Подружка маек

Бурул Сарыгулова: “Экөөбүздүн топурагыбыз бир жерден”

Бүбүкан Досалиева: “Мен кыйын” дегендер иренжитет”

Кыргызда “досуңдан төө сура, уялгандан бээ берет” деген жакшынакай сөз бар. Анын сыңары досу көптү жоо албайт эмеспи. Ошентсе да азыркы заманда достукту туу тутуп, ыйык сактагандар саналуу. Аялзаты да, мырзалар да достукка келгенде алсыз, кээде өз пайдасына карап сатып, чыккынчылык кылып да кетиши мүмкүн. Бирок биз билгенден кенедейден ээрчишип дос болуп жүргөндөр аз эмес. Алардын бири белгилүү журналисттер, “Азаттыктын” айчырайлуу кыздары, калеминен да, сөзүнөн да калемпир, мурч тамган эжекелерибиз Бүбүкан ДОСАЛИЕВА менен Бурул САРЫГУЛОВА. Эки подружкени редакцияга чакырып, чай үстүндө достук, сүйүү, сырдашуу, сагынуу тууралуу ойлорун тыңдадык.

– Канча жылдан бери курбу болуп жүрөсүздөр. Дегеле достук деген сиздер үчүн эмне?

Бүбүкан Досалиева: – Бурул экөөбүздүн курбулук мамилебизге быйыл 33 жыл болот. Ага чейин экөөбүз бири-бирибизди райондук, областтык газетага чыккан макалаларыбыздан фамилиябызды окуп, сыртыбыздан билчүбүз. 1976-жылы университетке тапшырганы келгенде биринчи жолу өңүбүздөн көрүшкөнбүз. Дос деген нерсе мен үчүн абдан ыйык. Ушул 33 жылдын аралыгында Бурулду досум деп эң көп дегенде он жолу айтсам керек. Себеби антип айтыш аябай кыйын. Бул биринчиден, экинчиден чоң жоопкерчиликти моюнга иле турган күч. Менин Асыл деген чоң энем “Курманбектин Аккан деген досу болгон. Дос деген ошондой болот. Анан жамандын досу көп, пайдасы жок. Дос дегенди ыйык күтүш керек. Дос бирөө эле болот, болбосо бул дүйнөдө дос болбойт” деп көп айтчу. Өзүмдүн энем Бейшекан да инилерим келип, “досум менен кезигип калдым, досум менен сүйлөшүп калдым” десе, “сен дос деп жөн эле сүйлөй бересиңби. Адамдын бир-эки гана досу болот. Болбосо жок болот. Дос деген сөздү айтпай жүр. Алар сенин жарма досторуң, классташтарың, айылдаштарың болот” деп бизди кагып, силкип тарбиялады эле да. Ошон үчүн дос деген абдан ыйык, керек болсо кайталангыс көрүнүш. Мен жашоомдогу эң башкы принцибим, досум деп, жолдошум деп, курбум деп тандаган адам өзүңө кандай ойду ойлосоң, өзүңө кандай тилек тилесең, өзүңдү кандай түшүнсөң ошондой адам болуш керек деп ойлойм. Анан достукта досум мен көргөндү көрсүн, мен туйганды туйсун, мендей болсун деген принцип менен жашап келатам. Эгер андан башка сезимдер болсо анда достукту бир көз ирмемде жокко чыгарып коюуга болот.

Бурул Сарыгулова: – Экөөбүздүн топурагыбыз бир жерден жаралган үчүн дос болуп жүрөбүз деп ойлойм. Бүбүкан экөөбүздүн ички сезим, туюмдарыбыз абдан окшош. Жеке эле достук эмес, турмуштук принциптерибиз төп келишип турат. Таза жашаганды жакшы көрөбүз, бирөөгө көз каранды болгубуз келбейт. Карасанатайлыкты жаман көрүп, бирөөгө жамандык жасабайбыз. Айлана-тегерегибизди жакшы адамдар курчап, үй бүлөбүздө бакубат жашоо өкүм сүрсө дейбиз. Ушундай маселелердин барысы бизди бириктирип турат. “Кудай кошкон дос болот” дейт. Анын сыңарындай кудай кошуп дос болуп калдык. Бүбүкан айткандай студент кезибизден таанышып, сыйлашып калдык. Ушул сапарда бизде жакшы нерселер да, жаман нерселер да болду. Жакшы тилек тилегендер абдан көп эле. Бирок ошол эле учурда ортобузду бөлүп, карасанатайлык кылгандар да жок эмес болчу. Ошонун барысын жеңип, бири-бирибизге болгон ишенимибизди актап, бири-бирибизди сатпай турганыбызды далилдей алдык деп ойлойм.

