Изат БЕЛЕКОВА: Кыргыз элинин Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшү жана өз алдынча мамлекет түзүү аракеттери

18-жүз жылдыктын башында Бухара эмирлигинен бөлүнүп, Фергана өрөөнүндө өзүнчө, көз каранды эмес ээлик түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө (Маргалан чөлкөмүндө) көчмөн феодалдардын жардамы менен Кокондогу жаңы башкаруучу династияны негиздеген Миң уруусунан чыккан өзбек Шахрух бий болуп жарыяланган . Ал айтылуу Бабурдун урпактарынан болгон. Аны 1709-жылы чоң салтанат менен ак кийизге салып, падышачылыкка көтөрүшкөн. Бийликке келген Шахрух-бий Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат, ал күйөө баласы Акбото бийдин жардамы менен Кокон хандыгын түптөгөн. (Белгилей кетчү нерсе, 18-кылымдын башындагы Коженттин бийлөөчүсү кыргыздан чыккан Акбото бий Шахрухтун кызына үйлөнгөн).

1709-1876-ж.ж. өкүм сүргөн Кокон мамлекетинин өнүгүүсүн үч доорго бөлүп кароо ылайык: биринчи доор – Кокон мамлекетинин түптөлүшү. Бул доордун бийлери төмөнкүлөр: Шахрух-бий (1709-1921 ж.ж.), Абдурахим бий (1721-1734 ж.ж.). Абдыкерим бий (1734-1747 ж.ж.), Эрдене бий (1750-1769 ж.ж.) жана Нарбото бий (1770-1798 ж.ж.). Бул мезгилде Кокон амирлиги өз алдынча мамлекет катары саясий-административдик жактан калыптанып бүткөн, социалдык-экономикалык жактан чыңдалган. Фергана чөлкөмү Кокон мамлекетине биротоло бириккен.

Алгач Шахрух-бий Маргаланды гана башкарып, кийин өрөөндүн борбордук бөлүгү менен Намангандын тегерегин да колуна алган. Намангандын, Касандын, Аксыкенттин, Чадактын (азыр Чартак), Жаңыкоргондун тегерегиндеги кыштоолордо жайгашкан кыргыздар да жаңыдан уюшулган саясий биримдиктин курамына кирген. Шахрух Кухкенд деген саздуу жерге сепил курдурган (Абд-ар-Рахимбай) Бий атасынын ордун ээлегенден кийин, 1725-жылы Акбото бийди эки уулу менен тымызын өлтүртүп, Абдурахим – бий Кожент вилайетин Кокон ээлигине кошкон. Кийинки жылы (1726-жылы) Оротөбөнү, Анжиянды, 1729-жылы Самаркан менен Каттакорганды каратат. Ал 1734-жылы киши колдуу болуп көз жумган.

Абдыкерим бий Фергананын башкаруучусу болуп жарыялангандан кийин, Эскикоргонго көчүп келет да, жаңы шаар салдырып, аны “Кокон” деп атаган. Ушундан баштап хандыктын бай тактысы ушул жерде биротоло жайгашып калган. (Булактарда Кокон шаары 1740-жылы негизделген деп белгиленет).

1741-1750-жылдары Фергана өрөөнүнө калмактар бир нече жолу басып киришкен. Ушундай тышкы коркунучтун мезгилинде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү (союзу) түзүлгөн. Кокон бийи Абдыкерим, Оротөбөнүн акими Фазыл бий ферганалык кыргыздар жана кыпчактар менен бирдикте калмактарды Ферганадан кууп чыгышкан. Айыгышкан күрөш, айрыкча Аксы тарапта болгон. Бул жерде Кутлук сейит уруусу калмактарга активдүү каршылык көрсөткөн.

Фергана аймагынын Бухара хандыгынын карамагынан биротоло бөлүнүп чыгышы Эрдене бийдин (1751-1770 ж.ж.) ишмердигине байланыштуу. Эрдене бийдин (өз аты Абдул Каюм) мезгилинде Кокон хандыгы кубаттуу мамлекетке айланган. Кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгүн Эрдене бий менен ордосу азыркы Сакалды ченде жайгашкан түштүк кыргыздарынын башкаруучусу Кубат бий улантып, анын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө калмак баскынчылары кире алган эмес.

