“Бишкек – Джаз – Жаз” эл аралык фестивалына катышуучуларга конкурс жарыяланды

“Бишкек – Джаз – Жаз” эл аралык төртүнчү фестивалына катышуучуларга конкурс жарыяланды. Бул туурасында Кыргызстан донорлор коомчулугу маалымдайт.

Маалыматка ылайык, фестивалга катышуу үчүн Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын бул багыттагы музыканттары катыша алышат. Мында этно-джаз музыкасына басым жасалып, катышуучулар өз өлкөсүнүн элдик обонун кошуп музыкалык композиция жаратуулары керек.

“Бишкек – Джаз – Жаз” фестивалы үч күнгө созулуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга ээ болушат. Мында биринчи орунга 600, экинчиге – 400, үчүнчүгө – 300 доллар каралган. Мындан тышкары кызыктыруучу сыйлыктар да бар.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 18.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.