“Мүнөт сайын кубулган каармандын бейнесин жаратуудамын”

К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу драма театрынын артисти Курсант Абдыракмановдун пикири боюнча, улам барган сайын көркөм өнөр ээлеринин кадыр-баркы төмөндөп бараткандай. Күнүмдүк турмуш-тиричилик үчүн ар ким ар кайсыл жерде кошумча эмгек акы табуунун айласын издеп, аргасын көрүшүүдө. Айтор, адам жашоосундагы баалуулуктар күнүмдүк көр оокатка басылып, чыныгы чыгармачылык эргүүгө, изденүүгө кабылгандар сейрек.

– Курсант, жаның жай албай эле чуркап жүрөсүң. Бирде тойлордо тамада болосуң, бирде областтык, шаардык маданий-массалык иш-чаралардын алып баруучусу катары сахнада бакылдайсың. Өнөр секичесине алып чыгуучу каармандарыңдын бейнелерин жаратууга качан убакыт табасың, же артисттердин чеке жылытпаган эмгек маянасына караганда, өз алдыңча иштеп тапкан акчанын берекеси көбүрөөкпү?
– Илгери бирөө айткандай, “жыргаганымдан жылкы кайтарып” жатыптырмынбы. Ырас, айлык акыбыз аз, аны танууга болбойт. Мурдагыдай ай айланып спектаклдер коюлбайт. “Ушул ролум элге жакса, чыгармачылык жүзүм ачылса” деген ой-максаттарыңдын көбү күнүмдүк көр турмушка тебеленип, кыскасы бир кездеги жаштык эргүүң четинен кертиле баштайт көрүнөт. Ошентип, бекер олтурганча колумдан келген башка жумуштардан күчүмдү жумшап көргөнүм жакшы эмеспи деген ойго келгем. Тамада, алып баруучу болуш үчүн шык-жөндөм керек. Бирок таптакыр эле акчанын артынан түшүп кеткеним жок. Театрга коюлган жаңы спектаклдердин дээрлик бардыгында башкы ролдорду ойнобосом да негизги каармандардын бейнелерин ачып берүүдө актердук дараметимди жумшоодомун.

Кошумча эмгек акы табуу аркылуу турмуш-шартыбызды оңдоп алдык. Өмүрлүк жолдошум Жылдыз Саитова да театрдын белдүү актрисаларынын бири. Жаш үй-бүлө деп кезегинде бизге театрдын жетекчилиги тарабынан колдоо болгон эмес. Жылдыз экөөбүз өз киндигибизди өзүбүз кескенбиз. Негизги аткарган жумушумду унутуп койгон жокмун, бардыгына жетишүүгө убакыт табам.

– Ушул тапта кайсыл каармандын бейнесин ачып берүү үчүн чыгармачылык түйшүк тартуудасың?
И.Штоптун “Ыйык комедия” аттуу чыгармасын театрдын режиссер-коюучусу Жумабек Осмонов сахналаштырууга бел байлап, өзүнүн да, биздин да тынчыбызды алып турган кези. Бул чыгармада мага мүнөт сайын жүзүн өзгөртүп, миң кубулган каармандын ролу ыйгарылды. Чынын айтсам аябай эргип иштеп жатам. Анткени көптөн бери көөдөнүмдө бугуп жаткан ойлорумду ушул каармандын кулк-мүнөзү аркылуу ачыкка чыгарат окшоймун. Бул каарман автордун айтайын деген оюна, берейин деген максатына ылайык, ал бир эле учурда абстрактуу да, реалдуу да сезим калтырат. Кийген кийимин эч качан өзгөртпөйт, бирок андан айла-амал качып кутулбайт. Маселен, депутат менен жолугаарда кызыл галстук, дагы бир чиновник менен кездешип өз ишин бүткөртүп алаарда аппак чоң галстук тагынып, айтор мүнөт сайын жүзүн да, үнүн да өзгөртүп, бирде айбат берген арстандын кейпин кийсе, бирде айлакер түлкүнүн терисин жамынып, керек учурда жыландай ышкырат. Кыскасы, өзүм дегенде өгүздөй күчү бар, адамдарды бийлигине, байлыгына карап бөлгөн, жеткен өзүмчүл, ашкере айлакер каармандын бейнесин ачып берүү үчүн тер төгүүдөмүн. Көптөн бери эңсеп жүргөн ролго жеттим десем да болот.

