Салижан ЖИГИТОВ: Учкул ойлор жана үзүндүлөр

Маркум улуу ойчулдун коомдук, философиялык, педагогикалык маселелерге арналып, аркыл жылда жазылган макала, эсселеринен үзүндүлөрдү жарыялоону улантабыз. Анткени алар ушу тапта да маанисин жоготмок түгүл, улам тереңдетип барат. Эсеби маселең, кечээки тил комиссиясы жер-суу аттарын тил ийкемине жараша дефисин алып, орфографиялык эрежесине киргизип берсе, бүгүнкү комиссия аны тап душманындай тазалап, кайрадан Сталин заманын ыркына келтирип салды.

Бул тууралуу Салижан Жигитов 1978-жылы эле жанып-күйүп макала жазган. Анын канчалык жүйөлүү экенин окурман журту дагы бир тараза ташына салып көрөр. Макала тилчи Э.Абдулдаевдин пикирине полемика сыяпатында жазылган.

Кыргыз орфографиясынын эрежелер жыйынында географиялык аттардын жазылыш жол-жоболору тайкы иштелген. Ал эрежелердин арасында Кыргызстан аймагындагы эки же андан көп сөздөн куралган жер, суу, шаар аттары бөлөк-бөлөк, ар бири баш тамга менен, аралары дефис менен ажыратылып жазылат дегени бар. Мисалы: Ак-Суу, Кара-Суу, Орто-Алыш ж.б. Ал эми Кыргызстандан тышкары турган ошондой эле типтеги айрым географиялык аттар биздин орфография боюнча эки башка, бирок ортосуна дефис коюлбай, көп учурда экинчи сөзү кичине тамга менен эле жазылат. Мисалы: Ак деңиз, Кара деңиз, Орто Азия ж.б.

Теориялык деңгээлден караганда оңой эле байкалат: Ак-Суу менен Ак деңиз, Кара-Суу менен Кара деңиз, Орто-Алыш менен Орто Азия топонимдери бири экинчисинен фонетикалык туюнтулуш жана грамматикалык тутумдашуу (уюштурулуу) формасы боюнча принциптүү айырмаланбайт, тек графикалык жактан белгилениши жагынан гана өзгөчөлөнөт. Бирок алардын бир даары Ак-Суу деген сыяктуу, бир даары Ак деңиз деген сыяктуу жазылсын деген эрежелерден кандайдыр бир логикалык жүйөө табуу өтө кыйын. Эмне, Кыргызстандын аймагындагы топонимдер андан тышкары топонимдерге караганда таптакыр башкача грамматикалык мыйзамченемге жана логикалык негизге баш ийеби? Эмне, кайсы бир көп компоненттүү топонимдин Кыргызстандын аймагынан гана орун алышы анын өзгөчө (ар бир сөзүнүн башка-башка, баш тамга менен, арасында дефиси менен) жазылышы үчүн критерий боло алабы: Бул суроолорго орфографиялык эрежелер жыйнагынан да, ушу маселеге арналган атайын китептерден да логикалык жактан азырынча ынанымдуу жооп табалбайбыз. Бир убакта кайсы бир тилчи же башка элдердин орфографиялык эрежелерин сокур туурагандан же билими тайкылыгынан же жөн эле оюна себепсиз макул келип калгандан улам ушундай эреже чыгарып койгон болуу керек. Эми ошол теңирден тетири эреже орфографиялык мыйзам күчүн алып отурат.

Менимче, өйдөкү эреже – жөнөкөй нерсени атайын татаалдаштыруунун, окуучуларды (калайыкты) кат-сабатка үйрөтүү маселесин кыйындатуунун, дефис менен сызыкчадай графикалык белгилерди ыгы жок ысырап кылуунун кыргызча ачык-айкын үлгүсү. Менин ыктыярыма койсо, түбүндө кош сөздөрдөн куралса да, эл оозунда бир эле бүкүлү сөзгө айланып кеткен топонимдердин дээрлик баарын Карабалта, Аксай, Көкжар, Башкарасуу, Сарбулак сыяктуу бирге жазылсын деп эреже чыгарар элем. Бирок менин мындай сунушум суу кечпесин күн мурунтан көрүп турам. Себеп дегенде, көп сөздөн куралган жер аттарынын ар бир сөзүн бөлөк, баш тамга менен жазуу, анысы аз келгенсип, араларын дефис менен ажыратуу бизде салтка айланып кеткен. Анүстүнө татаал жер аттарын ушундай жазуу эрежесинде эч кандай логикалык жүйөө жок экени ал эрежеге көнүп алган тилчилерибиздин дегеле баамына урунчудай эмес. Ал эми салтка айланып, көндүм болгон нерсени, эгер ал миң ирет натуура болсо да, оңуна келтирүү дайыма өтө кыйынга түшөт, практикалык жактан мүмкүн эмес. Сыягы, мындан ары деле Ала-Тоо, Ак-Жар, Көк-Сай, Кара-Суу деп теңирден тетири жаза беребиз го.

