Жалал-Абад облустук театрында сырттан келген актерлор үчүн шарттар жок

Жалал-Абад облусттук Барпы атындагы кыргыз драма театрында учурунда 15 артист иштеп жатат. Театрдын директеру Б.Сыдыковдун пикиринде бул республикадагы профессионалдык театрлардагы актердук составдардын саны боюнча эң аз көрсөткүч. Ошондуктан теардын администрациясы Кыргыз Республиасынын маданият жана маалымат министрине кайрылып, Бишкектеги атайын театралдык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн 5 актерду чакыруу макулдашылган.

Бирок аларды Жалал-Абад шаарында иштеп, жашоосу үчүн шарт жок болгондуктан, театрдын директору Б.Сыдыков турук жай маселесин чечип берүнсүн сурап Жалал-Абад облусунун губернатору К. Масировго кайрылды.

А.Алимова, «Кабар» МА, 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.