ТУРЭЛ ИДЕЯСЫ

“Түбөлүк достук” конкурсуна

“Эч бир өлкө Дүйнөлүк Шериктештикке
жалгыз-жарым барып кошула албай
тургандыгын да толук түшүнүүбүз зарыл”.
Н. Назарбаев

“Белорусия канчалык деңгээлде даяр болсо, Россия ошончолук деңгээлде аны менен биригүүгө макул”.
В.Путин

“Беш манжа жазылып турганда алаканды, түйүлүп турганда муштумду берет”.
Автор

“Алашчылар” жана “туранчылар”
ТурЭл(“Туран элдеринин лигасы”) идеясы илгертен эле түрк тилдүү калктардын арасында жашап, анын акыл-эстүү катмарын дайым ойго салып келген.

Туран бириккенде дүйнөнү бийлеген. Туран чачылганда, дүйнө аны бийлеген. Дээрлик 100 жыл бою ал Россияга ак эмгегин, кара күчүн берип кызмат кылды. Эми Туран эркиндикке чыгып, өзүн өзү бийлөөгө умтулууда. Бирок, өзүн өзү бийлеш үчүн биригиши керек. Ансыз ал өзүн өзү башкара албайт. Өзүн өзү башкара албаган элди башкалар келип, басып алып башкарат.

* * *
1917-жылы Алихан Букейханов, Ахмет Байтурсунов, Миржакып Дулатов ж.б. казактын улуттук лидерлери тарабынан жазылган “Алаш” партиясынын Программасынын Жобосунда: Россия федерациясынын курамында Казак автономиясын түзүү тууралуу ой айтылган. Мына карап көрөлү:

“Россия демократиялык, федеративдик республика болушу керек. (Демократия дегенибиз мамлекетти эл бийлейт деген сөз. Ал эми федерация дегенибиз тең укуктуу мамлекеттердин биримдиги. Мындай федеративдик республикада ар мамлекеттин өз үйү бөлөк, бирок ынтымагы бир болот. Ар бири өз тизгинин өзү башкарат)”2 .

Тилекке каршы улуу орустук шовинизм саясаты ар бир элге “өз тизгинин өзү башкаруу” укугун толук берген жок. Өз алдынча мамлекет курууга умтулган Туран элдери жалгыздап Россия империясына каршылык көрсөтүүгө күчү жетпеди. Ал эми биригүү идеясын көтөргөн эр-азаматтар 1937-жылы, калганы 1953-жылы репрессияга учурады. Өз улутун сүйгөндөргө – “улутчулдар”, Туран федерациясын түзөлү дегендерге – “туранчылдар”, жалпы түрк элдеринин биримдигин жактагандарга – “пантүркчүлдөр” деген ярлыктар тагылды. Жакшы сөздөр жаман сөздөргө айланды. Жакшы адамдар “эл душмандары” делинди. Баскынчыларга каршы күрөшкөндөр өздөрү “басмачы” аталды. Ал эми орустар ойлоп тапкан Совет бийлигин идеологиясын колдоп, аларга кошоматчылык кылгандар кызматтарга көтөрүлүп, эл башкарышты.

Бирок, 1922-жылы курулган улуу империя бир кылымга жетпей, акыры 1991-жылы кыйроого дуушар болду. Туран элдери бириге турган ыңгай түзүлдү.

* * *
Бул идеянын үстүндө кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү да иштешкен. Кандайдыр бир деңгээлде алар өз мезгилинен алда канча алдыга кеткенин ачык айтыш керек. Кыргыз интеллигенциясы бир өлкөдө жашаган мезгилде улуу орус эли менен бирдей укукта болбой турганын түшүнүшүп, Туран аймагынын элдерин бир “федеративдик” түзүлүштөгү мамлекетке биригүүгө чакырышкан. Алар Улуу Туран же Улуу Түркстан федерациясын түзүүнү сунуш кылышкан. Чынында ал “конфедеративдик” түзүлүштөгү коом болгон. Мына анын уставында айтылгандардан үзүндү:

СТПнын Программасы:
· Советтер Союзу менен капиталисттик мамлекеттерге бирдей каршы турган жана курамына бүт түрк уруулары кирген Туран федеративдик республикасын түзүү иштерин уюштуруу керек.

