Кыргыздын Малахову кантип дарылайт?

Кыл тамырчы, 150 чөптүн түрүн колдонуп, кытайдын кырма дарысынан ашса ашкан, кем калбаган дары жасаган Кыргыздын Малахову атыккан Дүйшөнбек Чомоевдин “Табыпчылык улуу сыр” деген китеби кечээ жакында жарык көрдү. Бул китептин артыкчылыгы жана мекенибиздеги кайталангыс дары чөптөрдүн дарылык касиеттери, аларды колдонуунун жол жоболорун, сырларын Дүйшөнбек мырза “Асман пресс” гезитинин сүйүктүү окурмандары менен бөлүштү.

Ит сийгек жүрөк оорусунун табылгыс дарысы
Ит сийгек (Анабазис безлистный) чөлдүү жерде өсө турган уулуу өсүмдүк. Мындан жасалган дары жүрөк оорууларынын баардык түрүнө табылгыс дары. Даярдоо ыкмасы:Тамырын алып, кургатып, жанчып, анын жарым чай кашыгын 0,5кг балга аралаштырып, күнүгө 1 чай кашыктан 3 жолу даярдалган дарыны түгөнгөнчө ичиш керек. 15 күн дем алып, кайра эле ошол ыкма менен дары жасап дагы ичип, төрт жолу кайталаса жакшы жардам берет. Ошондой эле жүрөгү оорукчандар ит сийгектин сабагын, жалбырагын менен кошо оруп, кургатып, жанчып, 1 чай кашыгын 0,5 кайнак сууга демдеп, бир күн тундуруп, сүзгөндөн кийин 1 чай кашыктан үч жолу ичип, 7 күн дем алып, дарылоону кайра баштаса болот. Окурман ит сийгек жүрөк оорусуна миңден бир дары экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Чырмоок өпкөнү тазалап, жөтөлдү басат
Элдик медицинада дарылыкка сары чырмоокту колдонулат. Чырмооктун жер бетиндеги бөлүгүнөн кургатылып, жанчылганынан 100 гр алып, 0,5 сары майга аралаштырып, ысык сүт менен эки ай ичсе, өпкөнү тазалап, какырыкты кетирет. Өнөкөт жөтөлдү тыйып, демиккенди басат.

Ошондой эле майдын ордуна 0,5 кг балга кошуп, ысык чай менен ичсе, талма ооруусуна эм болот. Чырмооктун кургатылып, жанчылганын спиртке кошуп, ачытылган тундурмасын денедеги жарага, ооруган жерге тартса, дартка даба болгон дарылык касиети чоң.

Байчечекей ак кан ооруусунан айыктырат
Байчечекей өсүмдүгүнүн тамыры пиязга тектеш өсүмдүк. Апрель айынын 10уна чейин гүлү менен тамырын кошо алып, кургатып, жанчып, 100 гр. 0,5 кг балга аралаштырып, аккан оорусуна чалдыккан адам күнүнө бир чай кашыктан 3 жолу сыркоосу сакайганча ичсе, байчечекей аккан дартынан тез эле айыгып кетүүгө көмөктөшөт.

Же аккан оорусуна чалдыккандар байчечекей гүлүнүн порошогунун бир аш кашыгын 0,5 л кызыл виного салып, үстүнө жүз грамм бал кошуп, 4-5 күн тургузуп, күнүнө тамактанардан жарым саат мурун бир чай кашыктан 3 ай ичсе дартына даба болот.

Кызгалдак бойго бүтүрүп, сепкилди кетирет
Кызгалдактын сабагы жалбырагы менен оруп алып, көлөкө жерде соолутуп, сууга салып кайнатып баш жууса шакыйын айыктырып, чач түбүндөгү какачты кетирет. Ошондой эле кызгалдактын тамырын жаштайынан майдалап туруп, анын 200гр. 0,5 литр аракка кошуп, 15 күн тургузуп, беттеги сепкилди жана ар түрдүү тактарды сүртсө, 7 күндө жоголот.

Уругун алып, анын бир аш кашыгын жанчып, 1 аш кашыгын 0,5 кг. балга аралаштырып, күнүгө бир чай кашыктан үч жолу жесе жатындын кагынуусун айыктырып, жаш аялдын бала төрөөсүнө пайдасын тийгизет. Эгер ушул эле ыкманы эркектер колдонсо бойго кубат берип, көңүлүн сергитет. Уктабай кыйналып жүргөн адамды тынчтандырат.

Кургак учукка алоэ жакшы жардам берет
Алоэнин 3-5 жаш аралыгындагы жалбырагын алып, салкын жерде 7 күн соолутуп, эт туурагычтан өткөрүп, даяр болгон алоэнин маңызын чыны идишке куюп, 0,5 гр. 200 гр. балга аралаштырып, оозун бекем бекитип, караңгы жерге үч ай кармап, кургак учукка кабылгандар тамак ичерден жарым саат мурун күнүгө үч маал үч аш кашыктан ичиш керек. Ушул ыкманы кургак учукка кабылгандар 6 жолу кайталап жасоосу зарыл. Жок эле дегенде кургак учук 1,5 жылда айыгат.