1755-жылы Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан Жусуп Кожонун чакырыгы менен Чыгыш Түркстанга кеткенден кийин, 1758-жылы Эрдене бий Адигине уруусунун бийи Ажы менен өнөктөштүк түзгөн.

1759-жылы күзүндө кытай жазалоочулары Кашкардагы көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктап, Фергананын чыгыш тоо этектерине чейин кирип келишкенде, кыргыздардын жана кокондуктардын биргелешкен күчү 9000 жазалоочунун 7000ин кырып таштагандыгы жана ошону менен Цин империясынын Орто Азияга карата согуштук экспедициясын биротоло токтоткондугу белгилүү.

Кокон хандыгы чыгыштагы монархия формасындагы феодалдык залимдиктин мүнөздүү үлгүсү эле. Мамлекет бүт бойдон областтарга-вилаеттерге, алар салык райондоруна-саркерчиликке бөлүнүп, саркерлер салык чогултушкан. Чакан шаарларды бектер башкарган. Айылдын чарбалык турмушун аксакалдар тейлеген.

Түндүк-Батыш жана Борбордук Теңиртоодогу кыргыздарды Ташкендик төрөлөр башкарышкан. Чүй өрөөнүнүн кыргыздары Бишкектеги хан төрөсүнө баш ийишкен. Аерге Кокондун негизги баскынчы күчтөрү топтолуп, алар кезеги менен кыргыз конуштарын салык чогултуу үчүн кыдырып турушкан. Бишкек беги кыргыздарды көбүнчө аскерлер конушуна таянып башкарган.

Кокон бийлигинин маалында кыргыз элинин уруу-уруу болуп бөлүнүп турушу элдин тарыхый тагдырына тескери роль ойногон. Алар өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө тоскоол кылып, кыргыздын азаттык үчүн күрөшкө биригүүсүнө кедерги болгон. Бай-манаптардын өз ара жаатташуусуна өбөлгө түзгөн. Муну кокондук хандар өзүлөрүнүн тоң моюн көчмөндөрдү башкарууларын жеңилдетүүдө, бири-бирине тукуруп коюп, басып алган жерлериндеги абалды жөнгө салып турууда пайдаланышкан. Алар башкага энчисин тарттырууну каалабаган бай-манаптардын дымагын колдоп келген.

Кокондук башкаруучулардын экономикалык саясаты кыргыз элинин өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөстөн, тескерисинче кедерги болгон. Жайыт, айдоо жерлерин тартып алуу, сатып жиберүү, болуп көрбөгөндөй көп салык салуу, көчмөндөрдү талап-тоноо менен Кокон бийлиги чынында кыргыз чарбачылыгын бүлүндүрүп келген. Бирок, ошол кезде кыргыздардын экономикалык турмушундагы жакшы жышаандарды айтпай кетүүгө болбойт. Бир мамлекеттин турмушунда кыргыздар отурукташкан өзбек, тажиктер менен дайыма карым-катышта болуп, дыйканчылыктагы пайдалуу жөрөлгөлөрдү үйрөнүп, соода байланыштарын өркүндөткөн.

Кыргыздар үчүн Кокон хандыгынын мамлекеттик тартибинин эң эле жек көрүндүсү – салык саясаты болгон. Ал турмушта буюмдата, эмгек менен жана акчалай түрдө салынган. Кыргыздар төлөгөн салыктын негизгиси – малдан алынган зекет. Аны хан акимдери дайындаган салыкчылар чогултушкан. Алар көбүнчө кедейлерден чогултуу менен кыргыз көчмөндөрүн тоноп келишкен. Жини келген көчмөн эл салык зомбулугуна каршы көтөрүлүш чыгарып турушкан. Ошондуктан хандар салык чогултууну кыргыздын бай-манаптарына, уруу башчыларына дайындап, казынага төгүлүүчү салык өлчөмүн белгилеп беришкен. Албетте, салыкчы бай-манаптар өздөрү да байыш үчүн укуктарын пайдаланып, туугандарын да тоноодон кайра тартышкан эмес. Ушунун өзү да карапайым элдин кыжырын кайнаткан. Кокон хандыгына салык чогултуунун мындай жолу, албетте, пайдалуу эле. Анткени, ал көчмөн эл менен куру бекер кагышуудан сактаган.

