Кирпи болуп уяма Ким келсе сайгым

Жыпара Арыкова – биз менен бир чыгармачыл муундан чыккандардын бири. Ал 1994-жылы Табылды Муканов атындагы республика аралык жаш акындар сынагынын лауреаты деп табылып, өз муундаштарынын сабында көзгө эрте көрүнгөн эле. Кийин парламенттин басмасөз бөлүмүндө иштеп жүргөндө ага укуругу узун үч тамга органы “өлкөнүн шпиону” деген жарлык тагып, абакка түшкөнү атпай-журт эсинде. Мамлекеттин жашыруун сырын сыртка ташыгандардан башкалар калбагансып, чыканактай ушул кыз “кылтакка” илинип, жабыр тартып канча мөөнөт темир тор ичинде телмирди! Бирок, капаска түшкөн чымчыктын тили буулуп калбагандай эле акын жүрөгү темир тор ичинде бары бир эркин куштай өз ырын сайрап, күндөлүк турмушту чиймелей жүрүптүр. Ошондогу жансырын “Айаттын” окурмандары менен бөлүшкүсү келген Жыпардын андазалары алдыңыздарда…

Колумдагы темир кишендин муздагы, салмагы алиге эсимде турат. Албетте ал жактагы жашоо күндөлүгүмдүн барактарын ачуу мен үчүн оор. Бирок… Жазыш керек…

Чыныгы темир тор артындагы 11 айлык жашоо бул оперлердин сөзү менен айтканда “бейиш”. “Сен СИЗО-1ге караганда бейишке туш болдуң, бактың тоодой” дешти алар алып киргенде эле. Анда ошол “бейиш” жашоо тууралуу сөз болсун.

Түрмөнү мен кинодон көрчүмүн, тергөөчү “алып кеткиле” дегенде түнкү саат билбейм, кайсы убак, бирок, түн ортосунан ооп калган мезгил. Калдайган оор темир ачылып, мен конвойдун кароолунда бараттым, колум артымда. Тепкичтер менен ылдый түшүп, түшүнүксүз коридорлор аркылуу алып келишти. Узун отургучтан башка эч нерсе жок бөлмөгө киргизип аял конвой “чечин” деди, энеден туума кылып чечиндирип, болгон жылчыктарыңды шыкаалады. Анан туурасы эки метр, узуну 2,5 метр келген камерага киргизип, союз заманынан бери келе жаткан кир матрац менен кара одеяланы темир керебеттин үстүнө таштап, шалдыраган чоң ачкычтары менен жарым ичке темир эшикти темир тору менен кошо бекитип кетишти.

Көргөн көзүмө, уккан кулагыма ишенбей дендароо абалда көпкө отурдум, анан мунун бардыгы түш эмес чындык экенине акылым жетпей турду. Мээм өзүмдүкү эмес, эч сезими жок адамдай отурдум. Ошентип эс-мас абалда таңдын атышы кыйын болду. Жай аптабындагы түндүн кыскалыгы да узарды мен үчүн. Конвой аял улам “кормушкадан” (кийин билдим ал тешиктин аталышын) башын салып “эй, акылсыз ойлор келген жокпу, уктаганга аракет кыл”- дейт. Кайдагы уйку?

Тоо чокусун сур булут каптап неге?
Толкун уруп кыйрады аппак кеме.
Торго түшкөн чымындай болуп тагдыр,
Томогону салган күн аптап эле.

Аптап эле алтынчы ай жаңырган,
Аянычтуу кайышты тал кабыргам.
Алтынындай аярлап аздектеген,
Апакем ай, сынды го, жан табылгаң.

дедим дагы сызылдым сыбызгыдай,
кыйылгансыйт кырдагы кымыздык ай.
Кыя жолдо кыйшайып барат тагдыр,
Кыян алып дүйнөмдү кылым сыздай.

Муздак темир колума өтүп турду,
Муңайым көз нурларым өчүп турду.
Муштум толо ачуумду мыкчып алып,
Муунум бошоп жер бүтүн көчүп турду.

