Мар БАЙЖИЕВ: “Орустун башына иш түшсө, кыргыздар ат кайтарганга киши бербей…”

Бир кезде кыргыз кино кереметин жараткандардын катарында Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев да бар. Андыктан кино искусствосун мыкты билген адис катары Мар Ташымович менен бүгүнкү кинонун абалы жөнүндө баарлаштык.

– Кийинки жылдары кино тармагы кичине жанданып баратат. Жаш кинорежиссерлордун өзүнчө тобу пайда болду. Алардын эмгектерине сиздин көзкарашыңыз кандай?
– Акыркы он жылда бир топ кинорежиссерлордун тобу пайда болду. Алардын көпчүлүгүнүн профессионалдык деңгээли төмөн. Ошондуктан өздөрү сценарий жазып, өздөрү тартып, ар ким каалаган киносун жаратып жатат. Илгери кинонун сценарийи абдан талкууланып, ийленгенден кийин көркөм кеңештен өткөрүлүп, анан тартууга уруксат берилчү. Азыр акча тапканы эле кино тартып жатат.

– Жаш режиссерлор сизден кеңеш сурашабы?
– Сурашат, бирок тез эле качып кетүүгө далалат жасашат. Мурда мен же Төлөмүш Океев кино тартабыз десек, доско да, душманга да көрсөтүп кеңеш сурачубуз. Кино бул массалык искусство болгондон кийин буга өтө кылдат мамиле жасоо зарыл. Аларга өкмөт акча бөлбөгөн соң акыл айтуу да туура эмес. Бирок өкмөттөн жыл сайын киного деп 13 млн.сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Анын кайда кетип жатканы белгисиз. Чыгашаларды эсептеген киши жок. Кино тартайын десем өкмөттүн мага беш жүз миң сом берилсин деген чечими бар эле. Бирок аны башка жакка сарптап ийишиптир. Сакалдуу башым менен талашып-тартышып доолагандан уялдым. Аңгыча Кулов да кызматтан түшүп калды.

Азыр кинону өкмөт өз көзөмөлүнө албаса болбойт. Бул боюнча президенттин указы чыгып, ЖК токтом кабыл алган. Буга ылайык жыл сайын бюджеттен кино үчүн 3 пайыз акча чегерилип турат. Дагы кайталайын, кинону өкмөт өз колуна алмайынча, биз ийгиликтерге жетише албайбыз. Анткени, кино искусствосу улуттук идеологияны элдин кан-жанына сиңирүүнүн башкы куралы. Эпос боюнча алып караганда, Манас чоң казаттан өлгөндөн кийин биз 1200 жыл бою мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп, ар кайсы элдин кодулоосунда жүрдүк. Буга кытай, уйгур, калмак, орус, кокон хандыгы ж.б. өзгө элдердин көрсөткөн мамилеси тарыхта маалым. Азыр кинодо элди кайра бириктирүү саясаты башкы планга чыгышы керек. Мунун баарын “Манас” эпосу аркылуу гана ишке ашыра алабыз.

– Ошондо эл арасындагы бөлүнүүчүлүк басаңдайт деп ойлойсузбу?
– Биздин башка аргабыз жок. Эгер бирикпей турган болсок сарбагыш менен бугунун чабышын эстейли. Бирин-бири чаап отуруп акыры оруска кошулуп тынышты. Түштүктө Курманжан датка Алымбек өлгөндөн кийин ал да оруска кошулууга аргасыз болду. Бир сөз менен айтканда, оруска багынып берип жаныбыз тынды. Эгер ушунтип отурсак биз дагы ошол күнгө туш келебиз. Андыктан өкмөт театр менен кинону колго алып, дал ушул идеяны көтөрүшү зарыл.