  • Келечектеги Туран федеративдик республикасынын түзүлүшү СССР менен буржуазиялык-капиталисттик түзүлүштүн ортосундагы саясий коом. Биздин коомдо “жумушчу” жана “дыйкан” өз алдынча тап катары жашабайт. Биздин республика элдик бийликке негизделген тапсыз коом болуп саналат.
  • Туран бийлигинин ишин жеңилдетүү үчүн бүт түрк тилдерин сингармония мыйзамынын негизинде жалпы бир орток тилге бириктирүү керек.
  • Турандын жогорку бийлиги Курултайга таандык. Ал эми съездер аралык жыйындарда бийликти комитеттер башкарат3 .

Ар андай талаш-тартыштардын негизинде партия “ Социал Туран партиясы ” деп аталган. Анын биринчи төрагасы болуп А.Сыдыков шайланган.

1933-жылы 14-майдагы суракта С.Курманов “Биз түзгөн “Социал Туран партиясынын” программасынын негизин улуттук принцип түзгөн” деп жооп берген.

Кечээ эле алашчылар менен туранчылар көтөргөн коомдук түзүлүштү бүгүн Казак калкынын улуу лидери Н. Назарбаев күн тартибине коюуда. Ал мындай дейт: “Биз кандай коом куруп жатабыз – элдик капитализми же шведдик социализмби” деп сурагандарга мен башымды чайкап жооп берем. Менимче, биз терминдер менен ойногон оюндардан алыс болгонубуз туура”4 .

Демек, казактар бүгүн социализм менен капитализмдин ортосундагы “өзөк жол” менен баратышат. Бул жол кечээги көчмөн малчынын баласы, ливиялык улуу лидер Муаммар Каддафи айткан “ Дүйнөлүк өнүгүүнүн үчүнчү жолу “. Бул чынында биздин ата-бабалардын жолу. Ошондуктан ал биз үчүн улуу жана ыйык жол. Анткени ал келечектин жолу. Биздин көз карашыбызда, эртең бүт адамзат басчу жол – ушул жол.

Бирок бул жолду бир мамлекет өзү жалгыз сала албайт. Жалгыз Казакстандын же Кыргызстандын күчү ага жетпейт.

Биригүү жөнүндө сөз болгондо Орхан Инал мырза: “Биз, түрк эли сиздер менен тарыхыбыз бир экендигин, түпкү тегибиз кыргыздардан тарагандыгын жакшы билебиз. Түркиядагы ар бир түрктөн тегин сурасаңыз ушундай деп жооп беришет” дейт. Дал ушул сөздү айткан, “Себат” билим берүү коомунун Кыргызстандагы бул өкүлүнөн ошол эле журналист: “Орхан мырза, өзүңүз билесиз, араб өлкөлөрүнүн лигасы бар. Түрк өлкөлөрүнүн да лигасын түзүүгө болобу?” деп сураганда, ага айткан анын жообу бул: “Чынында, бул биздин тилегибиз. Улутуна, маданиятына, тилине, каада-салттарына карабай түрк элдеринин биримдигин түзүүбүз керек. Карап көрөлүчү, тилдеринин ар башкалыгына карабай Европадагы бир катар өлкөлөр биригишти, биригип жатышат. Араб өлкөлөрү болсо, маселелерин ортодо чечип, бир мамлекеттей аракеттерге келишүүдө… Азыр глобалдашуу процесси жүрүп жатпайбы. Мындай учурда керек болсо, Россия, Кытай өлкөлөрү курамына кирген биримдик же Орто Азиядагы өлкөлөрдүн биримдигин түзсө болот. Б.а., азыркы мезгил бардык өлкөлөрдүн, бардык элдердин биримдикте, ынтымакта иш жүргүзүшүн талап кылууда”5

Эң туура, бирикмейинче биздин улуу тилектерибиз орундалбайт, ойлогон ой-максаттарга эч качан жетпейбиз. Кудай да бириккен элдерди, ынтымактуу калктарды гана колдойт. Бүгүнкү күнү бириккен элдер гана дүйнөнү топон суудай каптаган ирилештирүү идеологиясынан аман калып, эртең ошолор узак өмүр сүрөт.

