“Жүрөктөгү жазуулар”

Китептин аты айтып тургандай, акын Масалбек Шабдановдун бул жыйнагында өзү айтып бере албаган жан сырдын жашыруун, ыйык сырлары жүрөгү аркылуу берилиши окурманды ойлонтпой койбойт. Кыргыз поэзиясында көптөгөн чыгаан акындар бар экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Бирок дүйнөлүк деңгээлге чейин көтөрүлгөн, Жусуп Баласагын бабабыздын, ааламдын аалымы катары таанылган Чыңгыз Айтматов атабыздын, кыргыз элинин сомунда, тирүүлөрдүн колунда жүргөн армандуу акын Алыкул Осмоновдун, бактысы тирүүсүндө баркталбай, көзү өткөндө дүңгүрөгөн булбул акын Байдылда Сарногоев агабыздын чыгармалары кыргыз элинин туусу, сыймыгы, рух дүйнөнүн байлыгы, чыныгы таланттын өлбөстүгү экендигине күбө. Учурда он беш жыл аралыгында кыргыз поэзиясы кандай абалда калгандыгына азырынча бир да сынчы баа бере элек.

Алгач акындын “Ата Журт” деген ырына токтолсок:
Күн окшоп кара түндү жарып турган…
Кабаанын ташы өңдөнүп жанып турган…
Кан болуп кан тамырда агып турган…
Каректей нур шимирген Ата Журтум…
Көөдөндө жүрөгүмсүң!.. Кагып турган!..

Мына окурман, өзүң калыс болуп, ыйманыңды аттабай ойлонуп окусаң, бул саптарда не деген ажайып рух күчү, рух дөөлөтү, рух байлыгы, рухтун өлбөстүгү берилген. Бул саптар кыргыз поэзиясындагы жаңылык десек аша чапкандык эмес. Ата Журт жөнүндө жазбаган акын аз, миңдеген акындар ырларын арнашкан. Бирок, мекенин “балам” деп бир да акын жаза элек.

Ата Журт мага ата эмес,
Артымда калаар
баламсың…

Чынында эле бу дүйнөдөн өтпөс адам жок, баары өтөт, артында жалгыз Ата Журт калаарын акын жүрөгү аркылуу философиялык мааниде берген. Акындын Теңирге, пайгамбарларга, даанышман олуяларга, өмүргө, өлүмгө, жашоо-турмушка, ач көз, ыймансызга, алдым-жуттум, бети кара ушакчы, жалганчы, көрө албас көр көңдөйлөргө, арамдык менен эл насибин соргон көр көпөстөргө, абийир намысын, ыйык Ата Журтун, ыйык руханий байлыгын, тилин, дилин, байыркы замандан келаткан түптүү кыргыз элдин адеп-ахлак, аруу дөөлөтүн, керек болсо бийлик-байлык үчүн кыргыз элин-жерин саткан көрпенделерге жазгандары, кийинки муундарга даана, ачык, таза-рух ыйман жолун көрсөтүүгө жасаган аракети деп түшүнсөк болот. Акындын бул жыйнагында, мурда жарык көргөн жыйнактарынан да тандалып алынган ырлары топтолгон.

Ааламды башкарып турган кудуреттин, пайгамбарлардын, кайып болуп тирилген олуялардын ыймандуу, рухтун түбөлүктүүлүгү жер шарында адамдык тирүүлүктү коштоп тураарына толук ишенгендигин ачык жазат. Акындын ырларынан, ыйыктык, кудуреттиктин таза илеби согуп, окурманды өмүр үчүн, ыйык ыйман үчүн, Ата Журт үчүн, Манастан калган ыйык кыргыз эли үчүн жар чакырып, арттагы жаш муундарды өзүнөн бийик, өзүнөн ыймандуу, өзүнөн акылдуу, өзүнөн билимдүү, руханий жактан өзүнөн бай болуусун жана өмүрдү, тирүүлүктү, акыл-эс менен баалоосун жүрөктөгү ыйы менен айтып тургандыгы өзгөчө баалоого татыктуу.

К. ДАУТОВ, акын, сынчы, “Кыргыз Туусу”, 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.