Улуттук баатыр унутулабы?

(Мамыр Мерген уулу тууралуу учкай сөз)

Өткөндү эстеп, эскерип турмайын келечекке кадам коюу мүмкүн эместиги тууралуу канчалык жобураганыбыз менен өткөндүн артынан дуулдата сөз кыла турганы барлардын аты аталып, калган кыргыз намысын көтөргөн далай улуу инсандар көмүскөдө калып жатканы өкүнүчтүү. Мен муну менен бүгүнкү күндө баатыр аталып, эстелик белгилери коюлуп, ордун таап калган аталарыбыздын наамына шек келтиргим келбейт. Болгону, тарых чындыгын иргеп, калк үчүн каруусун казык кылган улуттук баатырларыбызды унутпай жүрсөк деген тилек менен кыргыз инсандарынын бири тууралуу ушул кайрылуу макаламды жаздым.

Кыргыз тарыхында өчпөс из калтырып кеткен, өз кезегинде “Куну Кокон кандыгына барабар” болгон тарыхый инсан Мамыр баатыр Мерген уулу тууралуу тарыхчылардын учкай изилдеп, иликтөөсүнөн сырткары эч бир жерде аты аталып, эскерилип, эстелик белги коюлган эмес. Мына ушул инсандын быйыл 170 жылдык мааракеси.

Мамыр баатыр өз кезегинде 1873-74-жылдары Кокон кандыгынынын эзүүсүнө каршы эки ирет миңдеген адамдарды куралдуу көтөрүлүшкө баштап чыгып, элибиздин эркиндигин коргоо үчүн тобокелге баш байлап, баатырдык жасаган. Мамыр баатырдын тарых айдыңындагы так маалыматтарын тарых илимдеринин доктору Кушбек Үсөнбаев жана тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов архивден таап, өз эмгектеринде, макалаларында эскеришкен.

Башкасын айтпаганда эле Кокон кандыгынын каны Кудаярдын Жети Суу облусунун башкаруучуларына жолдогон катында “Мамыр баатыр жеке эле Кокон кандыгы үчүн эмес, орустарга да сес көрсөтүүчү адам экендигин” белгилеп, ошол учурда Россия падышачылыгынын карамагына өтүп калган аймакта жүргөндүктөн колго түшүрүп, жазалап берүү өтүнүчү менен кайрылгандыгы белгилүү. Кудаяр кандын өтүнүчүн аткаруу максатында Нарындан атайын элүү атчан, жыйырма жөө казак-орус жоокерлери жөнөтүлүп, 1874-жылы июнь айында Мамырды Осмон деген жарма досунун жардамы менен Тогуз-Торонун Капка деген жайлоосунда алдап колго түшүрдү деп айтылат. Мамыр баатыр Токмокко айдалып келгенде комуз сурап, арман күү чертип, эл менен коштошконго чейинки маалыматтары айтылат да, кызык жери ошол казак-орустар менен ким барып баатырды кармоону уюштургандыгы көмүскөдө калган. Себеби, эндекей жаткан Тогуз-Торонун баатыр мүнөз эли жоокерлер бара койсо эле Коконду сестентип, шаштысын кетирип турган, канды орустарга чөгөлөөгө аргасыз кылган, миңдеген адамдар туу туткан инсанды кармап бере койгон пастыкка барышы мүмкүн эмес эле. Бул табышмак да учуру келгенде чечилээр.

Токмокто өкүм окулуп, Мамыр Мерген уулу 1874-77-жылдары бүгүнкү Казак Республикасына караштуу Лепси станциясында сүргүндө болгон. Кокон кандыгынын бийлиги кулагандан кийин Мамыр баатыр түрмөнүн жетекчисине жазган арызынын негизинде сүргүндөн бошотулган. Мына ушул жерде кошумчалай кетчү нерсе тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун топтогон архивдик маалыматтарында Мамыр Мерген уулунун түрмөнүн жетекчисине жазган арызы, үй бүлөлүк абалына чейинки архивдик маалыматтар такталган.

Мамыр баатырдын эл башкарган бий, же болбосо күтүрөтүп мал айдаган бай болгондугу белгиленбейт. Кечээги токсонунчу жылдардын акырына чейин көк тиреп турган “Мамырдын теректери” аталган бак дарактар анын жай жашоодо багбан, дыйкан оокатына тың адам болгондугун айгинелейт. Ал эми санжыралык маалымат боюнча Мамыр баатырдын чоң атасы Базарбайдын чоң коргону азыркы Базар-Коргон айылында болгондуктан, ошол айланага эл отурукташып, соода-сатык болуп, соодагерлердин караан туткан жайына айлангандыгы үчүн Базарбайдын коргону турган Тентек-Сайдын сол жээги Базар-Коргон атыгып кеткен. Бүгүнкү күндө бир чоң райондун аталышы ушул тарыхый инсандын чоң атасынын айдыңы менен айтылат.

