Каракол менен Ош шаарларында симфониялык концерттик тур өтөт

Ушул жылдын апрель айында Ысык-Көл жана Ош областарында А.Жумахматов атындагы Мамлекеттик чоң академиялык симфониялык оркестрдын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери менен окутуучуларынын концерттик туру өтөт. Бул туурасында Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, концерттик тур Каракол шаарында 10-апрелде К.Жантөшев атындагы областык драма театрда, ал эми Ош шаарында 24-апрелде С.Ибраимов атындагы драма театрда өтөт. Бул аймактарда симфониялык музыка акыркы 30 жылдан бери жаңыра элек. Анткени Кыргызстанда симфониялык оркестр Бишкекте гана бар.

“Каракол жана Ош шаарларында музыкалык мектептер жана окуу жайлар бар жана алар профессионал музыканттарды даярдап чыгарат. Бирок профессионалдуу мугалимдердин, музыкалык аспаптардын жана ноталык материалдардын тартыштыгы аймактагы классикалык искусствонун өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жаратууда. Бул долбоор Кыргызстандын аймактарында классикалык музаканы өнүктүрүү жана жаш таланттарды табуу максатында өтүүдө”, – деп белгилешет иш чараны уюштуруучулар.

Концерттик турда Камил Сен-Санс, Эдвард Григ, Петр Чайковский, Ференц Лист, Джордж Гершвин жана башкалардын чыгармалары аткарылат. Ошондой эле иш чаранын алкагында консерваториянын окутуучулары тарабынан мастер-класстар өткөрүлөт.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 02.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.