Эл аралык “Ачык коом” институтунун сүрөтчүлөр арасындагы гранттык сынакка документтерди кабыл алууну аяктады

Эл аралык “Ачык коом” институту сүрөтчүлөр арасында гранттык сынак жарыялайт. Борбор Азия жана Кавказ, Афганистан, Монголия, Пакистан мамлекеттеринен профессионалдык сүрөтчүлөр катышууга укук алган. Өз эмгектеринде талапкерлер жогорудагы мамлекеттерде адам укуктарынын сакталышы жана социалдык теңчиликти чагылдырышы керек. Сынакка катыша турган ар бир катышуучуга белгилүү, тажырыйбасы чоң, эл аралык абройго ээ болгон бир сүрөтчү жетекчилик кылат. Ал ар кыл семинарларды уюштуруп сынактын катышуучусунун тажырыйбасын жогорулатат.

Сынактын жүрүшүндө жана акыркы этабында эл аралык эки семинар уюштурулат, кайсыл жакта өтөөрү али белгисиз.

Катышкан сүрөтчүлөрдүн ар бир 20 жеңүүчүсүнө 3 миң 500 доллар суммасындагы гарант берилет. Институт катышуучулардын баардык чыгымдарын өз мойнуна алат. Заявкаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-мартында аяктады.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 21.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.