Ноорузду кыргызча атаса болбойбу?

Нооруз – фарсы сөзү. Кыргызчалаганда “жаңы күн” деген маанини берет. Кыргыздар деле бул күндү абалтан “Улустун улуу күнү”, “Улуу күн”, “Жаз майрамы”, “Жаңы жыл” же “Жыл ажыраш” деп атап келген.

Нооруз майрамынын алдында Улуттук тилектештик уюму Бишкекте улут маселелерин талкууга алган жыйын өткөзүп, жыйында жыл тогошкон бул күндү тажикче “Нооруз” дебей, Кыргыз өлкөсүндө кыргызча атоого неге болбосун деген ой-пикирлер айтылды. Тарыхый булактарга караганда, 21-март байыркы кыргыз тарыхында жыл менен жылды ажыраткан күн катары мындан 7-8 миң жыл мурда эле белгиленип баштаган.

Белгилүү коомдук саясий ишмер Дастан Сарыгуловдун пикиринде, 21-март кыргыз элинин жашоо турмушуна табият майрамы катары кирген:

– Нооруз майрамы дин жарала электе, мамлекет түзүлө электе эле табияттын жаңылануусуна ылайыкташкан, кыштан аман чыктык деген кубанычты өзүнө камтыган улуу күн. Бул күн тээ 7-8 миң жыл мурда эле калыптанган.

Ал эми белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкуловдун санжырасы боюнча, душмандын колунда калган кош бойлуу жүз кыргыз эненин ичинен биринчи болуп көз жарган эне төрөгөн эркек балага “кийин келчү балдардын улуусу” деген мааниде Улуу деген ат коюлат. Бул ат бара-бара балдардын улуусу деген мааниден улам “Улус” деген атка өзгөрүп, Улус Ата кыргыздын алгачкы кандарынын бири болуптур. Ал эми 21-марттын кандай себептерден “Улустун улуу күнү” болуп аталып калышы белгисиз.

Санжырачы Сыргак Сооронкуловдун айтымында, бул жагын изилдөө астрологдордун иши:

– Биринчи төрөлгөн баланы кан шайлап, бул күндү кыргыз “Улустун улуу күнү” дейт. Ал эми 21-марттын абалтан “Улустун улуу күнү” болуп аталып калышын изилдөө, окумуштуулардын иши деп ойлойм.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин айтымында, болсо 21-март кыргыз элинде “Чоң көжө” деп да аталган жана бул күндүн “Улуу күн” болуп аталышынын планетардык да мааниси бар:

– “Нооруз” эми фарсы сөзү да. Кыргыз бул күндү “Чоң көжө” деп да койгон. Кыргыздын “Улуу күн” деген сөзү шаңдуу угулат. Менимче ушундай атоо туура. “Улуу күн” деген сөздүн ааламдык мааниси бар эмеспи.

Белгилүү акын жана тарыхчы Абдрахман Алымбаев Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдардан тартып эле 21-марттын кыргыз турмушундагы таржымалын изилдеп жазып, алгач “Улустун улуу күнү” аттуу макаласын гезиттерге бастырат. Андан кийин “Улустун улуу күнү” аттуу китебин чыгарат. Бирок Абдрахман Алымбаевдин “Ноорузду” “Улустун улуу күнү” деп кыргызча атоо сунушу колдоого алынган жок:

– Ноорузду көптөгөн кыргызча аталыштарынын бири менен атоого неге болбосун. Мен 90-жылдары эле бул оюмду айтып чыккам. Бирок кыргыз интеллигенциясы тарабынан да, бийлик тарабынан да менин сунуштарым кабыл алынбай, “Нооруз” деген аталыш өтүп кеткен. Кыргызстанда туруп өз ата-бабабыз атап келген сөздөр менен атабай, тажиктин сөзүн алып жүргөнүбүз туурабы? Мен муну түшүнбөйм…

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 21.03.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.