Белгилүү “20 кылым FOX” кинокомпаниясы режиссер Б.Шамшиевдин “Сүйүү тангосу” көркөм фильмин биргеликте тартууга даяр

Голливудттагы “20 кылым FOX” кинокомпаниясы режиссер Болот Шамшиевдин “Сүйүү тангосу” көркөм фильмин биргеликте тартууга даяр. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинде уюштурулган пресс-конференция учурунда Маданият жана маалымат министри С.Раев билдирди. Фильм 15 млн. долларга каржыланып, анын 80 пайызы Кыргызстанда тартылса 20 пайызы Америкада тартылат. “Сүйүү тангосу” эки сериялуу көркөм фильмин “20 кылым FOX” кинокомпаниясы толугу менен каржылап аны тартууга даяр. Ролдорду кыргыз актерлорунан тышкары, белгилүү россиялык жана америкалык актерлор ойношот”, – деди ал.

Фильмдин режиссеру Болот Шамшиев тасма биринчи кезекте кыргызча тартылаарын, андан кийин гана башка тилдерге которулаарын билдирди.

М.Момуналиева, «КАБАР» МА, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.