“Тарбиялоонун психологиясы” кандай?

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун доценти, психолог аалым Маматали Мурзаевдин китеби “Тарбиялоонун психологиясы” деп аталып, кыргыз тилинде ушул багытта жазылган алгачкы эмгектердин бири экендиги менен көзгө дароо эле урунат. Себеби психологияны кыргызча жазуу, болгондо да тарбиялоонун психологиясын улуттук тилде айтып берүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Муну М.Мурзаев колго алып, өз милдетин дурус аткарган. Өзгөчө анын кыргыз элинин улуттук тарбия салтын изилдеп чыгып, өзүнчө бөлүп киргизүүсү, тарбиялоонун психологиясынын механизмдерин ачып берүүсү, тарбиялоонун натыйжалуулугун арттыруунун жолдорун көрсөтүүсү, китеп соңунда глоссарий сунуштоосу колдоого ала турган көрүнүштөрдөн.

“Тарбиялоонун психологиясы” деп аталган бул китеп тарбиялоо багытында иштеп жаткан бардык адистер үчүн керектүү окуу колдонмосу катары өз кызматын аткарууга киришти.

Zaman-Кыргызстан” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.