“Здравствуйте, товарищи!”

“Кыргыз” деген улут пайда болгону, андан бери канча доор алмашты. Эми ошол мезгилдерде кыргыз эли кыргыз тилинде сүйлөп келген да. Муну айтканым, биздин азыркы “акылдуулар”, “намыстуулар” өзүнүн Кыргызстан деген жеринде жашап жатып, быйыл кыргыз тили расмий тил болгондугунун 20 жылдык маарекесин белгилегени жатышат, тагыраак айтканда белгилейли деп чуркап жүрүшөт. Өз элинде, өз мекенинде жашап жатып, анан ошол өз тилиңдин 20 жылдыгын беигилейбиз деп жоону чапкандай бакылдап жатканыбыз кандай гана өкүнүчтүү… Кайран тилим, бүгүнкү урпактарың ушунча бечара болсок кантели… Анан да жанагы мыйзамчыл акылдууларыбыздын айтканы боюнча сүйлөсөк, кыргыз тили расмий тил мыйзамынын кабыл алганына жыйырма жылга жакын убакыт өтсө да, ошол тилди көтөрөбүз деген көп жактары кагаз жүзүндө калып келсе да, (Эски СССР боюнча бизде гана ошондой, калган “15 бир тууган” эбак эле эне тилин эң биринчи сапка коюп койгон) “орус тилинин абалы Кыргызстанда өтө оор абалда окшойт” деп божомолдошот. Минткенимдин себеби, 5-каналдын “Күндеми” маалымат программасынан “Майдан” көрсөтүүсү ” “Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүү керекпи?” деген сурооону уялбай этпей эле эл алдына алып чыгышты. Ошол көрсөтүүгө катышкан орус улутундагы айрым кыйындардын, айрыкча акыркы бөлүгүндө айтканын угуп отурсаң эй.. орус тилин айрыкча күч структураларындагылар мыкты билиш керек экен, ошентсең кылымыш дагы азаят экен имиш. Мааниси ушундай, ушуга чейин түшүштү. Тобо-оо!

А, биздин Кыргызстандын атуулдары ошол респонденттердин канчасы кыргыз, канчасы бөлөк улуттар экенин билбейм, Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүү керекпи?” деген суроого 6724 киши “ооба” деп жооп берди. “Жок” деп жооп бергендер болгону 1690 киши болду. Мындай жакшы жооптон кийин көрсөтүүнү алып барып жаткан орус улутундагы коллегамдын маанайы дагы көңүлдүү чыгып, жанында олтурган Орусиянын Кыргызстандагы эличисинин маанайы андан жогору, анын жанында олтурган экинчи катышуучунуку андан бетер жаркылдап, көрсөтүү да көңүлдүү аяктады… Көрсө, бүгүн Кыргызстанда кыргыз тилин эмес орус тилин өнүктүрүү өтө зарыл окшойт…

Нурдин Асанов, «Айгай», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.