Ал сүргүндөн бошоп, өзү туулуп өскөн Базар-Коргондогу Акман өрөөнүнүн Колот айылына келгенде карапайым элди орус оторчулары кокондуктардан эки эсе кыйнап, кордоп, басмырлап жатканын көрөт. Задисинде баатырдык дымагы бар Мамыр Мерген уулу орустарга каршы тарыхта “Жетим кандын көтөрүлүшү” деген ат менен үзүл-кезил учураган 1878-жылдагы массалык колдоого ээ болбой калган Анжиян аймагындагы кыймылдын алдыңкы сабында болгон. Мамыр баатыр орус падышачылыгынын жергиликтүү башкаруучуларына каршы чыккан көтөрүлүшчү катары 1879-жылы кырк жашында даргага асуу жолу менен өлтүрүлгөн. Анын жазалангандыгы тууралуу тарыхый маалымат тарых илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Кушбек Үсөнбаевдин эмгектеринде белгиленген. Санжырачы Абдишарип Тургумбаевдин айтуусу боюнча “Мамыр баатырды Анжияндын базарында падышалык Россиянын жергиликтүү башкаруучуларынын буйругу менен даргага асып, сөөгүн шаардын Бирпостун деген жерине көмдүрүп, жоокерлерге кайтарткан. Туугандары жана баатырды сыйлаган шакирттери кайтаруу токтогондон кийин мүрзөдөн сөөктү казып алып, Колот айылынын күн батыш тарабындагы Айгыржал деген дөңсөөдөгү мазарга атасы Мергендин жанына койгон. Үй бүлөсүнө баатырдын өлүмүн эл жайлоого чыгып, кайра күздөөгө келгенде угузган.”-деген маалыматтар бар.

Ошондой эле учкай маалыматтар кыргыздын алгачкы профессионал тарыхчысы Белек Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы” деген китебинде да учурайт. Мургаптык карыя Мыйманбай Мамыт уулунан акын Өмүрбек Тиллебаев жазып алган “Абдылдабектин арманы” деген ырында Мамыр баатырды:
…Тилла калкан кийинип,
Жоо дегенде сүйүнүп,
Эңкейиште эр сайып,
Экөөнү катар тең сайып,
Баатыр Мамыр баш болуп,
Айтса көңүл каш болуп…” -деп сүрөттөгөнү да тегин жерден эместир. Тарыхый булактарга негизденип тактаган материалдар тарых илимдеринин докторлору Анварбек Хасановдун, Токторбек Өмүрбековдун, тарых илимдеринин кандидаты Бектемир Жумабаевдин жана башкалардын эмгектеринде бар. Булардан сырткары окмуштуу-илимпоз Омор Соороновдун “Мундуздар”, Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун “Тарыхтагы ак тактар” аттуу китептеринде Мамыр баатырдын жасаган эрдиктери чагылдырылган. Жогорудагы айрым илим адамдарынын эмгектерин мисал келтирип жатканым тарыхый улуттук баатырга күмөн санагандар болсо таанышып алышса деген ой. Учурунда өз жеринде кор болгон кыргыз элинин эркиндиги үчүн баш сайып, баатырдык көрсөткөн инсандын атын түбөлүккө калтыруу аракеттери мамлекеттик деңгээлде жасалса деген тилек менен төмөндөгүдөй сунуштарды айтаар элем:
Биринчиден, Мамыр Мерген уулунун мааракеси өткөрүлүп, Бишкек калаасынын жана Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнө баатырдын ысымы берилип, эстелиги коюлса.
Экинчиден, Мамыр баатыр туулуп өскөн Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот, Кайрыма, Жаңы-Көчө айылдары бириктирилип, Мамыр баатыр айылы деген расмий ат берилип, көрүнүктүү жерге баатырдын эстелиги орнотулса.
Үчүнчүдөн, тарыхый-адабий булактарга улуу инсан тууралуу урунттуу учурлар кийирилип, кеңири окутулса.

Султан АБДЫРАКМАНОВ, “Кыргыз Туусу”, 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.