Бишкекте “Суктандырган сулуулук” аттуу прикладдык искусство көргөзмөсү ачылат

Бүгүн Бишкектеги Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде айымдардын 8-март эл аралык майрамына арналган “Суктандырган сулуулук” аттуу прикладдык искусство көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинин кабарчысына музейдин жетекчиси Марина Закревская билдирди.

Анын сөзү боюнча, экспозицияга 17 кол өнөрчүнүн 70 ашык эмгектери коюлган. Негизинен айымдар бисер менен сүрөт жараткан, жибекке ар кыл багыттагы сүрөттөрдү түшүрүшкөн.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 3.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.