– Курсант, мыкты тамада катары да таанылып калдың. Тойлордон кийин кандай ойлорго кабыласың?
– Тойлордун болуп турганы жакшы деңизчи. Бирок тойлорду түркүн ойлор коштогону жаман экен. Кээ бирөөлөр тойлорду бизнеске айландырып алышты. “Мен ага бергем, эми ал мага берсин” дегендей көз караш менен жашаган замандаштарымды көрүп ичимден кейийм. Эптеп эле тойго кеткен ыгым-чыгымын ашыра жаап алууну көздөгөндөр: “Курсант, эч кандай шаан-шөкөттүн, оюн-зооктун кереги жок, келгендерге көбүрөөк сөз бер да, тезирээк таратып жибер” дешет. Ал эми “элдин батасы тийсин, көңүлдүү олтуруп, ойноп-күлүп кетишсин” дегендер белек-бечкекке деле карашпайт. Айтор, ар кандай мүнөздүү той ээлерин кезиктирем. Чакырылган меймандарга ар кандай дасторкон жайгандары да бар. Кээ бирөөлөр төрдөгүлөргө, “важный” конокторго чучук, казы, карта, башка дүйүм тамак-аш, кымбат арак коюшуп, ал эми иреге жакка олтургандарга “буларга боло берет” дегендей түр көрсөтүшөт.

Тамадага, музыканттарга төлөй турган акчаларын да оңой менен колго тийгизбегендери бар. Бирөөлөрдүн колу кууш, акыбызды бергиси келбейт, айрымдарынын болсо чындап эле бизге төлөй турган акчалары жок болуп калат. Кыскасы, тойлор ар кандай шартта өтөт. Кредит алып той бергендер да жок эмес, ал тургай банкрот болгондору да бар. Экономикалык кризис улам муунтуп келе жатканда ашыкча ыгым-чыгымдын эмне кереги бар деп да ойлоп кетем. Бирок “Түгөнгөн сайын түтөгөн, кул болгон сайын кулпурган кыргыз” деп “Манас” эпосунда сүрөттөлгөндөй, бар-жок менен анча иши жок элибиздин кулк-мүнөзү ушундай болсо керек.

– Актёр эмес, журналист болсом деп кыялданчумун деп айтып каласың. Эмне, артист болгонуңа өкүнөсүңбү? Жамы-журтка белгилүү кээ бир чыгармачыл инсандардын кейиштүү тагдырларын кайталап калбайлы деген ой-сезим болбойбу?
– Журналисттерди сыйлайм. Дегеле, колуна калем кармаган акын-жазуучуларга өтө аяр мамиле жасагым келет. Актёр болгонума өкүнбөйм. Бирок улам барган сайын көркөм дөөлөт ээлеринин кадыр-баркы төмөндөөдө. Мурда артисттерге өзгөчө көз караш, башкача пикир бар эле. Азыр болсо өз жаныңа өзүн тың болбосоң сени эч ким карабайт. Бардык нерсени акча, өң-тааныштык чечип калган. Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев ж.б. залкар таланттардын кейиштүү тагдырлары бизден кыйгап өтсүн десек, заманыбызга жараша бөрүдөй улунуп-жулунуп, түлкүдөй мант берип, нечен айла-амалдарды издеп турушубуз керекпи деп да ойлоп кетем. Бирок, чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик болот эмеспи. Сезимтал күлк-мүнөзгө ээ болгондордун көбү бу жашоодо көбүрөөк азап чегээрин турмуштук мисалдар тастыктап турбайбы.

– Кино тасмага тартылайын деген оюң барбы?
– УТРКнын режиссеру Ырыс Окенова “13 жашар баланын арманы” аттуу теле сериал тартып бүттү. Ошол сериалга тартылдым. Киного тартылууну кантип көксөбөйүн.

Маектешкен Шейшекан Жаналиева, Ысык-Көл, «Zaman-кыргызстан», 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.