– Ортобузду бөлүп, карасанатайлык кылгандар болду дедиңиздер. Мисалы сизге курбуңузду жамандап келген кезде сиз эмне кылчусуз?

Б. Д: – Андай учурлар толтура болгон. Жаныбызда иштеп жүргөн адамдар айтып келчү. “Кулак укса курсак кайнайт” дегендей, биринчи укканда жаман сезимдер пайда болот. Бир аз бушайман болуп, анан ичиңди уйгу-туйгу кылган ойлор тарап кеткенден кийин өзүңчө олтуруп, “жок, андай болушу мүмкүн эмес” деген чечимге келесиң. Мезгил кимдин ким экенин таразалап, ачыкка чыгарып коет экен. Андай учурда биз бири-бирибизге айтпайбыз. Көңүлүбүздү кирдетип алуудан алыспыз. Дегеле достор арасындагы териштирүүнүн кажети деле жок.

– Эс алуу учурун кандай өткөрөсүздөр, чогуу кандай жерлерге барасыздар?

Б. С: – Бизде эрчишип бир жерге барып эс алууга таптакыр мүмкүнчүлүк жок. Экөөбүздү тең салмагы бар кесипкөй адамдар катары баалашат. Ошондуктан экөөбүз бирге эс алууга чыгып кетип калууга ички абийирибиз жол бербейт. Мындай учурда биз үйбүлөбүз менен жакшы мамиледебиз. Керек болсо бир туугандардан да артык мамиледе десек болот. Себеби бири-бирибизге күйүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, кеңешип жүрөбүз. Кээде олтуруп бир туугандарыбыздын артыкчылык, кемчилик жактарын айтып талкуулайбыз.

Б. Д: – Окшоштук жактарыбыз көп. Менин апам каза болуп калды. Көзү тирүү кезинде Бурул экөөбүз апаларыбызды аябай окшоштурчубуз. Чын эле апаларыбыздын окшош жактары бар болчу. Бир туугандарыбыз да жакын болуп калышты да. Жолуккан учурда “ай, подружка” деп апаларыбыз сүйлөшөр эле. Азыр бир туугандарыбыз менен да жакшы мамиледебиз. Бурулдун сиңдилерин өзүмдүн сиңдилеримдей көрөм. Балдарыбыздын мамилеси да жакшы. Кичинекей уулум Аскар Бурулдун Элдар деген баласы менен жакшы. Элдар байке дегенде ичкен ашын жерге таштайт.

Б. С: – Дос деп биз акыркы жылдары эле айтып калдык. Ага чейин такыр айтчу эмеспиз. Бул мамиле чоң жоопкерчилик экенин сезип, канча достор бири-бирине ынак болуп жүрүп араздашып эки жээкте калгандарын көргөндө астапыралла дейсиң. Бизди чыныгы дос, теңтуш деп айтканга татыйбыз го деп ойлойм.

– Алыс сапарга кеткенде сагыныч сезимдери оргуштайбы?

Б. Д: – Мен Прагага эки-үч айга иштеп кеткенде же Бурул бир сапарга кетсе бир эч кимге айтпаган ички сезимдерди ачканга адам жок, Бурулду абдан жоктойм.

Б. С: – Мен дайыма бир маселе болгондо Бүбүкандан кеңеш сурайм. Башка адамдар берген кеңештен да Бүбүкандын айтканы мага артык.

– Жаз келип, айымдар келбетине артыкча көңүл бөлгөн учур болбодубу. Сиздер сулуулукка кандай көңүл буруп атасыздар? Косметикадан сырткары накта азык-түлүк, мисалы каймак, айран же өсүмдүк, жер-жемиштерди колдонуп, бетке маска жаап же сулуулук салондоруна барып атасыздарбы?

Б. Д: – Чынын айтсам келбетибизге көңүл бурганга убактыбыз тар. Сен айткан накта азыктарды колдонмок турсун, даяр салондорго барууга мүмкүнчүлүк жок. Болгону Бурул мага белек кылган косметика каражаттарын колдонуп, бир аз боенумуш болом. Колго тийген менен жасанып жүрөбүз.

Б. С: – Менде деле ушундай шарт. Мына Бүбүкан белек кылган “Коллаген” фирмасынын пудрасы менен шаша-буша жасанып келе калдык.

Б. Д: – Косметика тандаганда да бири-бирибизге айтып, “ай, ушул жакшы крем экен” деп, же жумушка сатып келген боенгучтардан алып калбасак атайын сулуу болуу үчүн салон кыдырып же дүкөндөргө косметика издеп барбайбыз деле. Убактыбыз жок.

