С.Курманова: Кризистик борборго кайрылгандардын дээрлик 40 пайызы көп аял алуучулуктан жабыркашкандар болуп саналат

“Сезим” кризистик борборуна кайрылгандардын дээрлик 40 пайызы көп аял алуучулуктан жабыркашкандар болуп саналат. Буга караганда акыркы 5 жылдан бери Кыргызстанда көп аял алгандардын саны өсүүдө. Мындай маалыматты аталган борбордун менеджери Сүйүн Курманова билдирди.

Анын айтуусунда, бул маселени ички жана сырткы миграция да кыйындатууда. “Алсак, бизге кайрылган бир аялдын күйөөсү Россияга акча тапканы кетип, аздан кийин үйүнө телефон чалып башкага үйлөнүп алгандыгын айткан. Ал гана эмес телефон аркылуу Шариатка ылайык “талак” деп үч ирет айтып, никени бузган. Мындай көрүнүштөр менен бизге өтө көп кайрылышат”, – дейт С.Курманова. Бул сыяктуу учурда нике расмий катталбаган болсо, аялдарга өз укугун коргоп калууда көп кыйынчылык жаралат.

“Мындан тышкары көп аял алуучулук аялдарга психологиялык зомбулукка да айланат. Биздин борборго күйөөсү үйүнө жаш аялын ээрчитип келген учурларга кабылган аялдарда келет. Мындай аял укугу тебеленген, басынтылган, укугу жок бир жан болуп калат. Анан дагы бул учурда мүлктү бөлүшүүдө көп маселелер жаралат. Кээ бир күйөөлөр аялын балдары менен үйүнөн кууп чыккан да фактылар жок эмес”, – дейт С.Курманова.

М.Ибраева, «КАБАР» МА.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.