* * *
Политологдор, англиялык геосаясатчы Хелфорд Мактиндердин: “Ким Борбордук Азияны башкарса, ал Евразияны башкарат. Ким Евразияны бийлесе, ал дүйнөнү бийлейт” деген сөзүн кайталап айтып жүрүшөт.

Чынында, биз Россияга тең болобуз десек – биригишибиз керек. Эгер Кытай биз менен эсептешсин десек – биригишибиз керек. Эң башкысы: биз өзүбүздү өзүбүз бийлейбиз десек – биригишибиз керек.

Чынында, биз – турандыктар бириксек – Россияга тең болобуз. Анда Кытай да биз менен эсептешет. Эң башкысы: бириксек – биз өзүбүздү өзүбүз бийлейбиз. Эгер өзүбүздү өзүбүз бийлеген деңгээлге жетсек, анда Евразия бизге бурулат. Эгер Евразия бизге бурулса, анда биз Дүйнөнү башкарабыз.

* * *
Басма сөз беттеринде азыркы учурдагы саясий абалга анализ жасашкан журналисттер: “Борбор Азияда өз үстөмдүгүн орнотуу боюнча АКШ менен Россиянын тымызын таймашуусу өз апогейине жетти көрүнөт” деп жазып жатышат. Анан дагы андан нары ойлорун улап минтип айтышууда: “Кокус бул эки державанын ортосунда саясий согуштан улам чыр-чатак чыкса, Кыргызстан АКШ менен Россиянын аскердик техникаларын сыноочу полигонуна айланбайт деп ким кепилдикке өтө алат?” Эң туура. Ошондо эмне болорубузду азыртан баштап ойлонууга тийишпиз. Ошол үчүн биригүүбүз зарыл.

Кече бирикпей жашаганыбыз үчүн Россия бизди басып алып башкарды. Эми бүгүн бирикпесек, эртең бизди Кытай басып алып бийлейт. Анда түбөлүк кул элге айланабыз…

* * *
Кыргыз – казак туугандыгы тууралуу Казак республикасынын президенти Н. Назарбаевдин айткан сөзү мындай: “Менин айтайын дегеним – биз өтө жакын элбиз. Мына дүйнө жүзүндө канчалаган калк жашайт. Ошонун ичинде казак менен кыргыздардай жакын элди таба албайбыз. Биздин тарыхчыларыбыз, адабиятчыларыбыз да айтып жүрүшкөндөй биздин жаныбыз да, каныбыз да, тилибиз да, дилибиз да бир экени ырас. Мен өзүм Ала-Тоонун этегинде туулуп, өскөн казакмын. Бала кезимен кыргыздын жайлоосунда, кыргыздар менен чогуу жүрүп өстүм. Биздин ата-бабаларыбыз ага-жээн, куда-сөөк болуп, бул нерселер менин каныма сиңип калган. Менимче, кыргызды менден артык түшүнгөн казак жок болуш керек.”

Дагы бир журналисттин: “Сиз жаңы уюмду – Борбордук Азия мамлекеттеринин союзун түзүүнү сунуш кылуудасыз. Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз” деген суроосуна Президент минтип жооп берди: “Азыр бүткүл дүйнөдө интеграциялоо процесси жүрүп жатат. Биз муну Америка, Азия жана Европадан байкасак болот. Мен ишенем, бул процесс биздин регионду да өз алдынча өнүгүүгө түртөт, анткени бизде жемиштүү өнүгүүгө бардык ресурстар жетиштүү. Анын үстүнө региондун жашоочулары менталитети жагынан, тили жагынан жана бири-бири менен тарыхый тамыры бир. Эгер биз өз чегараларыбызды ачып алсак, анда соода жагынан да жемиштүү өнүгүүлөргө жол ачылат.

Интеграция процесси биздин аймакты дүйнө мамлекеттери менен жакындаштырып, көптөгөн регионалдык көйгөйлөрдү, көптөгөн талаш маселелерди чечет деп ойлойм” .

