“Теңиринин” тескейи менен күңгөйү

Өткөн 2008-жылы Франция, Германия мамлекеттери Кыргызстан менен биргеликте “Теңири” тасмасын тартып, көрүүчүлөргө сунуштаган эле. Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестиндеги Данияр менен Жамилянын азыркы учурдагы заманбап сүйүүсү камтылган фильм. Албетте, тасмада каармандардын аты башкача болгону менен, сүйүшкөн эки жаш көпчүлүктүн каршылыгына карабай Данияр менен Жамиля сыяктуу эле качып кетишет. Жарыкка чыкканда кинотаануучулар, сынчылар “европалыктар кыргыздын жапайылыгын, кемчиликтерин көргөзүп, басмырлап тартыптыр” деп сындап чыгышты. Европалыктар каржылап тарткан “Теңири” тасмасы чындыгында эле кыргызды басмырлаганбы, бул туурасында фильмде баш каармандарды жараткан актерлордун ойу кандай – ошого назар салалы.

Илимбек КАЛМУРАТОВ: “Биздин жапайылыгыбыз евпропалыктарга кызык”

“Саманчынын жолу”, “Белгисиз маршрут” тасмасына тартылып, кыргыздын жаңы сериалдарында роль ойноп, эл көзүнө көрүнүп калган тажрыйбалуу артисттердин бири Илимбек КАЛМУРАТОВ былтыр “Теңири” фильмине тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон образды жаратты. Илимбектин учурдагы жаңы коомго көз карашы, кыргыздын ар-намысы, фильмдин тартылуу процесси тууралуу кебин уктук.

– “Теңири” фильми 2008-жылы тартылып бүтүп, элге сунушталган. Бул тасмада башкы каарман Темирдин образын жараттым. Образды канчалык деңгээлде жеткиргенимди айталбайм, көпчүлүк жакшы пикирлерин айтышты. Фильмдеги кейипкерим Темирдин адам катары эркектин чыдамкайлуулугун, күчтүүлүгүн, тазалыгын, сүйүүнү бекем туткан жакшы касиеттерин бергенге аракет кылдык.

“Теңири” тасмасынын тартылышы, сапаты, актерлордун ойношу мыкты деп айтылганы менен, ошол эле учурда кыргыздардын жапайычылыгын баса көрсөтүп, басмырлаган фильм деген да сөздөр болгон эле…

Европанын Азия өлкөсүнө, анын ичинен Кыргызстанга болгон көз карашын туура эмес деп айтууга укугум жок. Себеби, кыргыздарда куру намыс деген бар. Бул фильмге чейин тартылган “Бешкемпир”, “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын” деле кыргыздын түркөйлүгүн көрсөтөт. А чындыгында андай этап европалыктарда жок. Алар бизден 50-60 жылга озуп кеткен улуу өлкөлөр. Европалыктар бизди цивилизациядан артта калган өлкө катары эле көрүшөт, андан биз таналбайбыз. Бул европанын көз карашы, алардын тарткан тасмасы, өндүрүшү. Бул жерден эч кандай теригүүнүн кереги жок. Фильмде жапайычылык, басмырлоо бар деп айталбайм. Учурда биз кичине цивилизация жеткен борбордо жашап, алыскы Нарын, Алай, Ош, Баткендин түпкүрүндөгү айылдыктардын түшүнүгүнөн алысыракпыз. Кыргызстандын алыскы айылдарына барып калсаң cоюздун учурунда кичине бардарчылык бар эле, азыр күнүмдүк тапкан нанына ыраазы болуп жүрүшөт. Мамлекеттин келечеги эмнеден турат, биздин муун кайсы тарапта өсүп баратат – аны менен эч кимдин иши жок. Союздун убагында эл кичине түзүк болчу, азыр айылда эл бүтүндөй караңгы болуп калган десем жаңылышпайм.

Эмне үчүн эл аралык фестивалдарга катыша турган кыргыз тасмалары биздин жапайычылыгыбызды көрсөтүү менен гана байгеге ээ болушат?

