Айтматовду унутпадыкпы?

Убакытты учкан кушка бекерден бекер салыштырбайт экенбиз, минтип Чыңгыз Айтматовду ээсине бергенге да сегиз айдын жүзү болуп калыптыр. Өткөн жылы улуу жазуучунун 80 жылдыгы деп жакшы иштерди жүргүзсөк, негедир кийинки учурда ошол башталыштын изи сууп бараткандай, бара-бара жазуучунун элеси бизден алыстап кетип калуучудай сезилет. Бирок андай кылбашыбыз керек. Алдыда аткара турган иштер арбын, кыргызды дүйнөгө тааныткан жазуучуга атуулдук да, улуттук да деңгээлде карызыбыз көп. Алардын айрымдары менин оюмча булар.

Биринчиси, быйыл май айында (так датасы көрсөтүлбөдү) улуу жазуучунун 80 жылдыгын жыйынтыктоо ырасымы Ысык-Көлдөгү “Аалам-ордо” комплексинде өтөрү айтылды. Менин оюмча, анын так датасын ушул эле айга пландаштырылып жаткан Түркия президенти Абдуллах Гүлдүн иш сапарына тушташтыруу керек. Түркия Жумуриятынын башканы Чолпон-Атадагы “Рух-ордого” Мустафа Кемал Ататүрктүн айкелинин ачылышына келет. Ошондо эмне кылып болсо да, аны жана түркиялык делегация мүчөлөрүн “Чыңгыз” кемесине салып алып, аркы өйүзгө – “Аалам-ордого” алып барышыбыз керек, себеби, түрк боордоштор жазуучунун тирүүсүндө да, кайсыл бир жылы жүрөгү кармап калганда да, былтыр жанайласы кылып Германияда жатканда да, узатуу зыйнатында да аябагандай кызмат кылышты жана дагы көп кызмат кылат деген ойдомун.

Экинчиси, жазуучунун жазгандарын кыргыз калкына толук жеткирүүнүн камында болушубуз керек. Айтматов эң биринчи кезекте чыгарма жазган калемгер, ошон үчүн анын китептери ар бир үйдө, ар бир балада болушу туура. Өткөн жылы 8 томдугун эптеп атып, өзүбүз акча чогултуп, жазылуу жүргүзүп, араң чыгардык да, жок дегенде ар бир мектеп бирден алса 2 миңдейи сатылат эле дедик, мектептер аны алууга акча таппай койду, азыр 2 миң сомдун тегерегинде дүкөндөрдө жыйылып турат, ким алат, качан алып бүтөбүз түшүнбөймүн. Чынында китеп орустар, казактар чыгаргандай деңгээлде чыккан жок, андан көрө “Турар” басмасы “Жамийланы” сонун чыгарыптыр. Жыл сайын Ч.Айтматовдун китептерин массалык нускада басып, демөөрчүлүктүн эсебинен баасын арзан коюп, калайык калк окуй тургандай кылышыбыз керек.

Үчүнчүсү, жазуучунун бир топ чыгармаларын кайрадан кол жазмалары менен салыштырып, толуктап чыгаруу зарыл. Совет учурунда жазгандарынын бир топ жерлери алынып калган болушу мүмкүн. Мен билгенден соңку “Тоолор кулаганда” романын санкт-петербургдук басмачылар (басма кызматкерлери дегеним) “кол кесер” алып калып, “Сардал кыз” тууралуу уламыштын бир кыйла жери орусчага – оригиналга кирген эмес, дүйнөгө ошол жери жок тарап кетти, биз эми толугун беришибиз керек. Андан башка башталып, бүтпөй тургандары бар, аларды басуу зарыл. “Айтматов тууралуу” дегендер өзү эле отуз-кырк том болушу мүмкүн, аларды чыгаруу кажет. Ошентип, басып чыгарчу иштер арбын.

Төртүнчүсү, азыр эл арасында, өзгөчө жаштар үчүн эң эле популярдуу нерсе – DVD дисктери экен, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмердин, коюлган спектаклдердин, тартылган сүрөттөрдүн, орнотулган айкелдердин, бедиздердин, фотолордун бирин калтырбай, чет элдигин да, өзүбүздүкүлөрдү да жыйнап, дисктерге бастырып, элге жайылтышыбыз ылаазым.

Бешинчиси, Ч.Айтматовдун залкарлыгын билдирген залкар эстелик-айкели эң зарыл нерсе. Муну шашпай, бир топ жыл коротсок да, кылымдарга кала тургандай жасообуз зарыл. Эл аралык деңгээлде конкурс уюштуруп, жаңычыл айкелчилерге артыкчылык берсек жана борбордун Борбордук аянтына орнотсок жакшы болор эле дейм (мен бейит башындагы эстелигин айткан жокмун).

Алтынчы маселе, көптөн бери айрым бир адамдар тарабынан Акаев китепканасын Айтматов китепканасы деп атоо керек деген сунуштар айтылып келет, мен буга караманча каршымын, ал имараттар өз жолу менен, өз максаты менен улуттук статуста, мамлекеттин карамагында академик Акаевдин атын алып кала бериши керек, балким ал жерге биринчи президентке берилген белектер да коюлар, деги эле бул эки инсанды бирин бирине каршы койгон болбостур. Ал эми Айтматов улуттук-этнографиялык, маданият борборун жаңыдан куруп чыгуу керек, балким шаардан четирээк жерге, мүмкүн ошол эле Ата-Бейит аймагына. Аны да “Алтын балалыктай” заңгыраган имарат кылып таштабай, улуттук маданияттын көргөзмөсү, адабияттын музейи, ачык асман алдындагы айтматовдук каармандардын айкел-музейи ж.б. кылып, көп жыл өтсө да улам жаңы нерселер менен толуктала бере турган, бүтпөй турган кылып ойлонуу зарыл. Балким бул ишти “Рух-ордо”, “Аалам-ордо” деген кереметтерди тургузуп жаткан Ташкул Керексизов “Чыңгыз-ордо” деп баштап берер… Баштаса, аягына чыгып коёр…

Жетинчиси, ар бир мекеме, ишкана, тармактар өз өзүнчө Айтматов үчүн иштей бериши керек, мисалы, жакында Ташкенттеги “Noshir” басмасы “Чыңгыз Айтматов өзбекстандыктардын жүрөгүндө түбөлүк” деген китеп чыгарыптыр, биздин чет өлкөдөгү элчиликтер бүт ушундай китептерди чыгаруу жагын колго алса, Улуттук банк жазуучуга арналган нумизматикалык жана күмүш тыйындардын сериясын чыгарганы атыптыр, бул да жакшы, балким 5 миң сомдук чыгарып, ага ушул кишинин сүрөтүн басар… Иши кылып ар тармак Айтматовду эстеп, элге эстетип турушу керек. Анткени ал киши ошого татыктуу.

Абдыкерим Муратов, “Zaman-Кыргызстан” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.