Илгертен ата-бабаларыбыз: “ырыс алды ынтымак” деп айтышкан. Дагы: “Бириксең төбөңдөгү төртөөнү аларсың, бирикпесең алдыңдагы алтоодон айрыларсың” дешкен. Ырас, элибиз айткандай: “Сөз чындыгынан бузулбайт”. Чын сөздү айтсак, анда ушул: “Тууган элдер бирикпей туруп, тууган эмес элдер бирикпейт”. Дал ушул көз караштан алганда, Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев да: “Эгер Кыргызстан менен Казакстан ошондой биримдик түзүүгө даяр болушса, анда аны түзүү керек. Калгандары кийин келип кошула берет” деп айткан жайы бар.

Чынында, Кыргыз менен Казак бирикпей туруп, башкалар алар менен бирикпейт. Экөө бириксе, “төртөөсү” өздөрү келип кошулат. Алтоосу бириксе, Алтай менен Оролдун ортосу биригет!

* * *
2007-жылы Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Өмүрзак Өзбеков биригүү идеясы тууралу сунуштун каралып жатканы туралуу мындай деген: “Биз кошуна өлкөлөрдүн баарына жаңы Союздун концепциясын жөнөттүк. Аны ар бир өлкө окуп чыгып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышы керек. Азырынча эч кимден жооп ала элекпиз. Маселе концепцияда жазылган ар бир ойду кылдат карап чыгууда турат. Ошондуктан биз эч кимди шаштырган жокпуз. Ойлогон ой ошол замат эле ишке ашып кетет деп ойлогон да эч ким жок. Анткени, бир эле бажы мыйзамын алсак, анын 100 дөн ашык пункуту боюнча биздин өлкөлөрдүн ортосунда кайчы пикирлер бар. Көрдүңүзбү, алдыда бизди кандай көп иштер күтүп турганын?”9 .

Бул идея тууралуу Нурсултан Назарбаевдин дагы бир жолу минтип айтты: “Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө өз ара алака түзүүгө, күч-аракеттерин бириктирүүгө, бири-бири менен болгон карым-катнаштарын акылга ылайык жөнгө салууга умтулууда… Биз тарыхтын сабактарынан жана иш тажрыйбаларыбыздан жыйынтык чыгаруубуз керек. Анан, эч бир өлкө Дүйнөлүк Шериктештикке жалгыз-жарым барып кошула албай тургандыгын да толук түшүнүүбүз зарыл”.

Казак президенти, Борбор Азия аймагында өз элине түбөлүктүү “жол тандап” жаткан улуу лидер10 экени талашсыз чындык. Аны эч ким танбайт. Ал кишинин айтканы боюнча, бүгүн “Казакстандын алдында азыркы цивилизацянын алдыңкы толкунун кууп жетүү милдети турат.”11

Бирок, менин жеке көз карашымда, цивилизация “токтоп” эле турбаса, жалгыздап ага Казакстан да, Өзбекстан да, Кыргызстан да кууп жете албайт. Эгер биригишсе, анда алар “кууп жетмек” турсун, ашып, алдыга өтүп, 21 -кылымда азыркы цивилизацияны баштап, ага жаңы жолду сунуш кылышы толук мүмкүн!

Бүгүнкү ирилештирүү (“глобализация”) идеологиясы – ал дүйнөнү каптап бараткан топон суу. Ал “бириндеп” жашаган элдерди агызып жок кылат. Ал эми бириккен элдер аман калып, топон суу тартылгандан кийин жашоосун башка деңгээлде улантышат.

* * *
Түркиянын мурунку Маданият министри Намык Кемал Зейбек Кыргызстанга келгенде минтип айткан: “…Биз байыркы улуу Туранга Ататүрк көрсөткөн жол менен келдик”.

Ошондо тарыхты билбегендер: “Туран” деген эмне? Ал каер?”. “Ататүрк” деген ким?” деген суроолорду бири бирине берип, ага жооп издеп башташкан. Ал эми билген адамдардын ичинен Авазбек Турсунбаев деген бир ишкер Туран тууралуу мындай деп жазды: “Орто Азия Туран деп аталган доордогудай бир болсо деп көптөн бери кыялданам. Өзүм түзгөн бейөкмөт уюмду да “ Туран ” деп атагам. Бирок ошондой союзду кантип түзсө болот? Ал боюнча менин оюм мындай: эгер КМШ нын үлгүсү боюнча түзсөк, анда андан эч нерсе чыкпайт. Евросоюз – мына ушул идеал үлгү! Бирок, ошондой союзду түзүүгө биздин жетекчилердин чечкиндүүлүгү жана эрки жетеби?”13 .

