Кыргыз дизайнерлери өз коллекциясын Берлинде көрсөтүштү

Берлинде 24-февраль күнү республиканын дизайнерлеринин “Кыргызстандагы азыркы мода искусствосу” деп аталган жаңы коллекциясынын көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чара Кыргыз республикасындагы Германия федеративдүу республикасынын элчилигинин жана “Витлайн” Промоушн борборунун биргелешкен аракети астында ишке ашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган иш-чара  чакырылган конокторго Германиянын Кыргызстандагы текстиль тармагы менен биргелешип иштөөсүн тааныштыруу максатында уюштурулган. Ага 200дөн ашык коноктор чакырлган.

Таза пахтадан,териден, кийизден, жибектен жана жүндөн жасалган коллекциялар жана оргиналдуу дизайн европалыктарга жакты. Белгилей кетчү жагдай аты чыккан дизайнерлер гана эмес, жаш дизайнерлер да аталган көргөзмөдө өз эмгектерин көрсөтүштү. Бурул Мамбетова, Татьяна Воротникова, Жанат Бекжанова, Надежда Шульшган  жана Анастасия Минакованын коллекциялары публиканын жогорку баасына арзыды. Уюштуруучулардын, моделдердин, дизайнерлердин командасы өз максаттарына жетти: европалык публиканы Кыргызстандагы мода менен суктантып жана жаңы шериктерди табышты. Мындай иш- чара биринчи жолу уюштурулду.

“Zpress.kg” МА, 25.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.