Алыкулду айтпагыла-өлүптүр

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу, бороон уруп кар уруп.
Бүр дартыңды өз мойнума алайын,
Жол карайын токтой турчу Атажурт!
деген ыр саптарында жазылгандай, Алыкулдун тилине берип, өмүр бою айыкпас оорунун азабын тартты.
Таштан болоор, кумдан болоор төшөгүм,
Аз да болсо сырта калаар сөздөрүм.
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөөрмүн.
деп көзү ачыктай өлгөндөн кийинки өмүрүн терезеден карап тургандай ырларын жаратып кетти. Ал гана эмес орустун улуу акыны А. С. Пушкиндин керемет ыр дүйнөсү менен кошо тагдыры да кызык, өмүрү да кыска болгон.
Пушкинге жолуккан төлгөчү цыган аял: “Өмүрүң кыска болот. Дуэлге чыгып, өлүмгө учурайсың” деп алдын-ала айтканын угуп, кыска өмүрүндө канча адамды дуелге чакырып, өлүм күтүп жүрүп, не бир керемет поэзия ширесин белекке калтырып, акыры дуэлден каза табат. Дагы бир улуу акын Лермонтов да “Өлүм” тууралуу ырларды жарата берип, өтө кыска өмүр сүргөн. Анын сыңарындай Алыкулдун тагдыры да анын ырлары өңдүү татаал болгон. 35 жаш курагында ак боз атын камчыланып тирүүлүк менен кош айтышып кеткен Алыкул тирүү болсо, кутту Нооруз күнү 94 жашка чыкмак экен. Андыктан акын туурасында бир чымчым эскерме жаздык.

Ташка тамга баскан сөз
“Өзүмдөгү кош сезим эмнеликтен экенин дароо баамдай албадым. Кийин гана түшүндүм: Биринчиси Алыкулдун ырлары менен өзүнүн адамдык терең касиети болсо, экинчиси, оор тагдыры жана кыска өмүрү”.
Николай Пустынников, акындын котормочуларынан

“Акындын чыгармалары азыр эле жазылгандай жаңы жана маанилүү, мазмундуу. Ошондуктан ырлары да Алыкулдун өзүндөй, дайыма жаш бойдон кала бермекчи”.
Түгөлбай Сыдыкбеков, Кыргыз эл жазуучусу

“Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын жаңы деңгээлге көтөрүү менен анын нукура профессионалдык өзөгүн түздү”.
Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз эл акыны

“Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын классиги”.
Шаршенбек Үмөталиев, адабий сынчы

Алыкулдун күндөлүгүнөн
Алыкулдун керемет ыр саптары тизилген ак барактардан сырткары, 1939-жылы жазылган сырты чаар кичинекей жука дептери да бар экен. Анын ичинде 1937-жылдары жаштык күндөрү жөнүндө латын тамгасы менен күндөлүк жазган.

“Биз-эки кыз, эки жигит, түнкү саат 12ни күттүк. Менин саатым мына 12. “Жаңы жылыңыздар менен” деп сүйүктүү карап, кол кармаштык. Анан мээримдүү, жумшак түндө чыгып, эң көңүлдүү сүйлөшүп бара жаттык. Ушул түн кандай сүйүктүү”.
(1-январь, 1937-жыл)

“Кубанычтуу жолугушуу кандай. Аны канчалык көп көрсөң, ошончолук сугуң артат. Ошончолук жүрөгүңдөн от жалындап күйөт. Андан соң “Наталка Полтовканы” үч киши барып көрдүк. Көңүлдүү олтурдук. Жолдо турмуш жөнүндө сүйлөштүк”.
(16-январь, 1937-жыл)

“Бул эң кызык түн эле. Мен эртең дем алганы кетем деген күн. Үйдө олтурдук. Көңүл ачтык. Бир-эки сааттан кийин А. келди. Биз экөөбүздү калтырып кетишти. Биз күү уктук.Фокстрат бийледик. Анын, анын балалыгы ай! Чырак өчүп калды. Мен аркы үйдөн ширенке апкелүүгө чыгып, кайра келсем, А. жок. Ал керебеттин алдына жашынып калыптыр. Олтурдук. Биринчи сүйүүнүн илеби канчалык, сүйүүнүн оту ошондой күчтүү. Бардык ырахат мына ошондо гана көз алдыңа элестейт. Биз түнкү саат 3-4төргө чейин олтурдук. Анын да, менин да жүрөгүмдөн сүйүү кайтпады”.
(25-июль 1937-жыл)

“А. менен жолуктум. Сагынычтуу сөздөр көп эле”.
(25-июль 1937-жыл)
П. Казыбаевдин “Мезгил жана Алыкул” деген китебинен алынды.

Алыкулду Кыргыздын урпактары издеп келет
Жаш гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде Алыкулдун үй музейи бар. Бул, Алыкулдун үйү. Алыкул кармаган буюмдар, Алыкулдун китептери, сүрөттөрү сакталуу. Ошол үйдө атайын окурмандар пикирин билдирген китепче бар экен. Китепчеде Алыкулдун поэзиясын сүйүүчүлөрдүн түркүн ойлору, атактуу адамдардын жазган ой тамчылары жазылып сакталуу. Алардын арасынан бир кезде оорукчан Алыкулду сүйгөн Жамийла Сулайманова апанын жазган пикирин да таап алдык.

Мен Алыкулдун жашаган сыйкырдуу үйүнө бүгүн, 21-март Нооруз майрамы күнү келдим. Куран окудук. Оо бир кезде, 1949-жылдары келип конуп кетчүмүн. Андан бери далай суулар акты. Азыр болсо 75 жашка чыктым. Ошол кездеги энесиндей күйүмдүү орус кемпирге таңкалам жана ага ыраазымын.
Жамийла Сулайманова, ардагер жазуучу.

Көптөн бери келем деп дегдеп жүргөн Алыкулдун үйүнө келип олтуруп кеттим. Башкача, аруу аурасы менен бир аз болсо да дем алып, кое турган спектаклге бир топ ойлорду топтоп кеттим.
Алмаз Сарлыкбеков, режиссер

Алда- качан келишим керек болчу. Келалбай жүрдүм… Бүгүн келдим. Кеч келгениме сенден кечирим сурайм. Сени кыргыздын дагы көп урпагы издеп келет. Себеби, сен- Алыкулсуң.
Бурул Калчабаева, драматург

Акын болууну көксөп, кудай берген таланттын татаал түйшүгүн көтөрүп жүргөн калемгердин, алп акын Алыкулга арнап ыр жазбай коюшу мүмкүн эмес. Ага далил Гүлсайра Момунованын Алыкулга арнаган ырларынын бири болсун.
Алыкулду айтпагыла -өлүптүр,
Алп акынды айтпагыла өтүптүр.
Ак боз атка камчы салып зымырап,
Атажурттун жолун карап,
Жолун салып кетиптир.
Ак боз атчан бара жатат кырды ашып,
Ааламдагы алптар менен сырдашып.

Айсулуу ЭСЕН кызы, «Ачык саясат», 24.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.