Макаласында Э.Абдулдаев официалдуу бекитилген орфографиялык эрежелердин айрымдары кыргыз жазма тилинин практикасында бекем кармалбай жүргөнүн, айрым кишилер тарабынан бузулуп жатканын белгилеп өтүптүр. Анан буга мисал катары орфографиялык эреже боюнча Алма-Ата, Ташкент, Самарканд, Чимкент деп жазылчу шаарлардын Кыргыз совет энциклопедиясында (КСЭ) Алматы, Ташкен, Самаркан, Чымкен деп жазылып калганын келтирет. Тилчибиз өз пикиринин калетсиз тууралыгын тастыкташ үчүн кыргыз орфографиясынын 1953-жылы официалдуу бекитилген эрежелер жыйымындагы бешинчи параграфка, б.а. Кыргызстандан тышкары “жер, суу, деңиз, шаар, эл аттары орус орфографиясы боюнча жазылат” деген эрежеге шилтеме жасайт.

Албетте, официалдуу бекитилген орфографиялык эрежелер улуттук жазуу практикасында, асыресе бардык басма сөз туундуларында катуу сакталышы керек. Бирок ар кандай эреженин сакталышы анын логикалык жактан туура туюнтулушуна, жандуу тил практикасынын ички мыйзамченемдерине шайкеш келишине, деги эле акылга сыярлык болушуна да байланыштуу го. Чынында орфографиялык эреже деген жандуу тилге зордук менен таңууланбастан, ошол тилдин практикалык тажрыйбасын теориялык деңгээлде жалпылоодон келип чыгышы керек. Мындай болбосо ар кандай эреже практика тарабынан четке кагылат, ал эми анын ушинтип четке кагылышы ошол оңбогон эрежени чыгарышкан тилчилердин бөөдө итиркейине тийет. Өз макаласында Э.Абдулдаев шилтеп көрсөткөн өйдөңкү орфографиялык эрежеде да азыр эле айтылгандагыдай мандем бар.

…Ушу жерде кыргыз орфографиясынын 1953-жылы официалдуу бекитилген эрежелер жыйнагынын бешинчи параграфын дагы эске салалы: Кыргызстандан тышкары турган “жер, суу, деңиз, шаар, эл аттары орус орфографиясы боюнча жазылат”. Эгер бул эрежени бекем кармаганда кыргыздар мурдатан Кордой, Чүй, Жергетал, Жамбыл, Кокон, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, өзбек, казак, тажик, түркмөн деп айтып келген эл-жер аттарын Курдай, Чу, Джиргиталь, Джамбул, Коканд, Казахстан, Узбекистан, Таджикистан, Туркменистан, узбек, казах, таджик, туркмен деп жазууга туура келер эле. Себеп дегенде булардын баары биринчиден, Кыргызстандын чегинен тышкары турат, экинчиден, орус орфографиясында дал ушундай жазылат. Демек, кыргыз орфографиялык эрежелерин Э.Абдулдаев бетине кармаган эрежесинде оркойгон логикалык карама-каршылык бар, жандуу тил практикасында эч убакта аткарылбоочу талап бар. Мына ошол себептен кыргыз орфографиясынын эрежелер жыйыны бекитилген күндөн бери карай кыргызча жарыяланган официалдуу документтердин, басма сөз органдарынын, ар кыл китептердин биринде да Кыргызстандан тышкары турган, бирок аны менен эзелтен аймакташ, тил жагынан алакалаш Орто Азиядагы жана Казакстандагы “жер, суу, деңиз, шаар, эл аттары” орфографиялык эреже талап кылгандай, б.а. “орус орфографиясы боюнча” жазылбай келе жатат. Андай болгон соң биздин айрым тилчилерибиз эмне үчүн Орто Азия менен Казакстан аймагындагы (демек, Кыргызстандын чегинен тышкаркы) толуп жаткан “жер, суу, деңиз, шаар, эл аттары” элибиз мурдатан айтып келгендей жазылып жүргөнүнө каршы чыгышпайт да, анан төрт шаардын гана Алматы, Ташкен, Самаркан, Чымкен деп кыргыз тилинде илгертен калыптанган формада жазылышын эрөөн көрүшөт? Эмне үчүн алар Коконду Коканд деп жазуу керек деп доомат коюшпайт? Же Кыргызстандан тышкары турган “жер, суу, деңиз, шаар, эл аттары орус орфографиясы боюнча жазылат” деген эреженин ошол төрт шаарга эле тиешеси барбы?
Менимче, Орто Азия жана Казакстан районуна тиешелүү топонимдер менен этнонимдердин жазылыш эрежелерин иштеп чыкканда аларга саал башкача мамиле кылып, кыргыз тилинин жандуу практикасын эске алуу, акылга ылайык логикалык омокко таянуу зарыл эле. Бул маселени чечүүдө КСЭнин кызматкерлери дал ушундай багытта иш алып барды. Маселен, бизге канатташ аймактардагы топонимдер менен этнонимдердин кыргызчага коңшулаш элдердин оозеки тили аркылуу мурдатан киргендерин (мисалы, Алматы, Башкен, Үргөнч, Төрткүл, өзбек ж.б.) өзүбүздүн оозеки тилде кандай айтылып келсе, дал ошондой формада жазуу ылайык деп табылды. Ал эми ушул эле региондогу географиялык аттардын (мисалы, Нурек ГЭСи, Нукус ж.б.) кыргызчага орус жазма тили аркылуу тарагандарын орус орфографиясындагыдай түрдө жазуу кабыл алынды. Айтор, канатташ республикалардын географиялык аттарын кыргызча туюнтууга ийкемдүү, ыгына жараша ар кыл, конкреттүү мамиле жасалды.

