Франкофония жумалыгы Бишкекте

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 14-мартынан 21-мартына чейин француз тилинин жана француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятын чагылдырган Франкофония жумалыгы өтөт. Ала-Тоо кинотеатрында француз, канада, тасмалары көрсөтүлүп, француз ашканасынын тамактарынын көргөзмөсү болмокчу. Бул иш-чара Франциянын Кыргызстандагы Элчилиги, Швейцариянын Консулдугу, Бишкектеги Канаданын Ардактуу консулдугу жана Француз Альянсы тарабынан ишке ашырылмакчы. Мындай жумалыктар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Франкофония Эл аралык уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турат.

Дүйнөдө 110 миллионго жакын франкофон, же болбосо француз тилин күнүмдүк жашоодо жана иште колдонгон 110 миллион адам бар. Ага француз тилин өз алдынча окуп-үйрөнгөн жана аны колдоно алган 65 миллион адамды кошсо да болот. Француз тили ошондой эле Бириккен улуттар уюму, Европалык союз, Эл аралык олимпиадалык комитет сыяктуу эл аралык уюмдар расмий тил катары колдонушат. Даярдаган Аймира Мендеева

Zaman-Кыргызстан”, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.