Бул маселеде Н. Назарбаев өзүнүн “биригүү” жөнүндөгү оюн көптөн бери ортого салып, ачык айтып келатат. Чынында Турандын биригүүсү казактарга караганда бизге-кыргыздарга көбүрөөк керек. Ал эми жалпы алганда, бириккенден баарыбыз утабыз. Тарыхты карайлы; Түрк элдери бириккенде дүйнөнү бийлеген, чачылганда, бийленген аларды бийлеген.

* * *
“Туран – “турлардын мекени” – деп айтылат мурунку адабияттарда. Ал эми “турлар кимдер” деген суроого – “түрктөр” деп айтылган бир жооп бар. Бирок: “Туран – Түркстан эмес, турлар – түрктөр эмес” деген кайчы пикир да жогорку аныктама менен катар жашап келатат.

Жеке менин изилдөөлөрүм боюнча да “турлар – түрктөр эмес”, турлар – көчмөн огуздар. Ал эми “огуз” этноними түрк элдеринин түпкү жалпы аты. Алар Көкө Теңирге сыйынышкан. Ошондуктан этникалык түшүнүктө Туран – “көчмөн огуздардын өлкөсүн” түшүндүрсө, теологиялык мааниде “Туран – Теңирдин өлкөсү” дегенди түшүндүрөт. Анткени, лингвисттердин изилдөөлөрүнө караганда “теңир” теониминин праформасы “тур” деп айтылган. Ошентип оюбузду жалпылап жыйынтыктасак: Туран – “Теңирге сыйынган огуздардын өлкөсүн” билдирет.

Дал ушул көз караштан алганда, биз сунуш кылып жаткан “ ТурЭЛ” термини “Туран элдеринин Лигасы” дегенди билдирет. Мен бул идея боюнча үч нерсени сунуш кылар элем. Ал:

  • Биринчи, Борбордук Азияны өзүнүн түпкү аты менен мындан нары “ Туран ” деп атоону;
  • Экинчи – Туран элдеринин лигасын – “ ТурЭЛ” деген термин менен белгилөөнү;
  • Үчүнчү, көчмөн элдердин көбүнө мүнөздүү демократиянын идеал үлгүсү болгон “бий институтун”, б.а. түбүндө “аскердик демократиядан” өсүп чыккан “көчмөн эл бийлигинин” принциптерин бүгүнкү күнгө ылайык калыбына келтирүүнү.

* * *
Айтым сөз: “Өз аскеринин курсагын тойгузбаган эл, чоочун элдин аскерин багууга аргасыз болот”. Демек, биздин аскерибиз болуш керек. Бирок бир элдин аскери бизди коргой албайт. Ошол үчүн биригишибиз керек.

Политологдордун жазганы боюнча: “Аймактын биринчилиги үчүн болгон күрөш бүт дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн көңүлүн өзүнө бурууда. АКШ, Евросоюз, Россия, Кытай, ошондой эле Түркия, Иран жана Индия өлкөлөрү Борбордук Азия мамлекеттери менен экономикалык жана саясий багыттар боюнча байланыш түзүүгө умтулушууда. Ал эми бул аракеттер ушул аймакта жашап жатышкан өлкөлөрдүн ич ара мамилелерине да сөзсүз өз таасирин тийгизип жатканы жашыруун эмес”14 .

“Эгер Кыргызстан жөнүндө айтсак, анда ал өзүнүн түзүлүшү жана стили боюнча ал Үчүнчү дүйнөнүн өлкөсүнө кирет”15 Бул орус тилдүү саясатчылардын Кыргызстан тууралуу айтканы.

“Үчүнчү дүйнө” кандай дүйнө? Ал өнүгүүдөн такыр артта калган же өнүкпөй калган элдердин дүйнөсү. Алардын көбү африкалыктар.

ХХ кылымда Кыргыз эли дүйнөгө теңдешсиз эки улуу генийди – Саякбай Каралаев менен Чынгыз Айтматовду бергенине карабай, бүгүнкү күнү башка элдердин бизге берген баасы ушундай. Ырас, бул “баанын” да чындыгы бар экенин моюнга алуу керек. Бирок бул “баа” Кыргыз элине эмес, Кыргыз мамлекетин башкара албай жаткан башчыларга тиешелүү.