Турмуш ушундай таш боорбу?.. Эмне үчүн биз жашайбыз, каякка баратабыз? Эч ким билбейт. Ушундай “демократиялуу” өлкөдө ачка болсоң да, ток болсоң да тынч унчукпай жашашың керек. Мындай түзүлгөн жашоого моюн сунуш керек. Тагдыр бизди байкабай калыш үчүн да акырын жашашыбыз керек окшойт. Биз, эркиндик менен сулуулуктун баасын билбей жүргөнүбүз үчүн күнөөлүбүз. Жадакалса сүйүүнү да көтөрүмдүү, чыдамкай адамдардан издешибиз керек. Тынч, кудай берген сууну ичип, буйруктуу кепеңдин бурчунда эч кимге тийишпей жашаганың олжо. Телефонуңдагы суранычтарга жооп бербей койсоң да болбойт экен, боорукерлигиң башыңа тийет. Көрсө ар бир звоноктун артында “атайын операциялар” бар экенин кайдан билесиң. Көзүң ачык эмес да. Биз ар убак тереңдеп кетчү сезимдерден коркобуз. Бирок жашоодо башыңа мүшкүл иш салган андан да чоң кырсыктар бар экен. Кудай башкаларды ошондон сактасын. Душманыңа да каалай турган нерсе эмес.

“Саткынчы” болдум тагдыр тутамында,
Саргайдым санаалардын кучагында.
Сабалап кулап түшүп көктөн ылдый,
Салбырап турам зындан бутагында.

Туңгуюктуу кайгыга басылган бул камакта канча күн, канча убакыт отурарым мага белгисиз. Акыйкаттык жеңип, мен мекен чыккынчысы эместигимди далилдей турган күн бар экенине ишенем. Мен катаал азап-кайгыга көнгөм, менин жашоом эң азаптуу курмандыктын кучагында калганын билем. Башкалардын көзүнө бактысыз көрүнсөм да, эч нерсеге карабастан бардык адамдардан эң бактылуумун деп сезем өзүмдү.

Урматтуу, менин досум же душманым!

Бийлик менен байлык, жашоонун бардык кубанычтары силер менен, силер үчүн ар дайым күн тийип турат, силер болуп көрбөгөн кадыр баркыңарды жана бөлүнгүс бакытыңарды пайдаланып карапайым адамдардын жашоосу жөнүндө унуткансыңар. Мейли ошондой эле болсун. Бирок, силердин алдыңарда же үстүңөрдө кимдир бирөө бар экенин унутпагыла! Адамдар адилетсиз, зөөкүр, көр сокур болуп турганда Теңирдин улуу сөзүн айтууга туурадыр

“Куугунтук жегендер, ыйлагандар жана эмгекке жанын бергендер бактылуу, алар бейишке чыгат”. Зындандагы үчүнчү күн.

Бүгүн башкы прокуратурадан “камакка алынсын” деген санкция беришти. Тергөөчү айткандай “начальствонун буйругу” …

Даарат кагазынын бетине жазылган саптар.

Көл эңсеп барып толкунду көрсөң,
Көксөгөн менден салам айт.
Көктөмдөй балам, көз жаштуу энем,
Көйкөлгөн жерим, өзүңө жалгыз аманат.

Туз жыттуу туулган жериме барсаң,
Тумарлап менден салам айт,
Турмушу эшек араба болгон,
Туугандар жүрсүн саламат.

Жарылып үйү, жаралуу болгон,
Жандарга менден салам айт.
Жашооңо апа, кудайым жөлөк,
Жардамга сага менчелик эч ким жарабайт.

Томсоруп турган тоолорду көрсөң,
Тор кушу менден салам айт.
Томуктай кыздын тагдыры үчүн,
Толгонуп жаның канабайт.

Сайраган куштун эшитсең үнүн,
Саламым айткан сагынып.
Сабалап учпай кайрылды канат,
Саргайдым торго кабылып.

Төшүңө тамса жамгырлуу тамчы,
Төгүлгөн мендик арманым.
Төрөлбөй койбой, не болдум чиркин,
Төөнөлүп муңга кан-жаным.

Алтынын алып, тоолорун саткан,
Далайлар жүрөт эркиндеп,
Акыйкат жалгыз теңирден болор,
Ак жолдо турган эрким бек!

