Акылдан тамган шоола

Лао-цзы
(б.з.ч. VI-V к.к)

Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун.
***
Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт.
***
Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. Эгерде өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет.
***
Дао – чексиз, асман менен жер чексиз, алардан соң падыша бийлиги чексиз. Ааламда ушул төртөөнөн ашкан чексиздик жок.
***
Мамлекет салган салык элдин чама-чаркынан ашып кеткен күнү элдин карды ач болот. Балээнин бардык себеби ушул эле.
***
Өз бийлигинин чегин билбеген төрөдөн өткөн шордуу жок.
***
Акылдуу адамдын көлөкөсү көлөкөдө турса деле жарык. Ал өзү жөнүндө мактанбагандыктан кадыры бийик. Өзүн даңктабагандыктан – даңкы даңк, өзүн көкөлөтпөгөндүктөн көпчүлүктүн арасында улуудай урматтуу.
***
Ишти жетээр чегине жеткирген адамдын колунан келбей турган эч нерсе жок.
***
Баарынан жөндөмдүү, барынан көптү билгенсип күпүлдөгөндөрдүн колунан кокон келбейт.
***
Кептин бары – дайра менен арыктын суусу тоолордон жапыз болгон үчүн канчалаган чокулардын суусу дайра менен арыкка кошулат. Дайра менен арык ошон үчүн тоодон ылдый сел болуп каптаган суунун баарын боюна батырууга кудуреттүү. Даанышман да дайра менен арык сыяктуу, элден бийик болуш үчүн элден жапыз болууга аракеттенет. Ошондуктан элдин эркечи болуш үчүн алдыга жүткүнбөй, дайыма элдин артында жүрөт. Өзүнүн орду элден бийик экенин билсе да эл анын мейли, төбөсүнө чыгып алсын, барыбир ал айкөл да, көтөрүмдүү. Өзүнүн орду элдин астында экенин билсе да, ал эч качан элдин артында калганын акыйкатсыздык деп эсептебейт.
***
Акылдуулар илимдүү болбойт, илимдүүлөр акылдуу болбойт.
***
Акылман чектен чыккан бардык жорук-жосундан четтей алат.
***
Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңсең, анык эрсиң.
***
Бардык илим-билимдин жолун өздөштүргөн адамдын жаны эчбир дартка кабылбайт.
***
Илим-билимим жок үчүн билбегенимди билбейм деп эле айтам.
***
Дүйнөдө суудай назик, суудай жумшак эчнерсе болбогону менен суу бирок эң катуу заттын да ташталканын чыгарууга кудуреттүү.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР, «Айат», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.