Менин оюмча Батыш өлкөлөрү өздөрүн бизге караганда төөлүк өйдө көрүшөт. Биздин азыркы цивилизациядан артта калган абалыбыз алар үчүн жаңылык. Бул жаңылык жакын арада түгөнбөйт. Биздин жаңыдан калыптанып келаткан калк катары аларга жашообуз абдан кызыктуу. А чындыгында кыргыздын менталитети менен европаныкын салыштырып болбойт. Биринчиден окуя, экинчиден азыркы биздин жашап аткан коом, үчүнчүдөн ар бир кичинекей элемент алар үчүн ачылыш. Өткөндө Францияга барып, алардын жашоосуна суктандым. Бизде жок дегенде 25 жылдан кийин ошолордукундай жашоо болсо, чоң жеңишке жетишкен болмокпуз. Ал эми Ортоазия боюнча Кыргызстандын маданият, искусство, театр чөйрөсү күчтүү болуп эсептелинет. Биздин азыркы режиссерлорубуз деле өзүлөрү ачка калса дагы мамлекетке күч келтирбей жаманбы-жакшыбы фильм тартып атышат. Эгер ушул учук улана берсе, биздин келечегибиз жаман болбойт.

“Теңири” фильми чет мамлекетке барып жакшы байгелерге ээ болуп, Кыргызстан деген кичинекей мамлекеттин бар экенин башкаларга таанытып келди окшойт. Бирок, бизди биринчи жолу көргөн европалыктар жапайы экен деп кабыл алып калышпайбы?

Албетте, андай болушу мүмкүн. Мисалы, бүгүн эртең менен телевизордон компьютер системасы качан чыккандыгы тууралуу айтып атат. Компьютер биринчи жолу 1955-56-жылдары чыккан экен. Ал кезде кыргыздардын колунда эмне бар эле? Колунда камчы, астындагы он коюн айдап маашырланчу. Атүгүл ал учурда телевизор деген да жок эле. Азыр деле компьютер Кыргызстанга жеткени менен кыргыздын баардык жарандары биле бербейт. Демек, бул биздин жапайычылыгыбыз. Жаңы коом, жаңы багыттагы жашоого жаңыдан кирип аткан жаш өлкө экенибиз билинип турат.

Бул фильмге Батыштын менталитети ойноп, арасына эротикалык кадрлар да кошулуптур…

Албетте, кыргыз өзүнүн менталитетин кое бербейт. Фильмде кичинекей элементтер бар. Бирок, алардын суроо-талабы менен боло турган болсо, фильм мындан да башкачараак болмок. Бирок, тасмага катышкан актер-актрисалар сүйлөшүп, муну биздин эл кабыл албай коюшу мүмкүн, бизде менталитет башкача деп атып өзгөрттүк. Бул өлкө туусу, герби, мамлекети, гимни туруп ушундай нерсени азыркыга чейин ыпылас катары санайбы деп абдан таң калышты. А мындай көрүнүш европага эчак өткөн, жада калса Казакстан өтүп кетти. Ал эми кыргыздын өзүнүн кербезденген мырза жигиттери, назданган кыздары сыяктуу касиеттери бар. Мындан качып кутулалбайбыз, анткени биздин каныбызда бар. Ошентсе да фильмдеги элементтерди көрсөтүүгө аракет кылдык. Келишим боюнча фильм быйыл Кыргызстанга көрсөтүлөт.

Альбина ИМАШОВА: “Теңириге” тартылып, көзүм ачылды

1997-жылы 14 жашында “Бешкемпир” тасмасындагы башкы каарман Айнуранын образын жаратып Альбина ИМАШОВА көрүүчүлөргө өспүрүм кезинен тааныла баштаган. Андан кийин “Петрарканы окуу” фильмине, кыска метраждуу “Той” тасмасына, андан тышкары телепостановкаларда тартылып, таанымал актриса катары таланты баалана баштады. Өткөн жылы “Теңири” тасмасындагы Амиранын образын жараткандыгы үчүн көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

– Режиссер Актан Арым Кубат өзүнүн тобу менен “Бешкемпир” тасмасын тартам деп кастинг жарыялап, Ысык-Көл облусундагы мектептерди кыдырып, балдар-кыздарды тандап жүрүптүр. Ошондогу көпчүлүк катышкан чоң кастингдин ичинен мен тандалып, фильмге тартылып калгам. Чындыгында “Бешкемпирге” тартылганга чейин актриса болуп, киного тартылам деген ой болгон эмес. Атүгүл ушундай кесип бар экенин да билбептирмин. Ушул киного тартылгандан кийин актриса болом деп өзүмө-өзүм сөз берип, мектепти аяктагандан кийин искусство институтунун актердук факультетине тапшырдым.