21-июнь, 2007-жыл УККнын сизосу

Азап-кайгы бул жөн эле сөз эмес, урматтуу “бактылуулар”! Кайгы-бул жакырчылык, аны мен көчө балдарын көрүп туруп туям. Бул алар калчылдап тоңгон муздактык, бул алар татып жаткан ачкачылык, бул алар көкүрөгүнө сыйдырып катып жүргөн басынуу, бул онтогон оору, бул алар аргасыздан жасаган уурулук, кылмыш, камак. Бул өлүмдөн да катуу уят. Ушунун бардыгын ойлоп чынымдагы ууну жуткансыдым. Жашоо бүтүндөй коркунучтан турат. Түз жол каякта экенин билбейсиң. Биздин негизги милдетибиз эмнеде? Бизге жакын адамдарга кам көрүүдөбү? Же бардык адамдарга болгон камкордуктабы? Мамлекет деген чоң үй-бүлө үчүн кичине үй-бүлөңдү таштай турса болобу? Буга ким жооп берет, жообу барбы?..

Кайгы бул сурак. Соттун айыпкерди кыйнап сураган сурагындай эмес, абийир соту андан күчтүү. Абийир сотунан ар бирибиз коркушубуз керек.

Сүйүүсүз нике, боордоштугу жок үй-бүлө, абийирсиз байлык, акылсыз сулуулук, акыйкатсыз тергөө, тең салмаксыз тартип, аң-сезимсиз күч, укуксуз бийлик, жарыгы жок шоола. Ушул да жашообу?.

Урматтуу досум, мен табышмактуу тагдырымдын сырын билем, анын жандырмагын таап турам. Мага Теңирден тапшырма берилген. Мен кедейлердин лорду болушум керек. Мен ушул милдетти аткарыш үчүн бул тордон чыгышым керек. Кедейлер, оорулуулар, жетимдер үчүн эркиндикке чыгуум зарыл. Мен чыгам. Кудай жардам берет. Жашоодогу боорукер адамдарды Теңирим өзү жиберет мага. Алар жардам берет. Мен ушуга ишенем…

“Кызым” деген атамдын угуп үнүн,
Кайнап турган арманга муунуп ийдим.
Кыйбастарым кыйылып жуткансыдым,
Кылкылдаган кымыздай ууну бүгүн.

Көрүп апке көз жаштын тамчыларын,
Кайберендей ок жеген кансырадым.
Көчөмдөгү майрамга жеткирбестен,
Көктөм болгон жаштыкты кайчылады.

Угуп сиңдим жаныңдын сыздаганын,
Уу жуткансып уюлгуйт бүт тарабым.
Узун жолум көксөгөн бакыт күтүп,
Уучунда сыноонун кыскарабы?..
Сүйүп жатып жүзүнөн Нур баламдын,
Сүтүм агып жаткансып туйлап алдым.
Сүйлөй албай тиктеген каректери,
Дегенсиди “мамалап” ыйлабагын.

Ак шапкечен абаке, сен да ыйладың,
Антип бошоп суранам кылгырбагын.
Араң турам жер жарып салуучудай,
Арман кылгым келбейт бүт ырдын барын.

Эжекем ай, көздөрү шишип бүткөн,
Эртели кеч мен элем кишиң күткөн.
Тууң болуп сайылып чындык үчүн,
Тууган жерге кайрылам, үмүт үзбө.

Көздөр тиктейт ачууга толуп кеткен,
Көңүлдөрү көк муздай тоңуп бүткөн.
Көрбөй койбой не болдум бул көздөрдү,
Көкүрөктү бычаксыз оюп кескен.

Каректерим тумандай түштү дагы,
Кайраттанган кайрылды бүт кыялым.
Калыстыкты карайлап таба албаган,
Канча күндөр күтүүдөн бүттү жаным.

Кимден угам жакшы сөз, кимге ишенем?
Кичкинтайлап ким болгон киндик энем?
Кирпи болуп уяма кирип алып,
Ким келсе сайгым бар ийне менен!

Чындык алсыз чыркырап турган кезде,
Чыккынчы деп ачуу тил урган кезде.
Чырак болуп жанам дейм үмүт байлап,
Чыга албаган тор чулгап курган кезде.

Шоолаланган үмүттөр жалган дары,
Шорго айланды өмүрдүн калган даамы.
Шоокумунан айланып таңкы күндүн,
Шолоктоду жообу жок армандарым.

Акыйкатты акыры табарым чын,
Ак ийилип сынбастан каларым чын.
Апакелеп алдыңдан тосуп алып,
Ак таңдагы күнүңдөй жанарым чын.

