Мар Байжиев, жазуучу, драматург: “Чыгармачыл союздардын баарын бириктирип салыш керек”

– Мар Ташымович, азыр эмне менен алек болуп жатасыз? Эмне жазып, эмне кылып дегендей…

Мына, “Манас” эпосун орусчага которуп, китеп кылып даярдап койдум. Буюрса, жакынкы күндөрдө чыгып калат. Муну айрымдар көркөм чыгарма катары эле эмес, окуу китеби катары да колдонсо болот деп сөз кылып жатышат.

“Манас” эпосу орустарга жетпейт, Радловдун котормосу эски. Ошондуктан мен жаңылап даярдадым. Андан башка Боромбай атабыз тууралуу драманы баштап койгом.

Сиз саясатка аралашып, публицистика жазып жүрөсүз. Өткөндө эле Башмыйзамдын долбоорун жаздыңыз. Чыгармачылыгыңыз ушулардын көлөкөсүндө калып келе жаткандай…

Азыр китеп окуган киши жок. Мына, мен чыгармаларымды эки том кылып чыгардым. Алып окуган эч ким жок, дүкөндөрдө чаң басып жатат.

Мен жөн эле окуяларды, кагылышууларды эмес, психологиялык кагылышууларды, ички карама-каршылыктарды жазып келем.

Акыркы мезгилде кимдин чыгармасын окудуңуз? Кайсы китеп көңүлүңүзгө жакты?

Казаттын “Архатын” окудум. Жакшы жазылыптыр. Калгандары супсак.

Кайсы калгандары?

Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөн берки чыгармалар. Мен ал жакта мүчөмүн.

Токтогул сыйлыгын ыйгаруунун айланасында чуу болуп жатпайбы. Төрагасы бирөөлөрдөн акча алып коюптур, ал өзү эле чечип коет экен деп жатышпайбы…

Бул жөн эле бет тырмоочулук. Мен эч качан бирөөгө баш ийбейм. Мени сатып алуу өтө кыйын. Кантип эле мен Бексултандын тилин алып калайын?! Мен анын өзүн тилдейм да. Чыгармачылыкта менин эки душманым бар: бири Океев, бири Жакиев. Экөө тең ооз өбүшкөн достор. Бири- бирибизге аябай катуубуз.

Сизди Жазуучулар союзунун иши канааттандырабы?

Деги алар эмне иш кылышат өздөрү?!

Сиз союздун мүчөсүсүз да. Барып, иштерине катышып турасызбы?

Ооба, союзга мүчөмүн. Бирок мени чакырышпайт. Мен барбайм, тээ мурда деле барчу эмесмин. Азыр союз мурдагы союздай эмес да. Эмне иш кылып жатышканын билбейм. Же пленум өткөрбөсө… өздөрүнчө эле тытышып жатышат. Эптеп оокат кылмай да.

Союзду жакшыртуу керекпи? Сунуштарыңыз барбы?

Менин сунуштарым бар. Чыгармачыл союздардын баарын бириктириш керек. Кыргызстан калкынын ассамблеясы сыяктуу бир чыгармачылык уюм (ассоциациябы, коомдук уюмбу) түзүп, анда туруктуу көркөм кеңеш ачып, иштетип коюш керек. Пленум болобу, семирнарбы же сьезд өтөбү, ал уюм уюштуруп бериши керек.

А көркөм кеңеш эмне иш кылат?

Азыр акчасы бардын баары эле китеп чыгарып жатпайбы. Ал эмне китеп, кандай чыкты – аны караган киши жок. Көркөм кеңеш ошондой китептерди карап чыгып, анан жарактуусун гана басууга бериши керек. Пьеса коюларда да көркөм кеңеш карап чыгып, жакшы жактары, пайдасы эмне талдап, анан уруксат берсе, жакшы чыгармалар тандалмак.

Анда кайра эле баягы цензура болуп калбайбы?

Жок, цензура болбойт. Муну жаз, муну жазба деп эмес, болот-болбойт деп эле ылгаш керек.

Президент К.Бакиев жазуучуларга өзүнүн фондунан 3 млн сом берген экен. Аны эмне кылышты – машинага, телефонго ж.б. нерселерге жумшап жок кылышты. Көлгө барып бир нерселерди өткөрүп, ичип-жеп келишти. Андан көрө альманах чыгарып койсо, ошол акчага, жакшы чыгармалар жарык көрүп калат эле. Же кино тарткан балдарга берип койсо, жакшы кинолор тартылмак.

Ушул сунуштарыңызды айттыңызбы союздагыларга?

Айттым, өткөндө кеңейтилген жыйында да айттым. Алар дароо эле башкача ойлоп калышат, бизди көрө албай жатат дешет.

Бүгүн драматургиянын абалы кандай болуп жатат?

Драматургиянын абалы начар. Колунан келгендер бир нерсе койдуруп жатат, колунан келбегенге эч нерсе жок. Жаштар аз. Мурдагыдай жаштарды үйрөткөн, окуткан семинарлар жок. Эптеп бирөөлөрдү баатыр кылып жазышып, бир нерселерди коюп жатышат. Андан кичине каражат таба аламбы деген аракет. Эптеген эле оокат. Саяктардын баатыры жөнүндө коюлса, барсаң, жалаң саяктар отурат, солтолор тууралуу болсо – жалаң солтолор.

Биз болсо карып баратабыз. Келип бизден кеңеш сураган киши жок. Мурдагыдай семинарлар уюштурулса, драматургдар, режиссерлор келип сабак берип, жол көрсөтсө жакшы болмок. Антпесек, азыр бирин-серин үйрөнчүк балдар жүрөт, ошолорду үйрөтүп, өстүрүшүбүз керек.

Базарбай ГАПАРОВ, “Кыргыз маданияты” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.