“Куш төрөсү буудайык, ит төрөсү кумайык”

Кыргыздар тайганды атам замандан бери эмнеге асырап келген? Анын себеби, тайган көп кылымдык табигый тандалуу жолунан өтүп, бийик тоонун катаал шартына ылайыктуу эл багаар. Аксакалдардын айтымында, бир тайган бир айыл журтун тойгузган замандар болгон. Бул жомок эмес, – көөнө кыргыз турмушу. Тайган ууга чыкса, кийик алып, чөө, карышкыр тиштеп, элибиздин төрт түлүк малын ууру-бөрүдөн коргоп келген. Элибиздин баба салтын улап, улутубуздун өзгөчөлүгүн бийик деңгээлге жеткирүү менен каражанын карч уруп, салбуурунчулук кылган. “Хан-Тайган” ит өстүрүү бирикмесинин ээси Марс Кендирбаев жана жубайы Назима Маматова менен сыр бөлүштүк. Алар учурда жыйырмадан ашык Алакуш, Аккуш, Туйгун, Ылаачын, Чоң кара, Куткарбас сыяктуу тайгандарды багат экен. Тайгандарды жылына төлдөтүп, 60 тай күчүк алып, күчүктөрүн 100 доллардан 1000 долларга чейин, а чоңдорун 1000 доллардан өйдө сатышат. Ар биринин документ иштерин жүргүзүп, ал тургай тукумунан өйдө каттоого алып турушат. Башкалар жакшы тукумдагы тайгандарын 200 долларга үйүгүштүрүп кеткен учурлар да бар. Бул эки жубай таң эртеден-кечке чейин иттер менен алек. Марс тайгандарды машыктырууга кеткенде, Назима тайгандарды тойгузуп үйдөн чыкпайт. Күнүнө 60 литр ботко бышыруу түйшүгү кимге оңой? Мүнүшкөрлүк кесип Марска ата-бабасынан калган. Бул үйбүлө 2006-жылдан бери Ысыккөлдө өткөрүлгөн иттер аралык сынактан биринчиликти берелек. Стандарттуулугу боюнча Орто Азия аралык сынактын эки жолку сыйлыгын жеңип алышкан.

Марс Кендирбаев:
– Тайган да улуттук байлыктардын бири болгон үчүн аны кийинки муунга калтырууну максат кылам. Анткени тайгандын таза кандуулугу жоголуп, тукум-курутка айланып, жок болуу коркунучу пайда болгон. Бүгүн бирок кудайга шүгүр, 2000 тайган болсо, анын 500ү гана таза кандуу чыныгы тайгандар. Буга чейин тайгандын саны кескин кыскарып кеткендиктен талаанын барын карышкыр, чөө каптап кеткен. Мунун башкы себеби, тайгандын тукум курут болуп кеткендегиси. Менин башкы тилегим, кыргыздын таза кандуу, асыл тукум тайгандарынын санын көбөйтүү. Анча-мынча болсо да, мүнүшкөрлүк сапат болгодуктан, тайгандын таза кандуулугун аныктай алам. Чыныгы тайгандар кулагы, тумшугу узун сүйрү, тыбыттуу, жүнү көп, куйругу шакек сымал оролуп, тиштери чоң келет. Айта кетчү нерсе, асыл тукум тайган гана сөзсүз түрдө карышкырга кол сала алат. Эгер карышкырдан корксо, демек, андай тайганда башка иттин каны бар деген кеп. Туризм министри Турусбек Мамашов “Улуттук байлык” деген статус кабыл алып, жакында чет жактарга экспорттоого уруксат берилди. Тайганды сөзсүз түрдө экспорттош керек. Ансыз тайгандын баркы кетет. Анын тукумун өстүрүп, элге жайылтпасак, унутта калат. Мен ар бир тайганды өз баламдай асырайм. Башкалардын да ошондой мамилесин каалайм. Кудай-таала буларга тил киргизбегени менен акылды аябаптыр. Кенедейимен тайган менен аралашып, болгон дүйнөсүн түшүнүп, иттерим менен сүйлөшөм. Алар мени түшүнүп, кадимкидей тилимди алат. Итке кылган мындай мамилемди көргөндөр күлүп, мыскылдашат. А мен мындан ырахат алам. Мен үчүн турмуштагы эң оор нерсе – ит уурдатуу. Жакшы тайганымды уурдатканда санаа тартам. Бирок, бала кезде өзүм деле ит уурдап чоңойгом. Себеби, уурдалган ит жакшы чыгат дешет. Тайгандарга аябай берилгенимден ыр да жаза коем. Ал ырлардын бири мындай:

Назима Маматова:
– Эртеден-кечке ушул иттердин түйшүгү менен чарчайсың. Үч балам менен буларды да багам. Тайган жырткыч жаныбар болгондуктан, малдын каны менен азыктанышы керек. Андан сырткары күрүч, улпак ботколорун кайнатып беребиз. Күнүнө 60 литр ботко бышырам. Ар бир итке бөлүп берип, кээде сейилдөөгө алып чыгам. Марс ит машыктырганы кеткенде, тайгандарды кароо менин милдетим. Айта кетчү нерсе, иттерге алдын-ала, ар кандай ооруларга каршы ийне саябыз. Түшүнүксүз ооруларга чалдыкканда, биз да кошо ооругандай эле болобуз. Кымбат дарыларга карабай, айыктырып алабыз. Бирок, жетишкендиктерге келгенде, бардык кыйынчылыктарын унутабыз.

Венера НАРКЕЕВА

Кумайык

Кумайык куш тууптур дейт тегинде,
Кыргыз менен чогуу келет жеринде.
Ит деп айтпайт, ит тукуму болсо да,
Ит эмес бул тайган дешет элимде.
Жырткычтардан кайра тартпас жаныбар,
Туят, сезет алгырлыгы дагы бар.
Табышмактуу, сулуу сымбат сынын айт,
Бул жандыкта асыл тукум каны бар.
Бул сырттандан жыркыч качат зырылдап,
Калкым үчүн кызмат кылган асылды.
Адам бага касиеттүү деп ырымдап,
Дүйнө эли таң калышат тайганга.
Эч окшошпой бөлөк-бөтөн айбанга
Жаратуучу жараткансыйт кайыптан
Кыргыз үчүн жаралыптыр маңдайга.

«Айат», 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.