Быйыл Ч.Айтматовдун “Тоолор ураганда” романы басылып чыкмакчы

Быйылкы жылы Ч.Айтматовдун “Тоолор ураганда” романы басылып чыкмакчы. Бул жөнүндө кечээ “Ала-Арча” резиденциясындагы басма сөз конференциясында Маданият жана маалымат министри билдирди.

Анын сөзүнө караганда өткөн жылы жазуучунун 80 жылдыгына карата анын чыгармаларынын кыргыз тилиндеги 8 томдук жыйнагы 3 миң нуска менен басылып чыккан. Министирликтин планында Ч.Айтматовдун орус тилинде 8 томдугун басып чыгаруу да бар.

А.Мураталиева, “Кабар” МА, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.