Исхак Раззаков

Кыргыздын көрүнүктүү ишмери Исхак Раззаков жөнүндө Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова минтип эскертет:

Бир күнү үйдүн морун тазалап, карала-торала иштеп жатсак, Исхак Раззаков баштаган чоңдор үйгө чейин кирип келсе болобу. Мен майланган, көөлөнгөн капкара колумду катып турсам, Исхак Раззаков:

– Колуңузду бериңиз, сиздин иштерман колуңуздан артык кол барбы, – деп кол алышса, өзүнүн колу да көөлөнүп калды, – дейт.

Кандай гана жөнөкөйлүк! Мындай адамдардын элеси эл ичинде эч убакта унутулбас. Өзгөчө, бүгүнкү турмушубузда тамшануу менен эскертет экенсиң, ов!

«Айгай», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.