“Манас руху” фондусунун сыйлыгы Түркия президентине да ыйгарылат

Фонддун кезектеги сыйлыгы жакын арада Түркиянын президенти Абдуллах Гүлгө ыйгарылмакчы.

“Манас руху” эл аралык нарк-насил коомдук фондунун сыйлыктары “Манас-1000ден” бери жетимиш адамга ыйгарылды. Алардын ичинде дүйнөлүк мамлекет башчылары да бар. Фонддун быйылкы сыйлыктары “Айтматов жылынын” урматына берилүүдө.

“Манас руху” эл аралык нарк-насил коомдук фондунун сыйлыктары – кыргыз элинин тарыхын, нарк-насилин, каада-салттарын изилдеген жана ал улуттук байлыктарды өркүндөтүүгө салым кошуп келаткан инсандарга берилип келатат. Аталган сыйлыкка татыктуу болгондордун арасында белгилүү коомдук ишмер Гүлүйпа Кондучалова, Түркиянын мурдагы президенттеринин бири Сулейман Демирел, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана башкалар бар.

“Манас руху” эл аралык нарк-насил коомдук фондунун президенти Нуржан Касымбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, фонддун кезектеги сыйлыгы жакын арада Түркиянын президенти Абдуллах Гүлгө ыйгарылат. Себеби түрк эли Чыңгыз Айтматовду өтө урматтап-баалап келди:

– Түрк эли, Түркиянын мамлекет башчылары кыргыз элине боор толгогон мамиледе болуп келишет. Айтматовду болсо абдан эле урматтап-сыйлашат. 80 жылдыгында алар өтө көп иш аракеттерди жасашты. Нобель сыйлыгына көрсөтүштү, бизге чейин эле шаардын атын, парктын атын коюшту. Мына ушул иш аракеттер эске алынды.

2009-жылдын башталышынан “Манас руху” эл аралык нарк-насил коомдук фондунун сыйлыгы белгилүү илимпоз, Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Сулайман Кайыповго берилсе, кечээ “Кыргыз туусу” гезитинин кеңсесинде аталган гезиттин баш редактору Кыяс Молдокасымовго ыйгарылды.

Кыяс Молдокасымов тарыхчы катары айрыкча Кокон хандыгынын тушундагы кыргыз эл башчыларын изилдеп келатат. Кыяс Молдокасымов “Азаттыкка” тарыхый изилдөөлөр учурда да уланып жатканын маалымдады:

– Учурдагы изилдөөлөр деле мурдагыдай эле Кокон хандыгы менен Орус империясынын тушунда кыргыз коомчулугу кандай түзүлүштө жашаган, бүгүнкү күндүн өңүтүнөн караганда кандай өзгөчөлүктөрү бар жана ал мезгилдеги эл башчылары элди кандай багытка үндөп, эл тагдырын кандай чечкен, ал эми бүгүнкү күндөгү эл башылар кандай болуп жатат – мына ушундай салыштыруучулук иликтөөлөр жаралып жатат. Бир топ материалдар топтолуп калган экен, жакында Токтогулдун абак жылдарына байланышкан изилдөөлөрдү китеп кылып чыгарайын деп жатам.

“Манас руху” эл аралык нарк-насил коомдук фондунун “Чыңгыз Айтматов жылын” жыйынтыктаган сыйлыгы дагы эки инсанга май айында ыйгарылат. Фонддун президенти Нуржан Касымбеков алардын ысмын азырынча атабай турганым оң деп, фонддун алдыдагы иш-максаттарына төмөнкүчө токтолду:

– Фонддун алдыдагы эки сыйлыгын Айтматовдун чыгармачылыгын, инсандык сапаттарын изилдеп келаткан эки инсанга ыйгаралы деп жатабыз. Алардын ысымдарын азырынча атабай туралы. Ошону менен бирге Айтматовдун арты майлуу-сүттүү болсун деген тилек менен байбичеси менен бир уулуна кыргыздын салты менен белек ыроолойлу да деп турабыз.

“Азаттык” радиосу, 12.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.