Ч. Айтматовдун чыгармаларынын cегиз томдук жыйнагы республикадагы бардык китепканаларга таратылат

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы республикадагы бардык китепканаларга таратылып берилет. Чыгармалардын бул жыйнагы улуу жазуучунун акыркы эмгектерин да өзүнө камтыган. Бул тууралуу маданият жана маалымат министринин орунбасары Тамара Обозова билдирди. Анын сөзү боюнча, 2008-жылы “Руханият” борбору жыйнакты өз каражатына басып чыгарган.

Быйыл жыйнак министрлик астындагы жаңы ачыла турган “Маданият” басмаканасында чыгат деген пландар бар.

2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралгандыгы маалым болду.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 26.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.