Кыргызстанда “Жерге өз укугуңду корго” сүрөттөрүнүн конкурсу өттү

“Жерге өз укугуңду корго” деген балдар сүрөтүнүн жана жат жазууларынын конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул туурасында “КАБАР” агенттигине “ЛАРК” бирикмесиинин коммуникациялар жана ЭМКлар боюнча – айыл калкына укуктук жардамдашуу адиси Тынымгүл Эшиева билдирди. Конкурска 150дөн ашык сүрөт жана 35 жат жазуулары келген, алар жер темасын жана жерге укукту каттоо проблемасын ар тараптан чагылдырган. Ага бардык өлкөдөн жер проблемасын чечүүгө жана чагылдырууга кызыккан кенже жана жогорку класстын балдары катышкан.

Жеңүүчүлөрдү “ЛАРК” бирикмесинин, “Ай данек” гезитинин, “Айыл Демилгеси” компаниясынын, ЮСАИДдин “ДеМСУ” долбоорунун жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамагенттик курамында болгон конкурстук комиссия аныктаган.

МТ, «Кабар» МА, 18.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.