган.

Аяттын дагы бир мааниси – Курандын бир куплет ыры, сүрөөсү, же бир главасы.

Аяттын 3-мааниси – купуя сыр дегенди туюндурат.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 03.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.