* * *
“27 өлкөдөн турган Европа Шериктештиги ХХ1 кылымдын коомунун алдында турган өтө татаал маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн саясий уюм”.

Жогорку сөз Евросоюздун тышкы байланыштар жана саясий кызматташтык тармагы боюнча комиссиясынын комиссары Б. Ферреро-Валднерге тиешелүү. Анын айтканы боюнча европалыктардын “гүлдөп өнүгүүсүнүн жыйынтыгы болуп адам укугу жана мыйзамдуулук идеяларына терең негизделген аймактык кызматташтыктын өзгөчө формасы эсептелет. Дал ушул тажрыйба – алардын ийгиликтеринин сыры”16 .

Биздин байыркы ата-бабалар Адам укугун Улут укугу менен бир бүтүн караган. Ал эми Мыйзамдуулукту Салтка айлантып жашаган. Эгер биз ошол ата-бабаларыбыздын тажрыйбасын бүгүнкү күнгө ылайык иштеп чыгып, кайра калыбына келтирсек, анда Туран элдери өзүбүздү өнүктүрүп, бузулуп жаткан Европа коомун да кыйроодон аман сактап калат элек. Ал Жаңы Доордун башталышын билдирет. Биз үчүн жаңы доор Евросоюздун үлгүсүндөгү “ТурЭЛ” саясий уюмун түзгөн күндөн башталат! Ал үчүн Биригүүбүз керек!!!

Шилтемелер:

1. Бул макала 1995-жылы “Нуска” гезитинде жарык көргөн “Туран идеясы” аттуу макаланын уландысы болуп саналат. Макаланын аты(“ТурЭЛ”)- “Туран элдеринин лигасы” дегенди түшүндүрөт.
2. Нурпейисов К., “Алаш хэм Алашорда”, Алматы, “Ататек”, 220-бет.
3. В. Плоских: “Манас не признал себя виновным”, Бишкек, “Илим”, МП “Табылга”, 1993г., 28-30-беттер.
4. Мундузбек Тентимишов, “Нурсултан Назарбаев – өз өлкөсүнүн даанышман лидери”, Адабий Ала-Тоо №3, 10.02.2009ж.
5. Маектешкен Мирлан Дүшөнбаев, “Тегибиз да, келечегибиз да бир”, КТР-ОБО 322, 30.05.2008ж.
6. Аттокуров Э., “Борбордук Азияга неге айрыкча көңүл бурулат?”, Ачык саясат №11, 13.02.2009ж
7. Н. Назарбаев: “Кыргызстанга жасаган расмий сапарым абдан жемиштүү болду, маекти массалык маалымат каражаттарынан жазып алган Т. Баетова, Эркинтоо, 4.05.2007ж.,
8. Е.Денисенко, “Двое остальных не ждут”, Вечерный Бишкек, 4.05.2007г., которгон мен-Б.Т.
9. А. Орешкин, “торопить не собираемся”, Вечерный Бишкек, 4.05.2007г., которгон мен-Б.Т.
10. Мундузбек Тентимишов, “Нурсултан Назарбаев – өз өлкөсүнүн даанышман лидери”, Адабий Ала-Тоо №3, 10.02.2009ж.:
11. Ошол эле жерде
12. “Боордош Кыргызстан жүрөгүнө тартты”, Кыргыз туусу, 19-22.09.2003ж., Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк 2-курултайында сүйлөгөн сөзү. Түркиянын “Таржыма” гезитинин 3.09.2003-жылдагы санынан кыргызчага которулуп басылган.
13. М. Урумбаев, “Виват Кырказстан”, Вечерный Бишкек, 4.05.2007г
14. С. Епифанцев, А. Лобанов, “Региональный аутсайдер или равноправный субьект?”, СК, 16.03.2007г
15. С. Епифанцев, А. Лобанов С. Епифанцев, А. Лобанов, которгон мен-Б.Т.
16. Б. Ферреро-Валднер, “Европейскому союзу – 50”, СК, 16.03.2007г.; Б. Ферреро-Валднер, комиссар Европейской комиссии по внешним связам и политике добрососедства

«Айгай», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.