Мага өтө оор болгон минутада энекем жөнүндө ойлонгонго аракет кылам. Ушул жөнөкөй эле аракет мага дем-күч берет. Менин энекемдей күчтүү, тайманбас адам жоктур. Бүгүн, эртең, ар убак менин ойлорум айланып апакеме келет. Апамдын көз жашы, анын уйкусуз түндөрү көз алдымда. Эне-баланын ортосун зындан тосуп турса да, биз бири-бирибизди көрө албасак да жүрөгүбүз бир кагып турат. “Кудай эшикти жаап жатып, терезени ачык калтырат” деген бекер кеп эмес. Демек, бул азаптын түйүнүн чечээр күн да жакын жерде. Ошентип кайрадан мага күн тийип, булуттар тарайт…

Жамгыр тынбай жаай бербейт, билемин,
Жашоо бүтүн кайгы эместир бул өмүр.
Жарыгымды жандырар бир үмүтүм,
Жаным апа, сенсиң жалгыз тилегим.

Толкуну күч көл да тынчыйт бир убак,
Тоону басып, кырды ашарбыз кыбырап.
Тор кушундай томсоргон бул күндөрүм,
Тоом жолдо калаары чын кыбырап.

Бороон дагы боздоп барып басылат,
Боз тумандар тарайт күн да ачылат.
Боорумдагы чаң күбүлөт кейибе,
Боорсок бышып, той дасмалы чачылат.

Тарайт булут каптап турган карарып,
Талаа гүлдөйт таранчылар таранып.
Тагдырдагы айыгаттыр бул жара,
Тагы калбай тамыры бүт агарып.

Сагынычтан саргайса да бүт денем,
Сабыр кылам кайгы жоктур бүтпөгөн.
Санааларга алдырбагын энеке,
Сары алтындай саат келет күтпөгөн.
Күйүтүм күлү көккө сапырылган,
Күлүк ой күндү санайт такым урган.
Күткөн күч-кудуретим акыйкаттык,
Күн зарлаган тилектин аты Ыйман!

Мен ысыкты, ачкачылыкты, жамгырды, шамалды алтургай чаңкоону да сезбей жатам. Качан сага оор болгондо, кырдаалдан чыга турган тешик издеп жатканда дем алуу, аба жутуу бардыгынан маанилүү болот экен. Бир гана дем алуу… анан өзүмө өзүм сүйлөдүм. “Мен азырынча тирүүмүн”. Ушунчалык тыптынч. Ар бирибиз өз камерабызда ойлонуп жатабыз. Анда санда чыккан суунун шары, кадамдардын дабышы болбосо башка ашыкча үн жок, жымжырт. Сезип турам, бардыгы мен сыяктуу эле уктабай, үйүндөгүлөрүн, эртеңки күнүн, өткөн жашоосун ойлоп жатат. Эркиндикте жүргөндө жетпеген убакыт, бул жерден өтпөйт. Саат, убакыт ушунчалык узун сезилет, же таң атпайт. Анан жаза баштайсың, жазганда алаксыйсың, жеңилдейсиң. Анан ар кандай кыялдар менен ойлорго алаксыйсың.

Мен эркиндикти эңсеп сыртка чыгаарымда кулагыма суук кабар айтышты. Эң жакшы көргөн абам Шамшыбек “Жыпашым!” деп саргайып күтүп жатып 55 жаш курагында 2008-жылы 6-майда бул жалган дүйнөнүн запкысына тоюп кете берди. Мен СИЗОдон 8-майда чыктым. Күтүүнүн күчү эки күнгө жетпей калды чиркин. Асылган оору алып кетти аны. Мени күтүп, менин төрүмдө жатып, акыркы минутасында үйүнө жетип узаптыр. Сот имараттын жанында ак шапке кийип алып карегинде жашын кылгыртып мени карап солкулдап турганы гана көз алдымда калды. Көз алдымда…

Калдайган тоодой карааның
кайда жоголду,
Кайгыга салып жаптырдың
эрте корооңду.
Кан жутуп жатып карайлап
мага зар бойдон,
Кара жер жыттап, топого
барып орондуң.