Натуралай салык көчмөндөрдү кыйла жабыркаткан. Көпчүлүк үй-бүлөлөр биротоло жакырланып кетишкен. Кыргыздын моюнуна жүктөлгөн милдеттүү эмгек да абалды ого бетер оордоткон. Алар мамлекеттик маанидеги суу чарба иштерин (канал казуу, арык тартуу) аткарып, чептерди тургузушкан, ар кандай имараттарды, жолдорду курушкан. Андай иштен баш тарткандар аёосуз жазаланган. Хандын эркине баш ийбегендер тирүүлөй жерге көмүлгөнүн ошол кездин замандаштары айтышкан.

Кокон хандыгынын салык системасында акча кирешеси анча маанилүү болгон эмес, бирок, кыргыздардын арасында акчанын тарашы коомдогу социалдык-экономикалык жылышты айгинелеп турат.
Кыргыздын бир бөлүгүнүн отурукташып дыйканчылык менен тиричилик кылышынан улам бай-манаптардын эзүүсүнүн “шериктештик” деген түрү пайда болгон. Өз жерине таандык болгон уруулардын башчылары кедейлер жыйнаган түшүмдүн бир бөлүгүн алып турушкан.

Кыргыздар арасында мамлекеттик салыктан тышкары да бай уруу башчылары дайындаган ар кандай салыктардын түрлөрү болгон. Алар сыртынан караганда ыктыярдуудай сезилгени менен, чынында милдеттүү эле. Алар союш, чыгым, салык журтчулук, кошумча, туяк ат, жол чыгым ж.б. деп аталган.

Кокон хандыгындагы салыктар жөнүндө кабарлаган архивдик документ:

Хераж – эгиндин түшүмүнүн 1/5 бөлүгү;
Танап – 5-10 теңге (бакча жана жашылча өсүмдүктөрү үчүн);
Соода зекети – соодадан түшкөн кирешенин 1/40 бөлүгү;
Мал үчүн да ушул эле 1/40 өлчөмдө.
Кудаяр хандын өкмөтү бул салыктарга төмөндөгүлөрдү кошумчалаган:
Хераж-апж – көчмөндөрдөн алынуучу хераж;
Карагай пулу – тоодон ташып келип базарга сатылган карагий үчүн;
Отун пулу – отун (чырпык, караган-тикенек, камыш ж.б.у.с.) үчүн;
Педаль пулу – буюмдарды сатып алууга жана сатууга далдалчылык кылган үчүн;
Көк пулу – шалбаа чөбү үчүн;
Суу пулу – суу үчүн…

Дал ушундай кокондуктардын жылдан-жылга көбөйгөн өлчөөсүз салыгы, залимдиги элет элинин жанына батып, кыжырын кайнатты да Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы кыргыз элинин боштондук күрөшү күч алды.

Кокон хандыгындагы жалпы абалды мүнөздөп келип, замандаштары кокондуктардын тарыхы кыргыздар менен кыпчактардын бир нече тынымсыз көтөрүлүшүнөн түзүлөөрүн белгилешкен. Кыргыз элинин азаттык күрөшүндө бул көтөрүлүштөр маанилүү роль ойногон.
(Уландысы кийинки санда)

«Ачык саясат», 24-27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Изат БЕЛЕКОВА: Кыргыз элинин Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшү жана өз алдынча мамлекет түзүү аракеттери

  • 16.09.2014 at 10:31
    Permalink

    Абдан жакшы маалымат. Мындай маалыматтар коп болсо кана…

    Reply
    • 18.09.2014 at 08:48
      Permalink

      Рахмат. Мындай маалыматтардык көп болушуна каршы деле эмеспиз. Убакыт жетишпейт, кол жетишпейт, жана автордук укук деген нерсе да бар 🙂

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.