Антпесек азыр ар ким өз дараметине жараша кино тартып, кыргыздын жүзүн дүйнө элдерине түрдүү өңүттөн көрсөтүүдө. Өткөндө “Теңири” деген кино чыгыптыр. Аны силердин гезит да жакшы деп чагылдырды. Бирок жакшы эмес. Тасма “Жамила” повестинин сюжети боюнча тартылган. Тасма боюнча Данияр деген бала тоого келет. Келсе тоодо жүргөн бир кыргыз катынын тепкилеп жатып өлтүрөт. Бул бир. Экинчиси, бир молдо көрүнөт. Ал жеткен аракеч экен. Тиги Данияры болсо бирөөнүн аялын ала качып кетип калат. Жолдо кубалап бараткандардын аттарын сатып ийип Кытайга качат. Эми ушул “Жамийлабы”, кыргыз эли ушундайбы? Анан калса, “Теңири” киносунда “Бул өлкөдө жашоого болбойт” деген сөзү бар. Бул эмне дегендик? Же болбосо “Сундук предков” деген кинону алалы. Францияда иштеген бала француздан келинчек алып келсе, кайдагы бир бабасынын уламышын ыйык туткан агасы мылтык менен атат. Ээ, айланайын, бизде ушундай беле. Муну көргөн өзгө элдер биз жөнүндө кандай ойдо калат? Ошол эле Манастын үч аялынын бири да кыргыз болгон эмес. Карабөрк – калмак, Акылай – ооган, Каныкей – тажик болгон да. Чыныгы турмушта деле өзгө журттан аял алдың деп тууганына эч ким мылтык көтөргөн эмес. Мунун баары калп. Ошону көргөндөр кыргыздарды жапайы эл деп ойлошору талашсыз. Ал эми илгери Б.Шамшиев, Т.Океев ж.б. кинорежиссерлор Ч.Айтматовдун ж.б. чыгармалардын негизинде кыргыздын улуулугун, уюткулуу эл экенин даңазалап келдик. Ошол эле “Кожожашты”, ошол эле “Караш-караш окуясын” алалы, баарында кыргыздын нукура маданияты оң жагынан чагылдырылган. Эгер жанагыдай кинолор тартыла берсе, бизге инвесторлор да келбей калышы мүмкүн.

– Азыркы театр, адабият тармагындагы иштер купулуңузга толобу?
– Театрда да кемчиликтер көп. Улам бир баатыр жөнүндө жазылган драма көрсөтүлөт. Аны эл көрөбү-көрбөйбү, белгисиз. Андыктан мамлекеттик катчы кино, театр, адабият тармагын мыкты билген кишилерди өзүнө кеңешчи кылып алып, алар менен дайыма иштеши керек. Бул боюнча атайын штаттык орун караштырса да күнөө болбойт. Былтыр үч- төрт жазуучу президентке кирип үңкүйүп отурушуп, анын фондунан 3 млн.сом бөлдүрүшкөн. Эми ошол 3 млн.сомдон балакет да жок. Жол кире, машинасына бензин куюп жок кылышыптыр. Андан көрө “Ала-Тоо” журналын, адабий гезиттерди чыгарса болбойт беле. Ал турсун жазуучулардын чыгармасын да басышпады.

– Азыр өкмөт жетиштүү каражат бөлсө, мыкты кино жаратуу үчүн даяр сценарийлер барбы?
– Дүйнөдө кыргыздын эпосторундай эпос жок. Дүйнөдөгү эпостун баарын чогултсаң да биздикине жетпейт. Биз ушулар менен иштешибиз керек. Айрыкча – “Манас” эпосу. Мен азыр аны орусчага котордум. “Жаныш-Байыш”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Эр Табылды”, “Курманбек”, “Жаңыл мырза” эпосторунан эң бир сонун дүйнө элин таңгалдырган кинолорду жаратсак болот.

– Казактар өтө көп каражат сарптап “Көчмөн” тасмасын чыгарышты. Алар жанагы сиз айткан улуттук идеологияны ушул кино аркылуу чагылдырууга аракет кылышты. Бизде “Манас” эпосун жаратууга мүмкүнчүлүк барбы?
– Тартса болот. Жакында мен Казакстанга барып келдим. Ошол “Кочевникти” тарткан балдардын бирөө Талгат деген бала менин чыгармам боюнча диплом коргоду. Менин бир чыгармамды театрда коюптур. Казакстанда кино, театр тармагын өкмөт колуна алган. Атайын акча бөлүшөт экен. Эми бизде акча десе эле кулкулдап акча сурашат. Мисалы, “Манас” эпосун тартуу үчүн 150 млн. доллар керек экен. Эми бул бир мамлекеттин бюджети эмеспи. Кеңешип каражатты үнөмдөп тартса болот да. Эгер Манас болбосо, Шабдан, Курманжан, Боромбай, Атаке баатырлар жөнүндө кино жаратууга неге болбосун. Ал кишилер болбосо, кыргыздар бирин-бири жеп коймок. 1916-жыл боюнча да калыс карап кино тартуу зарыл. Эмне үчүн ошондой болду, себебин туура чагылдыруу керек. Ага чейин кыргыздар башына иш түшкөндө бугу да, сарбагыш да, солто да орустан жардам сурап кайрылган. Ал эми орустун башына мүшкүл иш түшсө, кыргыздар ат кайтарганга киши бербей коюп жатпайбы. Кептин баары ушунда. Мен дайыма айтып да, жазып да жүрөм. Биздин орустан жакын досубуз жок.

