Г. Айтиев атындагы музейде “Манас” гравюра экспозициясы ачылды

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде гравюралардын туруктуу экспозициясы иштейт, ал элдик “Манас” эпосуна арналган. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигинин журналистине графика бөлүмүнүн башчысы Людмила Цикалова билдирди.

Анын сөзү боюнча “Манас” экспозициясына республиканын эл сүрөтчүсү, республиканын сүрөтчүлөр академиясынын мүчөсү Теодор Герцендин, ЛКСМ сыйлыгынын ээси, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Белек Жумабаевдин гравюралары, ошондой эле эл сүрөтчүсү Таалай Курмановдун иллюстрациялары коюлган.

А.Бенгард, “КАБАР”, 25.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.