Бишкекте “Мисс Бишкек- 2009” сулуулук конкурсу өтөт

4-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Эл аралык аялдар күнүнө – 8-мартка туш келтирилген “Мисс Бишкек-2009” сулуулук конкурсу өтөт. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигинин кабарчысына “Prima” агенттигинин PR-менеджери Татьяна Трелевская билдирди.

Анын маалыматы боюнча сулуулук конкурсуна “Мисс Бишкек-2009” наамына 20 атаандаш кыз-келиндер катышат. “Бардык катышуучулар 3 тандоо турунан өтүштү, каалаган 100 кыз-келинден 20сы гана тандалып алынды. Модель агенттиктеринде окугандар же иштегенер эң аз. Тандап алуунун башкы критерийлери – бойдун 170 см жогору, курактын 14 жаштан 23 жашка чейин болушу жана албетте, жакшынакай сырткы келбеттер”,- деп белгиледи PR-менеджер.

Сулуулук конкурсу визиттик карточка, улуттук кийим, кечки көйнөк жана блиц-сурамжылоо деген 4 этапта өтөт. Башкы байге Кытайдын Хайнань аралына бир апталык жолдомо, ал жерде “Дүйнөнүн мисси” конкурсу үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

А.Бенгард, “Кабар”, МА, 2.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.