Султан Раев: Кыргыз эпосторун Голливуд экрандаштырат

Маданият жана маалымат министри Султан Раев жакында эле АКШда Голливудга барып, кыргыз эпосторун экрандаштыруу жана биргелешкен кызматташтыкты жолго коюу ино боюнча маселелерди сүйлөшүп келди.

– Сиз Голливудга келишим түзүү максаты менен барган кыргыз жетекчилеринин биринчи министри болдуңуз. Сизди Голливуд кандай тосуп алды, андагы жолугушуулар тууралуу кенен айтып кетсеңиз?

– Сиз туура айттыңыз, биринчи жолу кыргыз расмий делегациясы атактуу Голливудга барып келдик. Биринчи жолу Голливуддун жетекчилери өзү кыргыз расмий делегациясын чакырды, бул өтө чоң нерсе. Өзүңүздөр билесиздер, Голливуд биринчи кино компания болуп эсептелет.

Кыргыз киночулары менен Голливуддун биргелешкен жаңы долбоорлору боюнча сүйлөшүп келдик, айрыкча биздин кыргыз элинин эпосторун экрандаштыруу маселелери боюнча. Кенже эпостордон тартып чоң “Манаска” чейинки эпосторубузду экрандаштыруу маселеси келечекте карала турган болду. Бул маселени өтө колдоого ала тургандыгын билдиришти.

Биз Голливуддагы атактуу продюссерлер менен, алардын жетекчилери, президенттери менен жолуктук. Ошондой эле “20-кылым фокс” кино компаниясынын президенти мырза Стенфорд менен жолуктук. Питер Синегал менен, ошондой эле Габриэл Гриферт менен жолуктук.

Алар кыргыз эпосторун экрандаштыруу, ошондой эле кыргыз киночулары менен мындан ары чыгармачылык байланыш түзөрүн билдиришти. Ошондой эле биздин демилгени колдошту.

– Биздин кыргыз делегациясынан кино ишмерлерден кимдер болушту?

– Кыргыз делегациясынын курамында мен – маданият жана маалымат министри, ошондой эле белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев экөөбүз болдук.

– Негизинен биринчи кайсы кинону тартуу боюнча келишимге келиштиңиздер?

Голливуддун жетекчилери биринчиден Кыргызстанга өтө кызыгып атышат. Алар өзүңөр билесиңер азыр дүйнөдөгү эң чоң долбоор баштады. Бул “Комбат” деген долбоор, бул жалпы жыйымы рекордду койду, 4 млрд. долларга чейин жыйнады. Ошол фильмдин бир бөлүгүн Кыргызстанда тартуу маселесин жактырып атышат.

Экинчиден, кыргыз киночуларын колдоо боюнча, айрыкча “Кыргыз фильмдин” материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча жардам берүү. Ошондой эле Голливуд азыр “Кыргыз фильмди” жалпы Азия чөлкөмүндөгү өзөктүү база катары түзүү боюнча иш пландап жатат. Ошол базанын алкагында Голливуддун фильмдерин тартуу, ошондой эле кыргыз фильмдерин тартуу маселесин коюшат.
Мындайча айтканда, алар “Кыргыз фильмдин” материалдык-техникалык базасына жардам берип, бүт техниканы алып келип, таяныч пункту болот бул жер. Ошону менен катар кыргыз темасын тартуу боюнча.

Азыр Голливуд, ар бир өлкөлөрдүн өзүндө жаңы фильмдерди тартуу боюнча жаңы долбоор баштап атат. Мисалы, Индияда тартылган “Миллионер из трущебы” деген фильм 8 Оскар сыйлыгын алды. Ошондой нерсе бизде дагы башталган атат.

Кыргыздын өзөктүү материалдары, эпостор жана азыркы темадагы чагылдырылган маселелер каралат. Ошону тартабыз деп атышат. Мен биздин жаш талантуу режиссерлорубуздун фильмдерин алып бардым, Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрутун”, Эрнис Абдыжапаровдун фильмдерин, Болот Шамшиевдин фильмдерин алып бардык.

– Султан мырза, мындан 4-5 жыл мурда дагы кытай киноматографисттери менен “Манас” эпосу боюнча кино тартуу боюнча сүлөшүүлөр жүргөндөй болду эле. Бул долбоор ишке ашпай калдыбы?

– Ал мындан 4-5 жыл болгон. Ал жерде бир аз бизге ыңгайсызыраак шарт болгон. Негизи кытай киночулары өздөрү биздин ыңгай менен тартасыздар деген шарт койгон. Ошондуктан бизге туура келген эмес.

Бул жерде болсо биз өзүбүз кандай шарт койсок, ошол шартка көнүп, булар өздөрүнүн материалдык-техникалык, финансылык жактары менен жардам берет. Мисалы “Манас” эпосун тартуу боюнча атайын эффекттер деген болот, ошондой нерселер Голливудда өтө бай. Тарыхый фильмдерди тартуу боюнча өзүңөр көрүп атасыңар укмуш мүмкүнчүлүктөр бар. Эгер бул эпосторду экрандаштыра турган болсок ошол жол менен гана алып чыгышыбыз мүмкүн.

– Султан мырза, сөзүңүздө айтып кеттиңиз Темир Бирназаровдун фильмдерин алып бардык деп. Т.Бирназаровдун суроосу бар, ошого кулак түрүп, анан сөзүбүздү уласак?

Т. Бирназаров: – Султан Акимович, кино тармагы маданият министрлигине киргенден бери 4-5 ай өтүп кетти, реструктуризация, реорганизация, система, жалпы баардыгы качан өзгөрүлөт деген суроону бергим келет эле?

– Аябай жакшы суроо берди Темир Бирназаров. Жакында эле өкмөттүн токтому чыкты кино департаменти боюнча. Биз жакын арада чоң реформа маселесин баштайлы деп атабыз, ошондой эле структуралык өзгөртүүлөрдү киришели деп атабыз.

Себеби азыркы кино тармагыбыз советтик системанын калыбында калыптанып калган. Азыр киночулар менен “Кыргызфильмдин” ортосундагы, ошондой эле жалпы эле кинонун өнүгүшүнө натыйжалуу, эффективдүү мүмкүнчүлүк бере турган жолдорун издеп атабыз.

Эң башкысы биз киночуларды мамлекеттик камкордукка алып, кино өнөрүн биз өнүктүрүшүбүз керек. Ар кандай жолдорун издеп атабыз. Биздин “Кыргыз фильм” биздин киночулардын негизги өзөктүү таянычы болуш керек.

Биз эл аралык дүйнөлүк кино рынокко чыгышыбыз керек. Ошондуктан биргелешкен кино тартуу маселесин колдоп атабыз.

Ошондой эле “Кыргыз фильмдин” ички структурасын да өзгөртөбүз. “Кыргыз фильмдин” жетекчилигинен баштап жаңы менеджерлерди тартуу маселесин карап атабыз.

– Маегиңизге рахмат.

Аманбек Жапаров, “Азаттык” радиосу, 16.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.