Жаңы заманга – жаңы стандарт

Кыргыз билим берүү академиясы Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартын жана мамлекеттик предметтик стандарттарды даярдоого киришти. Ошентип жакынкы жылдарда республикабыздын жалпы билим берүүчү мекемелеринин (мектеп, гимназия, лицей) педагогдору жана окуучулары үчүн заманбап башкы нормативдик документ даяр болот. Ушул маселенин тегерегинде Кыргыз билим берүү академиясынын улуу илимий кызматкери Айгүл Элебесова оюн ортого салды.

Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды ишке киргизүү боюнча эксперименттер 2011-2012-окуу жылында жүргүзүлө башталмакчы. Анткени окуу комплекттерин (предметтик окуу программаларын, окуу китептерин, атластарды, карталарды, методикалык колдонмолорду жана колдонмо дептерлерди ж.б.) даярдоо жана мугалимдерди кесиптик даярдыктан өткөрүү үчүн убакыт талап кылынат. Ошондуктан бул иш-аракеттин ар бир баскычы боюнча жүргүзүлө турган ишти ийине жеткире аткаруу менен, шашылбастан жүргүзүү зарыл.

Жалпы билим берүү реформасын жүргүзүү кыйла убакытты талап кылган татаал процесс. Дүйнөлүк процесс көрсөткөндөй, билим берүү стандартын даярдоого жана ага ылайык окуу комплекттерин иштеп чыгууга кеминде 5 жыл убакыт талап кылынат.

Стандарттардын айырмачылыгы

Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жана мамлекеттик предметтик стандарттардын мурдагы варианттары, предметтик окуу программалары сыяктуу эле, билим берүү тармагындагы коомчулук тарабынан гана иштелип чыгып, натыйжада окуучулардын окуу жүктөмү ашкере көп болуп калчу. Ал эми бул экинчи муундагы жалпы билим берүү стандартынын концепциясы стандартты жалпы билим берүүнүн натыйжасына карата үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин талаптарынын жыйындысы катары кароо менен, стандарттын аткарылышы үчүн алардын өз ара жоопкерчиликтерин кошо карайт. Демек, Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүү жолуна түшкөндөн бери жалпы билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн максаттары алгачкы жолу ачык айкын жана так аныкталууда.

Мында кеп позитивдүү баалуулуктардын жана идеалдардын улуттук системасын калыптандыруу тууралуу болуп жатат. Тактап айтканда, “Кыргызстан тарыхы” курсунун концепциясы жөнүндө. Миграциянын массалык агымы жүрүп жаткан заманбап шартта бөтөн маданияттарга карата сабырдуулук менен мамиле кылуу, патриоттуулук идеологиясын калыптандыруу, Кыргызстан коомунун этномаданий көп түрдүүлүгүн аңдап туюу – билим берүү системасынын алдына мына ушундай милдеттер коюлууда. Бул милдеттер турмуштук тажрыйбалардын натыйжасында болочок план, программаларга киргизилүүгө тийиш боло турган жагдайдан болуп саналат.

Ал эми дүйнөлүк тажрыйбаларга кайрыла турган болсок, Улуу Британиянын билим берүү министрлиги британдык баалуулуктар окутула турган сабактарды киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө атайын доклад менен чыкты. Ал документте британиялык мектептерде жарандуулуктун жана маданий көп түрдүүлүктүн негиздерин окутуу методдорунун обзору берилген.

Кыргыз билим берүү академиясынын Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү борборунун Тарыхый-коом таануучулук жана эстетикалык билим берүү лабораториясында 2009-жылы төмөнкүдөй жалпы билим берүүчү предметтик мамлекеттик стандарттар иштелип чыкмакчы:
o Тарых боюнча жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
o Коом таануу боюнча жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
o Экономика боюнча жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
o Дүйнөлүк көркөм маданият боюнча жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
o Музыка боюнча жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
o Көркөм өнөр боюнча жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты.
Анткени билим берүүнүн мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.
Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары окуу программаларынын, окуу китептеринин жана методикалык колдонмолордун авторлору үчүн багыттоочу жолдомо болуп саналат. Демек, мамлекеттик стандарттар жалпы билим берүүнүн мазмунун жөнгө салып турат.

ХХI кылым – гуманитардык илимдин кылымы

Заманбап жалпы билим берүү жаатында, албетте, бүгүнкү күндөгү социалдык жана технологиялык прогрессти аныктоочу предметтерге басым жасалат. Ошондуктан республикабызда жалпы билим берүүнүн нормативдик документтери иштелип бүткөндөн кийин стандартка киргизилген окуу предметтери боюнча жаңы муундагы окуу китептерин даярдоого киришмекчибиз. Алар төмөндөгү предметтер: тил жана адабият, тарых, коом таануу, экономика, география, физика, математика, биология, химия, дүйнөлүк көркөм маданият ж.б.