Б. С: – Кээде “жөнөкөй эле аял болсок ээ. Сыланып, сыйпанып, үйдө тамак жасап, үйдү карап, гүлдөрдү сугарып, күзгүнүн маңдайына кенен олтуруп жасанып, дүкөндөрдү кыдырсак, аялдардын тусовкаларына барсак” деп эңсеп калабыз. Биз кесибибизди биринчи планга коюп алганбыз. Эгер Бүбүкан кесибин сүйбөгөндө, артынан түшүп кызмат кылбаганда, балким бир саясатчы болуп кетмек беле. Андай сунуштар болгон. Мен бир чоң кызматта иштеп калмакмын. Мындай сунуштар да жок эмес болчу. Бирок биз өзүбүздүн ишибизге берилгендиктен андай нерселерге жол берген жокпуз да. Бүбүкан “бул акпы, биз үчүн ак бойдон калат. Бул карабы демек кара экенине көзүбүз жетип турган соң ал кара бойдон калат” деп айтып калат.

– Бизди ушактап, жамандагандар болду дедиңиздер, а сиздер бирөөлөрдү ушактап, жаман жактарын айтып калган учурлар болобу?

Б. С: – Биз сүйлөшөбүз, бирок аны ушак деп эсептебейбиз. Ал сүйлөшкөн нерселер ортобуздан эч качан сыртка чыкпайт.

Б. Д: – Эгер кесиптештерибиз тууралуу сөз кыла турган болсок бул ушак эмес, жөн гана профессионалдык анализ. “Бул эмне үчүн мындай болуп атат?” деген сыяктуу суроолорго жооп издейбиз. Ал эми адамдык сапаттты алсак көр пенделик ар кимде бар да. Жамандайбызбы, жакшылайбызбы бары бир бул дүйнөгө келген салмагы менен кала берет. Биз ал жагына кайрылбайбыз. Болгону туура эмес бир нерсе жасаса ошону кантип оңдош керек же жакшы нерсе жасаса ошонун кандай жагын алышыбыз керек деген жөнүндө сөз кылабыз. Биздин турмуштук багажыбыз толуп калды. Эми балдарыбызга, келечек муундарга кантип тарбия беребиз деген суроо ойлондурат. Журналист катары да коомдо милдеткер болуп, жаш журналисттер кеңеш сураса эмнени беришибиз керек деген маалга келип калдык. Тажрыйба муундан-муунга өтүш керек деген нерсе тууралуу сүйлөшөбүз. Мисалы мен улуу адамдар менен сүйлөшүп, алардын жакшы жагын алганга аракеттенем. Жаш кезде “эмне хоббиң бар?” деген суроого тамашалап “жакшы кишилер менен сүйлөшүү” деп калчумун.

Б. С: – Бирөөлөргө таштап кетүү деген өтө маанилүү экен да. Жакшы адамдар өздөрүнүн билгендерин кийинки муундарга көп учурда бербей калат деп айтылып жүрбөйбү. Ошондуктан билген нерселерибиздин көбүн жаштарга бергенге, үйрөткөнгө далалат кылып келебиз. Ошол эле учурда биз билбеген көп нерсе бар. Мисалы арабызда бизден көп билген акылдуу жаштар болсо алардан билбеген нерсени сурагандан тартынбайбыз. Жаштардан да ошону талап кылабыз. Анан мага “мен кыйынмын” деп айрым жаштардын жылдыз оорусу менен ооругандары жакпайт. Бул адам үчүн өтө опурталдуу нерсе. Ушундан качса дейм. Келечегине сокку алпкеле турган көрүнүш. Менин акыркы учурда ушундай ой көкүрөгүмдү өйүп келет.

Б. Д: – Менимче жылдыз оорусу деген убактысы менен келет да. Азыркыларда “дүйнөнүн барысы менин колумда” деген ой пайда болду. Улуу, кичүүгө карабай кемсинтип жашоонун өзү кыргыздын менталитетине балта чаба турган мүнөз.

– Кесипке маани берген адамдардын оюнда азыркы журналистикага эмне жетишпейт?
Б. Д: – Анализ жетишпейт. Кайсы гезитти ачып караба барысы тең окшош. Уюткуну, мамлекеттин, тарыхтын, глобалдык маселенин уюткусун алып чыгып азыркы учур менен чагылдырып, анализдеген материалдар жок. Азыр жөн гана чагылдыруу болуп калды. Бул топтун же тиги топтун кызыкчылыгын чагылдырып коюу менен чектелишет.

(Уландысы бар)

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат», 19.03.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.