Ошондой эле алоэни дайыма ичи катып, кыйналган адамдар эт туурагычтан өткөн маңызын күндө эки-үч жолу тамак ичерден жарым саат мурун бир аш кашыктан ичсе жакшы жардам берет. Алоэни сууда кайнатып ичсе, 12 эли ичеги жарааттарына, бронхитке, бронхиттик астмага табылгыс дары. Алоэге сары май менен бал кошуп ичсе, өзгөчө бронхитке жакшы жардам берет.

Спиртке, алоэнин жаңы жалбырагын жана ага алтын тамыр, бал кошуп, бир нече күнгө коюп койсо коньяктай кызарып калат. Ушул аралашманы эртели кеч тамак алдында 1 аш кашыктан ичип жүрсө, эркектердин белкубаттулугун жогорулатат. Белгилеп койчу жагдай алоэден жасалган дарылар аялзатына сунуш кылынбайт.

Меңдубана гемморройго, кулактын безине, омуртка оорусуна табылгыс дары
(Белена черная)
Бул уулуу өсүмдүк. Ички тышкы жараларга, ичеги, жоон ичегиден кан кеткенди токтотууга жакшы жардам берет. Бул өсүмдүктү жыйнаган мезгилде колгап кийип, ооз менен мурунду таңып, оруп алган чөптү капка салып, көлөккө жерге кургатып, талкалаганда чаңын ооз мурунга киргизбей сактаныш керек. Антпесе ууланып калуу коркунучу бар.

Меңдубананын данын жанчып, спиртке ачытып, муун оорууларга сүртсө болот. Кокус демикмеңиз күч алып баратса, меңдубананын кургаган жалбырагын кагазга ороп, басса тып басылат. Кургатылган жалбырагын кайнатып, бууласа колу, буту какшап, бели ооруганды жоготот. Данын күйгүзүп жыттаса грипп менен тез ооруган адам сакаят. Ошондой эле тиштин оорусун басат. Данын талкалап сууга кайнатса, майы бетине калкып чыгат. Майын калпып алып, кызытса май өзү калат. Ал май менен геморройду сүртсө ачышып ооруганы басылып, бул кеселден тез сакайтууга жардам берет. Ошондой эле меңдубананын майы кулак түбүндөгү безге жана омуртка(грыжасына) табылгыс дары.

Жалбыз 101 оорууга дары
Көктөмдө жалбызды терип алып, кургатып, талкалап, 2 аш кашыгын 0,5 кг балга аралаштырып, күнүнө 3 жолу бир чай кашыктан 2 ай ичсе, жүрөк, бөйрөк, боор, өт оорууларына эм болот.

Ушул эле өлчөмдө бал ордуна сары майга аралаштырып ичсе, өпкөнүн дем алуу жолдорун тазалайт. Буулуккан жөтөлдү тыйып, кардыккан добушту ачат.

Ошондой эле терчил адам жалбыздын ысык сууга чылып, демдеп, уктаар алдында жарым стакан ичсе да терден арылууга чоң жардам берет. Бутунда жагымсыз жыты чыбашы барлар сууга үч убак бутун жууп жүрсө, жагымсыз жыттан көп узабай арылат.

Полиартрит менен ооруган адам кургатылган жалбырагын сууга кайнатып, жатар алдында бир жолу ванна жасап, бууланып жүрсө, сыркоосунан тез сакаят. Жалбыздын тунмасы ичтин көбүшүн басаңдатып, бойго күч кубат берип, гемморройдун кагынуусун жазып, этек кирдин мөөнөтүнөн мурда келүүсүн токтоткон дарылык касиетке ээ. Кыскасы жалбыз “101” оорууга дары.

Чыйкандан жабыр тартсаңыз…
Өрүк какты кайнатып, анын кайнатмасын иче берүү керек. Шабдалынын сөөгүн күйгүзүп, күлүн солидорго аралаштырып, чыйкандын оозуна жаап байлап койсо чыйкан тез жарылат. Андан соң адырашман салынган жылуу суу менен жууп, чыйкандын ачылган оозуна таза бал жаап таңып таштайт. Ал чыйкандын ириңи менен өзөгүн кошо сууруп чыгат.

Жылан чакса…
Кокус жылан, чаян, каракурт, уулуу аары чакса, уусу бүткүл денеге тарап кетпес үчүн катуу таңып, чаккан жерди бычактын учу менен тилип, канын агызып, атайылап катырып койгон эчкинин этин жабып, ошол ыкманы тез-тез кайталап тууруш керек. Анткени, эчкинин эти ууну тез кайтара турган касиетке ээ.

P.S. Гезит бети ченелүү болгондуктан Дүйшөнбек Чомо уулу дары жасап жүргөн чөптөрдүн дарылык касиеттеринин бир азын гана берүүгө туура келди. Урматуу окурман эгер сиз мекенибиздеги дары чөптөрдүн сырын, дарылык касиетин билип, дартыңызга даба тапкыңыз келсе, “Табыпчылык улуу сыр” деген китебинде айтылган 150 чөптүн дарылык касиеттеринин баарын билип, дартыңызга даба тапкыңыз келсе, биздин редакция менен байланышыңыз.

Даярдаган Чынайым Кутманалиева, “Асман пресс”, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.