Студенттик куракка чейин эле фильмге тартылып, таанымал болуп калган турбайсыңбы, окууга өткөндө кыйынчылыктар болдубу же?..

Окууга тапшырып аткан учурда мурда киного тартылгандыгым тууралуу окутуучуларга айткан эмесмин. Апам экөөбүз капысынан “Бешкемпирди” тарткан режиссер Актан байкеге кезигип калып, мен искусство институтуна тапшырып атканымды айттым. Ошондо Актан байке экзамен кабыл алып аткан агайга телефон чалып, “Бешкемпирде” башкы ролду ойногон кыз силерге тапшырып атат, карап көрбөйсүңбү деп айтыптыр. Эртеси экзаменге кирсем, кабыл алып аткан агай “эмне үчүн киного тартылдым” деп айткан эмес элең деп атпайбы.

“Теңири” фильми Франция, Германия, Кыргызстан өлкөлөрү биригип тартылган тасма эмеспи. Бул тасмадан эмне өзгөчөлүктөрдү байкап, эмнени үйрөнө алдың?

Ушул тасмага тартылгандан кийин көзүм ачылып, көп нерсеге көз карашым өзгөрдү, кыялымда жүргөн чоң мамлекеттерди кыдырып келдим. Париж шаарына, “Амазония-5” деген Бразилияда өткөн чоң кинофестивалга барып катыштым. Дүйнө жүзүнөн эң мыкты делген жети фильм катышыптыр, арасында биздин “Теңири” да бар. Ал жерден көрүүчүлөрдүн симпатиясына татыдык. Бразилиянын көп шаарларын, кооз жерлерин, жунглини кыдырдык. Бул кино мага көп жакшы жаңылыктарды алып келди десем болот. Францияда жыйырма күндөй болдук, ал эми Бразилияда он күн жүрдүм. Бирок, баарыбир Кыргызстанга жетпейт экен, өз жериме келүүгө абдан ашыктым. Илим байке экөөбүз Францияга чогуу бардык, ал эми Бразилияга жалгыз бардым.

“Теңири” тасмасында өнөктөшүң менен өбүшкөн, анча-мынча эротикалык көрүнүш бар экен, жолдошуң аны кандай кабыл алды?

Бул тасма тартыларда сценарийин окуп чыгып, ушундай эротикалык сахнасы бар экенин билгем. Режиссер менен ушул туурасында сүйлөшкөндө, “бул эч кандай эротикалык кино эмес, бул европада жөн гана көрүнүш, ошондуктан европанын көз карашы менен тартылып аткандыктан силер уялбагыла” деп айткан. Албетте, бул тууралуу жолдошум менен сүйлөшкөм. Анүстүнө жолдошум Арнис Кыдырмышевдин кесиби актер, Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы театрда иштейт, ошондуктан ал түшүнүү менен караган. Кино тартылып атканда кээ бир учурда жанымда болду. “Теңириде” бир кичинекей ролду ойноду. Арнис экөөбүздүн кызыбыз беш жашта.

Бул фильм сенин көмүскөдө ачылбай аткан талантыңды ачып, келечекке жол ачтыбы?

Өткөн күздө Шанхай эл аралык Ысык-Көл кинофестивалында ушул тасмадагы “Аялдын эң мыкты ролу үчүн” деген сыйлыкты Голливуд жылдызы Марк Дакаскостун колунан алдым. Анын колунан сыйлык алыш мен үчүн чоң жаңылыкты ачты го деп ойлойм. Жакында кыргызфильминен режиссер Б.Карагуловдун “Бешик” фильмине тартылдым. Андан тышкары Замир Эралиевдин “Тоолор” тасмасында башкы ролду ойноп атам.

Эгерде чыныгы жашоодо “Теңириде” аткарган кейипкериңдин тагдыры кайталанса, жолдошуңду тандайт белең же сүйгөнүңдүбү?

Эми бул роль да. Ал жерде Альбина эмес, таптакыр башка аял. Эгерде жашоомдо ушундай кырдаал болуп калса, жолдошумду эле тандамакмын. Кейипкеримдин эрктүүлүгү, шайырдыгы, күчтүүлүгү жагат. Биздин заманда анын жасаганы туурабы же туура эмеспи, билбейм. Бирок, ал өзүнүн чыныгы сүйүүсүн тандады деп ойлойм.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Агым”, 13.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.