Журт атасы болуу – азап

Мохандас (Махатма) Ганди (1869-1948)

Индиянын улуттук-боштондук кыймылынын анабашчы идеологу. Анын философиясы улуттук жана эларалык деңгээлдеги зордук-зомбулуктарды мокотконго кадыресе таасир тийгизгени белгилүү.

Атасы Карамчан Ганди индустардын каста тобундагылардын соода тиричилигин жөндөгөндөрдүн бири. Кийинчерек Порбандардын княздыгынын башкы министри болуп турган. Ал дайыма өзүнүн үйбүлөсүн улунуп-жутунбаганга, кыбыр эткен майда жандыктарды да зыянга учуратпаганга үйрөтүп, дин менен адамдардын ыйкы-тыйкы мамилесине этият, чыдамдуу болууга тарбиялаган. Өзү бардар жашагандыктан балдарынын сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүгү кенен болгон.

Индустардын салты боюнча баласы Мохандасты Кастурба Маканжи аттуу кыз менен 7 жашында кудалашып, 13 жашында эле үйлөндүргөн. Мектепти аяктаган соң 19 жашында юристтик билим алуу максаты менен Англияга бара тургандыгы каста тобундагылардын арасында чоң чууга айланат. Бизче айтканда, Мохандас Гандинин Европадан билим алуусуна уруулаштарынын куйкасы курушат. Батыштын адат-үрпкө ылайык келбес аркандай жорук-жосундарына көнүп, ичкилик менен эт даамын татмайын келмек беле деген тейде, “топурагыбызды түйүп бердик” дешип, топтун катарынан чыгарып салышкан. Салт-санаага бекем, эски көзкараштан чыкпаган иркектештеринин мындай такыба жосуну Мохандаска албетте оңбогондой оор тийет. Себеби, индустар мындайды киши катарынан чыгып калуу деп эсептеген.

1891-жылы Ганди Англиядан окуусун аяктап келип, мекендештерине сууктумшук көрүнсө да, бирок өзү табиятынан акылы тунук жан үчүн бара-жүрө мыкты адвокат, саясый көсөмгө айланат. Андай жөндөмдүүлүгүн (1893-1914) адегенде түштүк Африкадагы расалар ортосундагы тебеленип келген адам укуктарын тынчтык жолу менен коргоодо көрсөткөн. Британ империясынын алдында көзкаранды болуп келген түштүк африкалыктар зордук-зомбулуксуз деле өзүн-өзү башкарууга кудуреттүү эл экенине бийлик төбөлдөрүнүн ишенимин арттырган. Арийне, анын адам таануу касиетине таасир эткен бирден-бир рухий устаты Лев Толстой болгон экен. Көсөмдү көсөм тааныган үчүн Мохандас Гандинин акыл-эс кубатын ээрчигенге эл да аргасыз эле.

1915-жылы түштүк Африкадан биротоло өз мекенине келип, индиянын улуттук боштондугу үчүн адилеттүү жол издеген саясый кыймылдын идеологиясын жетекке алгандан баштап, көп өтпөй улуттук конгресстин жолбашчылыгы мойнуна жүктөлөт. Ал ошондон тартып нечен жылдар бою укугунан ажырап, биротоло бийликке моюн сунуп калган момун калкты чыйралтууга жанар тоодой жанып, “Индия даанышмандыгы” аттуу жумалык гезитти чыгарууга белсенет. Гезит ага эмнеге керек эле? Карапайым калк туюмун тунартып, акылын агартуу үчүн. Калыбы, гезиттин аба менен суудай зарыл экендигин аңдаган…

Кийин текебер саясатка каршы ачкачылык жарыялоо идеясын (1918-ж) негизинен Махатма Ганди жайылтат. Англичандар Роулетта мыйзамынын негизинде индустардын укугун чектөө аракетин күчөткөн сайын, ага каршы миңдеген каратамандарга эркеч болуп алдыда жүргөндүктөн, бийлик эгелерине Махатма Гандинин чечкиндүү кадамдары чоң тоскоолдуктарды жаратат. Себеби, англичандар репрессия жолу менен коркутуп-үркүтүүнү улантып, ал эмес 379 индиялыктарды ит аткандай атып салганына жаны жай албаган Мохандас эчкандай күч колдонуусуз, болгону тунук акылына таянып иш кылган. Бийлик зарпы канчалык зулум болгон сайын ал да ошончолук чечкиндүү кадамдарды тандайт.

Атамекендик майда өндүрүштү коргоо саясатын жандантыш үчүн мекендештерин британдыктар өндүргөн кездеме товарларды колдонбоого чакырып, “өз жөндөмүбүз, өз колубуз менен товар өндүрүүгө жарамдуу эл экенибизди көргөзөбүз” деген “ээнбаштыгы” үчүн аны Британия бийлиги 6 жыл абакка буюруп, бирок кандайдыр бир себеп менен (1922-1924-ж.ж.) эки жылдан кийин кайра бошотулган. Арийне, бийликтегилердин аркандай өктөм чараларынан тайманбастан, өзүнүн конструктивдүү программаларынын негизинде иш-аракеттерин улай берген. Атүгүл мусулман-индус бирдиги, аялдар укугу, башталгыч мектептердин билим сапаты ж.б. социалдык көйгөйлөр боюнча демилгелерди көтөрүп, англичандардын чекесине чыккан чыйканга айланат.

Акыры жүрүп 1929-жылы 26-январда аталган кыймыл Индияга улуттук-боштондук күнүн шардана кылып, Махатма Ганди биротоло жолбашчылыкка бекийт.