Үйүңө барсам алдымдан эми ким тосот?
Үйрүлүп түшчү калды го
майрам үй бошоп.
Үшүдү бары, үшүдү алма-өрүгүң,
Үшкүрүк менен үйүңдөн
чыгат муң-кошок.

Дартыңа даба табайын деген үмүтүм,
Дайнымды мынча таптырбай
келген күнү-түн.
Далымдан сылап, Жыпашым,
деген үндү укпай,
Далдырап турам, түрмөдөн
чыкпай күйүтүм.

Ийилбейт деген ийигиң сынды кантейин,
Ишенбей “жок” деп жанчылып турат жан терим.
Изиңди таппай ийрилип турат ичегим,
Издешет баары, ууктай уулуң, ай периң…

Адамдан кайсы бир кыялын унут деш мүмкүнбү? Чыныгы жашоодо эч качан ишке ашыра албас кыялың? Мен көзүмдү жуумп алып кыялданып жатам. Кыялымда сени ойлодум, бардык жерде, алтургай түрмөдө да мени менен бирге жүрөсүң.

Күндөлүгүмдүн көпчүлүк бети орусча жазылган. Которгум келбеди.

В эти дни, дни самые тяжелые моей жизни вспоминая о маме, об отце, о ребенке вместе с ними я думала о тебе. Я уже осознала, что больше не принадлежу себе, что все мои мысли, чувства, стремления, все помысли мои и надежды неразрывно связано с одним человеком, этот человек ты! Наша короткая судьба завтра, послезавтра, через год мне будет казаться, что это было во сне. Я не смогу поверить, что я тебя видела, и касалась тебя, говорила с тобой. Уйти, молчать годами, и ни разу не подумать о тебе, смогу ли я так?

Кучагыңа кумарлуу кыстың дагы,
Кубаладың койнумда кыштын заарын.
Кулаганда төшүңө наз өмүрүм,
Куюн болуп алыстап сыздың жаным.

Жазгы гүлдөй жайнадым, жыттабадың,
Жалооруду бүт денем туш тарабым.
Жараладың мени эмес өзүңдү-өзүң,
Жашырынып, жан биргем сыздап алдың.

Үшүп турдуң үшүтүп коюп мени,
Үшкүрүккө үмүтсүз толуп демиң,
Аттиң, неге аядың, үзүп албай,
Айыкпаган жанымды оорутпа эми.

Сездим неге сыздаган жүрөгүңдү,
Сел алгансыйт сенделтип бир өңүрдү.
Себелеген жамгырдай үмүт болуп,
Жаадың жаным жаңыртып кир өмүрдү.

Жаадың дагы жарамды ачыштырдың,
Жапан куштай жалкыган качып турдуң.
Жаагым ылдый кулаган шорду жутуп,
Жазмыш тагдыр жазасын татып турдум.

Кумарланып кулакка куш ырдаган,
Кубандырат ошол күн, ушул дабам.
Кутулуудан жол издеп кайда кеттиң,
Кучагымды жылыткан жытың кана?

Жонуң ылдый төгүлдүм тамчыладым,
Жолуң менсиз жарыкпы, айтчы жаным?
Жоголсок да жолукпай бул өмүрдөн,
Жомокко окшош сезимдин дарты калды.

Безеленип бир куштун сайраганы ай,
Бекем тордун ичинде кайнаганым.
Бет алдымды бекитти белгисиздик,
Бешенге аттиң ай, айла барбы?

Мен азыр баладай алсыз, коргоосузмун. Түрмөдөгү азаптуу күндөрү менин жүзүмдөгү күлкү, жылмаюу изи жок, жоголду. Жашоо ушундай экен, бирөө атак-даңк издесе, бирөө алтын, дагы бирөө сүйүү, кээси кудайды издейт. Мен болсо өзүмдү издеп жатам, чындыкты, эркиндикти издейм. Качандыр бир кезде ким менин китебимдин окурманы болсо ошолорго мына мындай кол тамга жазып берем:

” Мен абдан бактылуу жашоону жашап өттүм. Менин курагымдагы миллиондогон адамдарга караганда мен жолдуу экенмин. Мен көп азап чектим, бирок жөнөкөй адамдар көрбөгөн көп нерсени баштан кечирип, сезип, жашап көрдүм. Мен бактылуумун. Жыпара Арыкова

(Уландысы бар…)

“Айат-пресс” (12-февраль 2009-жыл)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.