Кыргызстанда меценатствону өнүктүрүү менен маданиятка колдоо көрсөтүү зарыл

Кыргызстанда меценатствону өнүктүрүү менен маданиятка колдоо көрсөтүү зарыл. Бул тууралуу кинорежиссер Актан Арым Кубат Бишкекте уюштурулган пресс-конференция учурунда билдирди. Ал эми “Канат менен Зарина” коомдук фондунун төрагасы Клара Кыдыршаева ар бир бизнесмен социалдык жактан коом астында жоопкерчиликтүү болуусу зарыл экендигин белгиледи. Ал режиссер Актан Арым Кубаттын жана Эркин Рыспаевдин “У любви свои небеса” аттуу көркөм фильминин продюсери жана материалдык колдоо көрсөткөн. “Республиканын аймагында иш алып барган бизнесмендер маданияттын кайсыл багытына болбосун колдоо көрсөтүп туруусу зарыл. Фильмди тартууда бизге көптөгөн ишкерлер колдоо көрсөттү. Алардын жардамы жок тасма тартылбайт эле.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.