“Айтыш” коомдук фонду Бишкекте Ноорузга арналган төкмөлөрдүн концертин өткөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда ак тандай акындардын азил-айтыштарынан куралган “Нооруз ыры” аттуу тамаша концерт өткөрүлөт. Иш чара Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы “Zpress.kg” маалымат агенттигине билдирди.

Концертке акын Амантай Кутманалиев, Майра Керим кызы, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Токтобеков, Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевдер сыяктуу республикалык жана эл аралык айтыштардан баш байге алган акындар катышаары күтүлүүдө.

“Аталган концерттин башка концерттерден өзгөчөлүгү-жалаң ырлардан куралгандыгы. Тагыраак айтканда бул жерде алып баруучунун ролун дагы акындар өздөрү аткарышат. Концерттен түшкөн каражатка “Айтыш” коомдук фондуна ортолук максатта жумшаганга автоунаа алуу пландаштырылууда”, деп – кошумчалады басма сөз кызматынан.

“Айтышчылардын” маалыматында, “Ачекей” көп тармактуу бирикмеси концертке кеткен чыгымдарды көтөрүп, демөөрчүлүк кылмакчы.

«Zpress.kg» МА, 18.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.