А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры “2008-жылдын мыкты театры” аталды

Кыргыз академиялык опера жана балет театры “2008-жылдын мыкты театры” болуп табылды. Бул тууралуу маданият жана маалымат министрлигинин басмасөз кызматы билдирди. 27-март эл аралык театр күнүнө карата Маданият жана маалымат министринин буйругу менен театрлардын кызматкерлери жана артистер сыйланды.

Маданият министрлигинин “Кыргызстандын маданиятынын отличниги” аттуу төш белгиси менен М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын башкы редактору Ж.Мидинов жана А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан А.Сыдыгалиева, А.Имашева жана Н.Салидинов, режиссердун жардамчысы Р.Суранова сыйланды.

Алай музыкалык-драм театрынын артисти Э.Бакаевага министрликтин Ардак грамотасы тапшырылды.
Мындан тышкары кыргыз театралдык режиссер Ж.Абдыкадыровдун ысымындагы сыйлыкты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы режиссеру И.Сартбаев, К.Жантөшөв атындагы Ысык-Көл музыкалык-драм театрынын көркөм жетекчиси О.Кожомкуловго ыйгарылды.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.