Эртең “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму өз ишин баштайт

Эртең Ала-Арча резиденциясында КМШда адабият жана окуу жылынын жыйынтыгына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган “Айтматов жана азыркы заман” эл аралык форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу “КАБАР” агенттигинде уюштурулган пресс-конференция учурунда Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.

Иш чарага Армения, Азербайджан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Россия мамлекеттеринин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, эксперт-аналитиктер, илимдин, маданияттын, искусствонун, билим берүүнүн, коомдук бирикмелердин, дипломаттык корпустардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. КМШ өлкөлөрүнөн эле 100дөн ашык өкүлдөр жана форумдун ишин чагылдыруу максатында бул мамлекетердин алдыңкы телевиденьелеринен келет.

Форумдун жүрүшүндө пленардык жыйналыш, “Сүрөтчү жана эпоха”, “XXI кылымдын окурманы” жана “Келечек менен баарлашуу” аттуу дискуссиялык тегерек стол, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин студенттери менен жолугушуулар, басма сөз жыйындары, жаңы басылмалардын бет ачары, көргөзмө уюштуруу пландаштырылган.

Иш чараны Шериктештикке катышкан-өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду жана Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги уюштурууда.

М.Момуналиева, “КАБАР”, 25.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.