Султан Раев: Кыргыз эпосторуна Голливуд кызыгууда

Маданият жана маалымат министри Султан Раев баштаган Кыргызстандын делегация кыргыз элинин кенже эпосторун киного тартуу сунуштары менен Голливудга жол тарткан жатат.

– Сиз Голливуддун кино тармагы менен сүйлөшүүгө барганы жатыптырсыз. Анын негизги максаты эмне?

– Биздин расмий сапарыбыздын негизги максаты дүйнөлүк чоң кинокомпания менен Кыргызстандын ортосундагы киночулардын бирдиктүү долбоорунун негизин түзөлү деп баратабыз. Биз Габриэль Гринфелддин Голливуддун “Ловес филмс” деген эң чоң компаниянын дүйнөгө белгилүү продюсеринин чакыруусу боюнча баратабыз. Биздин кыргыздын кичи эпосторун тартуу, кыргыздын эпосторун экрандаштыруу маселесин карайбыз. Мени менен кошо белгилүү биздин режиссерубуз Болот Шамшиев баратат.

– Голливуддун жетекчилиги кыргыздын кайсы эпосторуна кызыгып жатыптыр?

– Биринчи этапта кичи эпосторду экрандаштыралы деген ниетибиз бар. Ошондой эле экинчи этапта биздин “Манас”, “Семетей”, “Сейтекке” окшогон чоң эпосторубузду экрандаштырсак болот. Себеби азыр дүйнөдө биздин чоң эпикалык чыгармаларды бир гана Голливуддун мүмкүнчүлүгү менен тартса болот. Албетте, бул фильмди тартууда негизги скрипканы кыргыз режиссерлору ойнойт. Биз Голливуддун материалдык-техникалык базасын, кубаттуу кино индустриясын пайдаланып туруп тартышыбыз керек. Эгерде бул долбоор ишке ашып калса, биз автоматтуу түрдө дүйнөлүк кинорынокко чыгабыз. Бул биз үчүн өтө маанилүү маселе болуп эсептелет. Ошондой эле биздин эпосторубузду дүйнөгө таркатуунун эң оптималдуу жолу болуп эсептелет деп ойлойм.

– Голливудда кино тарттыруу абдан көп каражатты талап кылат эмеспи, каражат, актерлор маселесин чечүү боюнча кыргыз тараптын сунушу кандай болот?

– Албетте, бул жерде эң чоң каржы булагы керек болот. Ошол каржы маселесин алардын көмөгү, өнөктөштүгү менен чечели деп атабыз. Албетте, Кыргызстан дагы өзүнүн айтаарлык салымын кошот, бирок негизги жүктү Голливуд алган атат. Себеби өзүңөр билесиңер кыргыз эпостору кино драматургияга аябай бай. Булар экрандаштырыла элек. Ошондуктан дүйнөлүк кинодогу жаңы ачылыш болот эле кыргыз эпостору. Себеби Голливуд азыр бардык эле темаларды тартып, идеялык, тематикалык жактан аларда кандайдыр бир бирдей болуп атат. Ал эми жаңы кино мейкиндикти ачууга биздин эпос материалдарыбыз аябай чоң өбөлгө түзүп берет эле деген ойдобуз.

– Албетте, мындай демилге абдан жакшы, бирок ишке ашыруу дагы абдан чоң эмгекти талап кылат эмеспи?

– Албетте, бул маселеде азыр сүйлөшүүлөр болот. Эң башкы нерсе алар тараптан болуп атат бул демилгенин өзү, кыргыз тараптан эмес. Кээде кыргыз тарап сунуштар менен чыкканда кыйын болуп калат, ал эми алар тараптан болуп аткандан кийин кичине оңойураак болушу мүмкүн. Алар өздөрүнүн демилгеси менен чыгып атканы биз үчүн оңтойлуу жагдайды түзөт. Биз алар менен болгон сүйлөшүүлөрдү, келишимдерди бул жерде өкмөттө карап, мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек.

– Кыргыздын эпосторун экрандаштыруу маселеси боюнча Топчубек Тургуналиев кыргыздын чөнтөгү бай, мыкты уулдары 25 млн. доллардан чыгарсын деген демилге көтөрдү эле. Ошондой демилге тууралуу да сөз болобу?

– Албетте, бул жерде бир гана мамлекеттик каржы эмес, кыргыз киносун, бизидн эпосторду дүйнөлүк аренага алып чыгалы деген ойдогу биздин инсандарыбыз болсо, бул биздин иштин ийгилиги үчүн гана жүрө турган нерсе. Бул демилгелердин баарын колдойбуз. Азыр биринчи раунд, биринчи сүйлөшүү болуп атат. Биз барып сүйлөшүп анан Кыргызстанга келгенде кудай буюрса жалпы элибизге маалымат беребиз.

– Султан мырза, сапарыңыз байсалдуу болсун. Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Бүбүкан Досалиева, «Азаттык» радиосу, 4.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.