Көкбөрүнүн баш байгесин “Бөрүлүү” жеңип алды

Ыңкылаптын 4 жылдыгына карата Бишкекте көкбөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Ат майданында күйөрмандар азыраак келишип, мелдештердин деңгээли начар болду деген пикирлер да айтылды.

“Нооруз жана ыңкылап күнүнө арналган көкбөрү оюну 21 – март күнү башталып, мөрөй талашууга тандалган 4 команда катышты.
24- мартта жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Ички иштер министрлигинин “Бөрүлүү” командасы менен Сокулуктун “Рассвет” командасы мөрөй талашты. Натыйжада 9:1 эсебинде “Бөрүлүүнүн” жигиттери жеңишке жетишип, баш байгенин ээси болду.

Өлкөнүн көп жолку чемпиону “Бөрүлүү” командасынын башкы машыктыруучусу Касым Кубатовдун пикиринде Кыргызстан көкбөрү оюну менен гана дүйнөгө тааныла алат.

-Ал үчүн жапондордун сумо, италиялыктардын “каридо” оюндарындай көкбөрүнү мамлекеттик деңгээлде колдоого алуу зарыл.

Ушул “Бөрүлүү” командасына демөөрчүлүк кылып, колдоого алып келаткан ички иштер министри Молдомуса Конгантиев да көкбөрү оюну элдин ынтымагына данакер болуп, ар-намыска чакырып, милицияга да колдоо көрсөтүп келатат деген пикирде.

Экинчи беттешүүдө Нарындын “Дордой” командасы менен МАИ башкармасынын командасы күч сынашып, натыйжада “Дордойдун” жигиттери МАИ командасын 3:2 эсебинде утуп, экинчи орунду камсыз кылышты.

“Аккула” ат майданындагы көкбөрү оюндарына жана кунан чабыш, жорго салдыруу, аламан байге жарыштарына күбө болгон биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун пикиринде эгемендик менен улуттук оюндар кайра жанданды жана ыңкылаптын максаттарын ишке ашыруу үчүн убакыт керек.

Ошондуктан коңшу Казакстандай болуп казынадан каражат бөлүп, улуттук оюндарды өстүрүп, өркүндөрүү керек. 2005-жылы 24- мартта болгон ыңкылап элдин күчү, колдоосу менен болгон окуя. Эл жаңыча жашоого умтулган. Ыңкылаптын негизги максаттарын ишке ашыруу үчүн убакыт керек,– деди Өмүрбек Бабанов.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматовдун айтымында кендирди кескен каражаттын айынан мыкты командалар бул мелдешке катыша албай калып, жылдан жылга көкбөрү оюнунун деңгээли төмөндөп баратат.

“Нооруз” турнири биздин негизги турнирлерибиздин бири болсо, быйылкы финал ыңкылап күнү болуп жатат. Бул мелдештин деңгээли жыл өткөн сайын төмөндөп баратат. Жаңы мыкты командалар жокко эсе. Ар жыл сайын “Бөрүлүү” командасынын колдоочулары мыкты болгондуктан алар ар дайым ута берип, ага атаандаш команда чыкпай калды. Быйыл “Дордойдун” даярдыгы чийки болуп, мыкты аттары калбай калды. Мурдакыдай чеберчилик көрүнбөйт.

Бул жолу да Бишкектеги «Аккула» ат майданына көкбөрү оюнун көрүү үчүн күйөрмандар жылдагыдай арбын келишкен жок. Чет өлкөлүк меймандар да сейрек болушту.

Ошондой эле ыңкылап күнүнө арналган спорттук иш-чаранын бири- кунан чабыш, жорго салдыруу жана аламан байге жарыштары болду.

8800 метрге болгону 14 кунан чабылып, марага бишкектик Абдразаковдун “Аларичка” деген ысымдуу кунаны озуп келди.

8800 метрге жорго салдыруу мелдешине 8 жорго гана кое берилип, оштук саяпкерлер таптаган “Плутон” аттуу жорго биринчи келди.

Аламан байге жарышында 15 күлүк сыналып, Бишкектин “Хризантема” аталган күлүк баш байгенин ээси болду.

Мурдакы ат оюндары кунан чабыш, жорго салдыруу жана аламан байге жарыштарына 40-50 күлүк марага ккошулуп турчу.

Ошондой эле ыңкылап күнүнө арналган ордо жана тогуз коргоол мелдештери 23-мартта жыйынтыкталган.

Кабыл Макеш, «Азаттык» радиосу, 24.03.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.