Египет кыргызстандык студенттерди Каир университетинде окутуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Египет кыргызстандык студенттерди Каир университетинде окутуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев Египеттин КРдагы элчиси Абдулла Омар Аларноси менен жолугушкан учурунда белгилүү болду.

А.Мусаевдин сөзүнө караганда, көптөгөн кыргызстандыктар Египеддин жогорку окуу жайларында, негизинен Аль-Аскар унверситетинде окушат.”Биз кызматташтык аймагын светтик билим берүүдө кеңейтип, биздин студенттер Каир университетинде окусабы дегенбиз “,-деди министр жолугушуу учурунда.

Мындан тышкары А.Мусаев Египет менен Кыргызстан биргелешкен илимий изилдөө жүргүзүүгө мүмкүн деп белгилеп өттү. Өз кезегинде элчи бул тууралуу өз жетекчилигине билдирээрин убада кылды.

“Zpress.kg” МА, 02.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.