Москвада Кыргызстандын фотосүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Москвада Кыргызстандан Рена Эффенди тарткан документалдуу фотосүрөттөрдүн “Бакыт үйү” деген көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында Америкалык “Русский Newsweek” журналынын 17-февралдагы санындагы орусча версиясы билдирет.

Басылманын маалыматына караганда, журналист Р. Эффенди Ошко үч күндүк иш сапарынын жүрүшүндө кыз ала качуу жөнүндө фотосүрөттөрдүн сериясын тарткан. Ал ошол эле мезгилде бир нече кыздар, баңгилер менен жолугушуп алардын тарыхын жазып алган.

Басылма билдиргендей, “Бакыт үйү” фотосүрөттөрүнүн сериясы “Marie Claire” француз журналына багышталган. Макаланын сүрөтү жана тексти жарыялангандан кийин Кыргызстандын коомунда зор пикир туудурду. Материал “Өтө кечиримсиз” катары мүнөздөлдү.

Бардык сүрөттөр Оштун карапайым калкынын турмушунан кокусунан жолуккан көз ирмемде тартылып алынган.

“КАБАР”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.