– Маданият министрибиз кино боюнча Америка менен сүйлөшүп келди. Буга пикириңиз?
– Эми бул азырынча жөн эле сөз. Америкалыктар акчага келгенде өтө сараң болушат. Себеби, кезинде Т.Океев Чыңгызханды тартам деп Италия менен да, Голливуд менен да сүйлөшкөн. Бирок эч нерсе тартылбады, кино турмак балакет жок. Ошону унутпашыбыз керек. Мамлекеттик деңгээлде келишим болмоюнча ишенүү кыйын. “Кожожашты” тартууга 1 млн. 200 миң рублдей кеткен. 2 серия. Анын үстүнө бир жылдай тарттык. Ар кайсы республикалардан артисттер келди. Кегетиден, Нарындан, Алматыдан тартканбыз. Анда акчанын көбү пленкага, кино тартчу каражаттарга кетчү. Азыр цифралык техниканын заманы. Бул өтө эле арзан болот.

– Жаш режиссерлор каражат жөнүндө көп наалышат…
– Азыноолак акча сарптап эле кино тартып жатышпайбы. Анан көрүнгөн кино фестивалдарга катышып, баракча же диплом алып келишет экен. Ошону алдым деп кудай ургандай мактанып жатышпайбы. Эми атайын барып катышкандан кийин уялганынан беришет да. Мен муну жакшы билем. Анткени көптөгөн кинофестивалдарда, бүткүл союздук кино сынактарда калыс болуп жүрдүм.

Өткөн жылдын октябрь айында Ысык-Көлдө он бир миллион сомго кинофестиваль өткөрүп келишти. Күздүн суук күнүндө ошол жерде өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле? Залда эл да болбоптур. Андай өткөргүлөрү келсе, меймандарга Көлдү көрсөтүп келип, Бишкекте өткөрсө болмок. Ачыгын айтканда, акчаны бир балакет кылып жоготуш керек болгон. Андан көрө ошол акчаны таланттуу режиссерлордун колуна берсе мыкты кинолор тартылмак. Мен жаштардын эмгегин баары эле жараксыз деп айтпайм. “Айыл өкмөтү”, “Бозсалкын”, “Белгисиз маршрут” тасмалары жакшы тартылган, профессионалдуулук бар. Бул үчүн Эрнестке мен Академиянын сыйлыгын бергем. Осмонакун болуп А.Акаевге “Айыл өкмөтүн” көрсөткөнбүз. Ал киши келип Эрнестин колун кысып куттуктаган. Чындыгында, “Айыл өкмөтүнүн” юмору мыкты жаралган.

– Сиз кезинде Жогорку Кеңештин депутаты болдуңуз. Азыркы саясый кырдаал боюнча кыскача эмнелерди айтасыз?
– Биринчиден, ички ынтымагыбыз болушу керек. Азыр көчөгө чыгып эле “кетсин!” деп кыйкырып жатышпайбы. Макул кетсин, анан ким келсин? Кептин баары ушунда. Эгер ынтымактуу болбосок баягы эле таз кейпибизге келебиз. Андыктан бийликтин катачылыгы эмнеде, кандай жасасак оңолобуз дегенди сүйлөшүү жолу менен чечпесек арты өкүнүчтүү бүтөт. Барыдан мурда коррупция менен катуу күрөшпөсө болбойт. Ал эми коррупция менен күрөшүүчү органдарда ыйгарым укуктар жетишпейт. Демократияны биз такыр башкача түшүнүп калдык. Демократия деген эмне? Эгер ар бир жаран мамлекеттин тагдырын талкуулап жатканда өз оюн айта алса, ушул демократия. Анан баары бир пикирге келет. Ал эми аны аткаруу диктатордук жол менен болушу керек. Эгер аткарбаса түрмөгө отурушу керек. Бизде аткарууга келгенде көрүнгөн эле былжырап жатат. Кабыл алууда, аткарууда баш-аягы жок талкуулап, ойду-тоону сүйлөй берсек, бул демократия эмес. Ал ээнбаштык. Жадагалса Манастын тушунда да аскердик демократия болгон. Алгач эл, Бакай, Кошой болуп талкуулашкан, кийин унчукпай аткарышкан.

Келдибек НАЗИРОВ, «Агым», 27.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.