Орто Азия менен Казакстандан тышкары турган кыргызча негизинен орус жазма тили аркылуу кирген географиялык жана эл аттарынын басымдуу көпчүлүгү КСЭде орус орфографиясындагыдай жазуу башкы принцип катары алынды. Ырас, бул эрежеден четтеген принцип катары алынды. Ырас, бул эрежеден четтеген айрым учурлар (мисалы, башкир эмес, башкырт ж.б.) да болду. Албетте, союздук жана чет элдик географиялык аттардын дүйнөдөгү, асыресе биздин өлкөдөгү тилдерге которулуп берилчүлөрү (мисалы, Тихий океан, Черное море, Сибирская низменность ж.б.) кыргызча да которулуп жазылды. Ошондой эле орусча аягына мүчө уланып жазылчу эки же көп сөздөн куралган айрым географиялык аттарды кыргызча которууда алардын биринчи компонентинин түпкү (мүчөсүз) жазылышы эсепке алынды. Мисалы, Чукотское море, Кольский полуостров, Венгерская Народная Республика деген сыяктуулар Чукча (Чукот эмес!) деңизи, Кола (Кольск эмес!) жарым аралы, Венгр (Венгер эмес!) Эл Республикасы деп туюнтулду. Айтор, КСЭде дүйнөлүк, жалпы, союздук, региондук топонимдердин кыргызча туюнтулушун илимий негизде кайра карап чыгуу жагынан да, бир системага салуу жагынан да биртоп иш кылынды.

Эми мен Э.Абдулдаевдин макаласында козголгон үч моментке өз мамилемди билдире кетейин.

Биздин тилчи Великобритания деген энчилүү аттын КСЭде Улуу Британия формасында которулуп берилгенин туура эмес деп табат да, биртоп шаар менен региондун орусча аттарын келтирип, Великобритания да ошолордой которулбай турганын айтат. Ырас, бир тилдеги шаарлардын (кээде айрым региондордун да) аттары демейде башка тилдерге которулбайт. Бирок Великобритания шаар эмес, өлкө го. Ал эми мындай типтеги топонимдер орус тилинде аябай көп: Новая Зеландия, Южно-Африканская Республика, Южно-Китайское море, Средне-Дунайская низменность, Восточно-Казахстанская область, Ивано-Франковская область, Юго-Осетинская автономная область, Горно-Бадахшанская автономная область ж.б. булар грамматикалык жасалыш жагынан Великобритания, б.а., Великая Британия дегенден таптакыр айырмаланбайт. Эмне, ушулардын баарын которбой орусча алыш керек беле? Албетте, мындай кылганга Э.Абдулдаев өзү деле макул боло койбос. Демек, кандайдыр бир нерсени кеп кылганда жалпы бир мисалдан же ар кошкон мисалдардан эмес, бир өңчөй фактылардын жыйындысынан логикалык тыянак чыгаруу керек. Бул – илимий методдун элементардык талабы!

1976-жыл
Даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ, “Агым”, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Салижан ЖИГИТОВ: Учкул ойлор жана үзүндүлөр

  • 16.01.2014 at 10:59
    Permalink

    Мен Салижан акебиздин жер-суулардын, айыл-шаарлардын аттарынын жазылышы боюнча оюн толугу менен колдойм. Бул макаланы окуйлекте эле бул маселе мени туйшолтуп келген жана менин дагы оюм ушундай эле. Орто жерде бул боюнча эреже чыкканда менин пикирлештерим бар экенине суйунгом. Бирок кийин кайра аталган эрежени жокко чыгарганы тилди баюутудан артка чегинген болду. Себеби топонимдерди азыркы эреже менен жазыш эч кандай пайда алып келбейт, тескерисинче абдан ынгайсыз. Мисалы, “Чон-Сары-Ой” деп жазууда (озгочо теруудо)ашыкча кыймылдарды жасоого мажбурлайт, ашыкча белгилер колдонулат жана керексиз эле колом чонойот, сыя коп кетет, кагаз коп кетет, убакыт коп кетет. Эгерде “Чонсарой” деп жазылса мындан айылдын аброю ылдыйлап калбайт, же тилибизде “чон”, “сары”, “ой” деген создор маанисин жоготуп, жок болуп кетпейт. Керектуу учурда пайдаланыла берет. Ал эми айылдын аталышы кайдан чыкканын жон эле баамдаса болот.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.