Маданият министирлиги балдар адабиятынын мыкты чыгармаларын аныктайт

Бул жөнүндө бүгүн Маданият жана маалымат министирлигинин басма сөз кызматында билдиришти. Балдар адабияты жагынан Кыргызстандын өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыяланды. Конкурс “Балдар адабияты жагында сыйлыкты белгилөө жөнүндө” өкмөттүн 2008-жылдын 2-декабрында чыккан токтомуна ылайык жарыяланды. Жобо боюнча сыйлык үч наамда – мыкты ыр, кара сөз чыгармалары ошондой эле башка элдердин балдар адабий чыгармаларынын кыргыз тилине жакшы которулгандыгы үчүн сыйлыктар каралган.

Конкурска катышууга арыздар ушул жылдын 10-мартынан 10-апрелине чейин кабыл алынмакчы, комиссия 2007-жылдан кийин жарыяланган жаңы чыгармаларды кабыл алат. Мыкты адабий чыгармалар үчүн сыйлыктар 1-июнда, балдарды коргоо күнүндө тапшырылмакчы.(МТ)

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.