Табигый илимдер тармагындагы россиялык белгилүү окумуштуу, академик Моисеев Никита Николаевич ХХ кылымдын соңунда мындай деп айткан экен: “Ушуга чейин мага физика, техникалык илимдер жана албетте, математика гана айтууга арзырлык анык илимдей, анык иштей болуп сезилчү. А бирок, кийинки кезде менин “гуманитардык” деп аталган илимдер жаатындагы проблемаларга кызыгуум арта баштады. Эми минтип, өзүмдүн көптөгөн жылдык илимий да, педагогикалык да ишмердигимдин тажрыйбаларына талдоо жүргүзүп иликтеген сайын гуманитардык илимдердин жана гуманитардык багыттагы таалим-тарбия берүүнүн зарылдыгына терең ынанып калдым. Мында белгилеп кете турган жагдай, менин ушундай оюма кошулган физиктердин, математиктердин, табигый илимчилердин саны уламдан-улам арбууда. Мен келечек жөнүндө, ноосферанын болочок доору жөнүндө ойлонгон сайын, келаткан кылым гуманитардык илимдердин кылымы болот… адам жөнүндөгү илимдин кылымы болот дегенге көбүрөөк ынануудамын”.
Н. Н.Моисеев эмне себептен ушундай деп баа берген?

Биринчиден, ХХ кылымдын аягында табигый илимдердин прогресси жана техникалык прогресс өз бетинче оң натыйжаларды бере албастыгы айкын болду. Илимий-техникалык прогресстин дүйнөнү туруксузданткан жана адамзаттын жан сактоо проблемасын алдынкы планга чыгарган карама-каршылыктары ачыкка чыкты. Генндик инженерия, микродүйнөнүн физикасы, электроника жаатындагы жетишкендиктер жана башка көптөгөн жагдайлар изилдөөлөргө этикалык баа берүү, илимий-техникалык долбоорлордун гуманитардык экспертизасы сыяктуу маселелерди курчуткан.

Экинчиден, ХХ кылым жаратылыштын сырларын тааный билген, табигый илимди жана техниканы түзгөн адамга болуп көрбөгөндөй күч-кубаттуулукту бергени менен, натыйжада адам өзүн жаратылышка каршы койгон туңгуюкка кептелип, өзүнүн ишмердигинин гумандуулук критерийлерин жоготуп алганын туйду.

Мына ушундай шарттарда көптөгөн окумуштуулар адамзат проблемаларын табият таануунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана коом таануучулук баа берүүгө таянуу менен, комплекстүү чечүүгө өбөлгө боло турган жагдайды издештиришип, натыйжада табигый-техникалык жана гуманитардык илимдерди интеграциялоого үндөшүүдө. Арийне, мына ушундай өңүттө гана дүйнөнүн илимий-техникалык багыттарды да, социалдык-саясый ишмердикти да аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү бирдиктүү бир бүтүн бейнеси түзүлмөкчү.

Жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектеп, гимназия, лицей) окуган окуучу заманбап илим иштеп чыккан маалыматтардын бүт баарын башына батыра албайт. Ошондуктан азыркы учурда “Билим берүү мазмунунун фундаменталдык өзөгү” деген документти иштеп чыгуу зарыл. Анда заманбап коомдогу адамдын ишмердигинин үзүрүн аныктоочу идеялар, фактылар, концепциялар камтылышы керек. Аларды иргештирүү өтө татаал процесс. Ошондой болсо да аны иштеп чыгуу керек.

Маселен, жалпы билим берүүчү мекемелердин баскычтары боюнча (башталгыч, негизги, жогорку) милдеттүү түрдө кайсы адабий чыгармалар окутулушу керектигин тийиштүү адистер тактап чечип алуулары зарыл. Мындагы баарыбызга дайын жагдай, окуучу окуган чыгармасындагы каармандар менен баарлаша билүүгө, тийиштүү маалыматтарды таап, аларга талдоо жүргүзө билүүгө, сын көзкараш менен ой жүгүртө билүүгө тийиш. Ырас, советтик доордо биз классикалык чыгармаларды дүңү менен “сугунчубуз”. Натыйжада анын пайда-зыяны деле билинбей калды. Демек, окуучуларды опсуз эле көп окууга мажбурлоонун эч зарылчылыгы жок. Ошондуктан бүгүнкү күндө филологиялык билим берүүнүн да максаттары өзгөрүлүүдө.

Жаш муундарга таалим-тарбия берүү тармагынын иш-аракети үзүрлүү жана натыйжалуу болушу үчүн бийлик жана өкмөт колунан келгендин баарын жасашы керек. Өспүрүмдөрдү жана жаштарды социалдаштыруу процессинде ар бир адам үчүн жекече жана бүтүндөй адамзат коому үчүн өз өлкөсүнүн тарыхын жана жалпы адамзат тарыхын окуп өздөштүрүү гуманитардык билим берүүнүн, кеңири мааниде ала турган болсок, жалпы билим берүүнүн фундаменталдуу өзөгү болуп саналат.

Ошондуктан өлкөбүздүн мамлекеттик бийлигинин жана анын адистештирилген түзүмдөрүнүн – ведомстволордун жана институттардын тарыхый билим берүү багытына кызыкдарлык менен көңүл бурушуна негиз бар.

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.