Бүгүн Бишкекте “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму башталат

Бишкекте бүгүнкү күндөн тартып 28-февралга чейин КМШда адабият жана окуу жылынын жыйынтыгына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму өтөт. Бул туурасында КМШнын Аткаруу комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперт-аналитиктер, илимдин, маданияттын, искусствонун, билим берүүнүн ишмерлери, коомдук бирикмелердин, дипломаттык корпустардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Армения, Азербайджан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Россиядан 100дөн ашык өкүлдөр келет.

Форумдун жүрүшүндө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Ч.Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюу, пленардык жыйналыш, дискуссиялык тегерек стол, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин студенттери менен жолугушуулар, басма сөз жыйындары, жаңы басылмалардын бет ачары, көргөзмө уюштуруу пландаштырылган.

Иш чараны Шериктештикке катышкан-өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду жана Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги уюштурууда. Негизинен форум “Сүрөтчү жана эпоха”, “XXI кылымдын окурманы” жана “Келечек үчүн диалог” деген аталыштагы тегерек столдордо кызуу талкуу менен өтөт.

М.Ибраева, “КАБАР”, 25.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.