1932-жылы бийлик аны түрмөгө кайра отургузууга аргасыз болот. Бирок абак ичинде отурса да, саясый активдүүлүгүнөн баштартпай, ачкачылык жарыялоо жолу менен каршылык көрсөткөнүнө бийликтегилердин уйкусу бузулат. Анын өлүмдөн кайра тартпас көктүгүнөн Англия бийлиги кадыресе абдаарып, акыры бошотуп тынууга аргасыз болот. Себеби, бийликтин дарегине Махатма Гандинин өлүмү биротоло жаманатты алып келе турган абалга чейин жетет. Албетте, андан кийин да Мохандасты бирнече жолу түрмөгө камашканы менен анын майтарылгыс кайраты бийликтин бардык аракетине оң натыйжа берген эмес. Тескерисинче, бийлик мизи улам мокоп, таасири төмөндөйт. Жаагер бийлик забынан канча ыдык көрсө да, жалтанбаган эрдиги караламан калктын кайратын бекемдеп, аң-сезимине жарыктын тамызгысы болгон.

Англичандар 2-дүйнөлүк согуштан кийин Индияны өз карамагына баш ийдирүүгө мүмкүн эмес экенине толук көзү жеткенде гана 1947-жылы индустар менен мусулмандардын ортосуна от жагып коюп, чекеге чыга берген. Анын натыйжасында кагылышуу күчөп отуруп, акыры Индостан экиге бөлүнүп тынат. Ал өлкөлөр бүгүн кайсы? Индия жана Пакистан.

Турмушунда…
Махатма Ганди ардайым өзгөлөр суктанган өз илим-билимине канаттанбай жашаган. Башкаларды курулай акылга үгүттөгөндөн алыс болгон. Дилинде Лев Толстойдун илими менен жашап, атактуу “Махабхараттын” философиясынын түпкү өзөгүндөгү адам насилине таазим кылган. Өзүнүн “ашрам” мектебин негиздеп, шакирттерин курулай чечендикке эмес, иштин көзү таба билүүгө үйрөтөт.

дамдын күнүмдүк турмуштагы муктаждыгы эмнеде? Кийим жана тамак-ашта. Ошондуктан өзү баш болуп, кулак-мурун кескендей жымжырттыкта отуруп, чөп-чардан даярдалган азык-түлүк, кийим токуу менен машакаттанган. Шакирттери анын так ошол көрсөтмөсүн илгиртпей кайталап, “Улут атасынын” жеңилин жерден, оорун колдон алып турушкан. Анткени, үй шартында болсо да кийим тикчү станоктордо кол менен товар өндүрүү чабал өлкөнүн коомдук турмушундагы реалдуу экономиканы көтөрүүгө кыйла көмөк болоруна көздөрү жеткен. Ушул эң жөнөкөй жол менен Индия өндүрүшү өзүнөн кыйла чапчаң Британиянын өндүрүшү менен жарышууга аргасыз болгон. Башка жол да жок эле.

Саясаттан жана өзүнүн чыгармачылыгынан бошой калган учурда ардайым станокко жүгүрүп, катардагы тикмечилер менен бирге өндүрүшкө өзү аралашкан. Атак-даңкы эл арасында канчалык дүңгүрөп турса да эң жупуну, эң кедей жашагандардын арасында ал да болгон. Жашаган тууру тактайы жок жапырайган үй болсо да Британия менен Индиянын аттуу-баштуу саясатчы, чыгармачыл инсанаттары босогосунан байма-бай каттап турган. Бой-турпатынын салмагы – 45 кг. болсо да, ошол сакадай бою алп дүйнөнү алып жыгылчудай сүр берип, аска тоодой тирек болгонуна акылы айран Альберт Эйнштейн “мындай адам арабызда болгон-болбогонуна кийинки муундагылар ишенерине ишенбейм” деген экен.

Гандинин адамзатка калтырган насыйкаты:
Зергерлик мээнет болмоюн – жез, күмүш, алтындын куну да сокур тыйынга татыбайт.
***
Көпөстөрдүн көзүн май баспасын, анда эле букаралардын бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан агат.
***
Гезит – чоң күч. Анын күчү аңызды ээ-жаа бербей каптаган шар суудай, барын ойрондойт. Ээнбаш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт. Эгер гезитти ким бирөө сырттан көзөмөлдөп турган болсо, анык кокуй ошол. Андан көрө, көзөмөлсүз болуп же көзөмөлдү сырттан эмес, ичтен кылганда гана чоң муктаждыкты жаратат.
***
Жер пенделеринин мүдөөсүн канааттандырганга аалам койну ушунчалык кенен, бирок ачкөздүгүбүзгө келгенде аалам койну ушунчалык тар.
***
Маанилүү максатка каражат өзүнөн-өзү табылат.
***
Балээден оңой-олтоң кутулуш үчүн бирөөнү курулай кубантып, “макул” дегиче, “жок” деп, кесе айткан ийги.
***
Дүйнө канга кан менен жооп берген үчүн сокурдай карайлап отурат.
***
Көздөгөн жыргалчылыгына жетиш үчүн Британия планетанын жарымын олжо кылганга туура келди. Индияга деле ошол деңгээлдеги жыргалчылыкка жетиш үчүн канчалаган планета керек?
***
Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ырахаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга кур сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз.
***
Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз.
***
Саясый эркиндиктен мурда тазалык маселеси маанилүү.
***
Адегенде сени эчким көзүнө илбейт. Кийин шылдыңдай башташат. Андан соң сени менен кармашканга өтүшөт. Акыр аягы жеңип чыгасың.
***
Сөздүн түз маанисинде, цивилизацияга жетүү – каалооңду каалагандай канааттандырганда эмес, тескерисинче, ыктыярыңа жараша каалооңдун канча бирин чектөөдө.

Олжобай ШАКИР, «Айат», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.